Улуттук банк валюта базарына 196,2 млн доллар чыгарды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкы 11-августта валюта базарына 196,2 млн доллар чыгарды. Бул быйылкы жылдын эсебинен тогузунчу ирет жасалып жаткан интервенция. Буга чейин 14-июлда башкы тескөөчү банк валюта базарына 186,4 млн доллар чыгарган. Ал эми 29-июнда жыл башынан берки эң ири интервенцияны жасап, 222 млн 500 миң доллар саткан.

Жыл башынан бери жалпысынан 1,699 млрд доллар интервенцияланган.

2025-жылы жалпы сегиз жолу интервенция жүргүзүлүп, 853 млн доллар сатылган.

Улуттук банк өлкөдөгү доллардын курсун бир калыпта кармоо үчүн валюталык интервенция жасап турат. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат.

Улуттук банктын 11-августтагы көрсөткүчүнө ылайык, 1 АКШ доллары - 87,45 сом, 1 евро -101,1 сом, 1 рубль - 1,06 сом, 1 казак теңгеси - 18 тыйын, 1 кытай юаны - 12,96 сомго бааланууда. (ZKo)

Дагы караңыз

Орусия: Воронежде Wildberries'тин логистикалык борбору, Орскиде мунай заводу күйүп жатат Орусиянын соккулары алты, Украинанын чабуулдары бир кишинин өмүрүн алды "Ынтымак Ордонун" өкүлү бажыдагы схемалар боюнча Кенжебаевдин талаштуу видеосуна жооп бердиТемирлан Султанбеков соттун жабык өтүшүн "акмакчылык" деп атады"Бийликти басып алууга" айыпталган саясатчылардын соту жабык уланмай болдуЫсык-Көлдө "Асман" шаары үчүн дагы 654 гектар жер бөлүндүБыйылкы окуу жылында жаңы 28 мектеп жана 3 бала бакча пайдаланууга берилет