“Жунда” заводуна бензиндин өндүрүшүн көбөйтүү тапшырмасы берилди

Кара-Балта шаарында “Жунда” заводу.

Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы “Жунда” заводуна айына 24 миң тонна бензин өндүрүү, ушул жылдын аягына чейин бул көлөмдү 50 миң тоннага чейин жеткирүү тапшырмасы коюлду.

Бул тууралуу президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев билдирди. Ал ишкананын ишмердиги жана чыгарылган продукциянын лабораториялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын көргөнү барганда айтты.

“Мындан тышкары “Кыргызская Нефтяная Корпорация” ЖЧКсы менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу тапшырылды. Коюлган милдетке ылайык, мамлекеттик компания кайра иштетүү үчүн заводго чийки зат жеткирүүнү камсыз кылат, ал эми өндүрүлгөн мунай заттары ички рынокту туруктуу камсыздоо үчүн Кыргызстандын ички рыногуна толугу менен багытталат”, - деди ал.

Орусиянын көптөгөн аймактарында жана Москва аннексиялап алган Украинанын аймактарында июнь айында бензин тартыштыгы байкалып, баа кескин кымбаттай баштаган. Буга украиналык дрондордун орусиялык мунай иштетүүчү заводдорго жасаган чабуулдары себеп болгону айтылууда.

Кыргызстан күйүүчү майдын 90-95 пайызын Орусиядан импорттогондуктан ушул тапта Кыргызстандагы айрым май куюучу жайларда АИ-95 жана АИ-98 үлгүсүндөгү бензиндин тартыштыгы байкалууда. Өлкөнүн жылдык керектөөсү орточо 1,5 млн тоннаны түзөт.

Кыргыз өкмөтү абалды жөнгө салып, бензин, солярканын баасы кескин кымбаттап кетишин алдын алуу үчүн күйүүчү май ташыган жана саткан ишканаларга 25-майдан тартып убактылуу субсидия бере баштаган. Ал 30-сентябрга чейин уланат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев кыргыз өкмөтү күйүүчү майды Орусиядан башка да өлкөлөрдөн ташып келүү жолдорун караштырып жатканын айткан.

Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы “Жунда” заводу 2024-жылы 30-августта кайра ишке берилип, аны модернизациялоо башталган. 2023-жылы октябрда “Жунданы” калыбына келтирүү, модернизациялоо боюнча Кытайдан жумушчу топ келген. “Жунданын” иши 2019-жылы токтоп калган. Алгач анын себеби айтылбай, 2020-жылы пандемияга байланыштуу экени кабарланган. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары завод коррупциянын айынан иштебей турганын, текшерүүлөрдөн тажап, ишин токтотуп койгонун айтып чыккан.

“Жунда” жыл сайын 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан. Кытайлык инвестор аны курууга 300 миллион доллар жумшаган. Завод 2013-жылы ишке берилип, бир жылдан кийин аз убакытка өндүрүшү токтоп, кайра уланган.

2015-жылы ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча кызмат (Финансы полициясы) заводдун айрым кызматкерлерине “салыкты жашырды” деген айып менен кылмыш ишин козгогон. 2018-жылдын аягында Жайыл райондук соту бул ишти карап, “кылмыштын курамы жок” деген негизде аларды актаган. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте коомдук транспортто жол кирени накталай төлөө токтотулатЛицензиясы жок такси кызматын көрсөткөндөргө айып салына баштайтАсаналиев УКМКны, Бектурганов Башкы прокуратураны жетектейт. Кадр алмашуунун себеби эмнеде? Катар: АКШ менен Ирандын өкүлдөрү бул аптада Дохада жолукпайтВенесуэладагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 1700дөн аштыБашкы прокурордун милдетин Малик Бектурганов аткарат