Мамлекет башчы Садыр Жапаров 30-июлда Ысык-Көлдө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге I даражадагы “Манас” орденин тапшырды.
“Ынтымак ордо” мамлекеттик сыйлык Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана эки элдин ортосундагы достукту чыңдоого кошкон зор салымы үчүн ыйгарылганын билдирди.
Шавкат Мирзиёев бул орденди өзүнө көрсөтүлгөн сый-урмат катары гана эмес, эки мамлекеттин ортосундагы достукту, ынак коңшулаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо боюнча биргелешкен аракеттерге берилген жогорку баа катары кабыл аларын айтты.
Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарында Чечме булагын биргелешип пайдалануу, эки өлкөнүн Коргоо министрликтеринин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу сыяктуу бир катар документтерге кол коюлду.
Садыр Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы өткөрмө бекеттер 15тен 30га чейин көбөйө турганын билдирди. (BTo)