Анын үстүнө Коргоо миниcтрлигинин айланасындагы кризис тынчый элек. Украин жетекчилиги согуш абалында, өлкө аймагынын 20 пайыздайын орус аскерлери басып алган маалда добуш берүү уюштуруу мүмкүн эмес деп айтып келет. Акыркы жолу украиналыктар мамлекет башчыны 2019-жылы шайлашкан.
Үстүбүздөгү жумада да Киевдин борборунда Михаил Федоровдун колдоочулары аны кызматка кайтарууну талап кылышты.
"Президент менен сүйлөшүүнү каалайбыз. Эл алдына чыгып суроолорубузга жооп берсин. Депутаттар эс алуудан тезирек чыгышсын, Федоровду коргоо министри кызматына кайтарышсын", - деп айтты Рейтердин кабарчысына Мария аттуу жаран.
Митингчилер жарандык коом менен өкмөт ортосундагы диалогго чакырышты, Федоровдун тушунда башталган реформаларды улантуу керектигин айтып жатышты.
Бул өңдүү нааразылык акциялары украин башкалаасында бир айдан бери токтобой келатат.
Популярдуу саясатчылардын бири болуп эсептелген Федоров 18-августтун кечинде YouTube каналындагы кайрылуусунда шайлоо өткөрүүгө үндөдү:
"Демократия Орусиянын барымтасында калбашы керек. Биз эркин европалык өлкө бойдон калуу үчүн согушуп келатабыз. Узак согуштун шартында да толук кандуу демократиялык процессти жандандыруу үчүн мыйзамдуу, коопсуз жана реалдуу механизм табууга тийишпиз".
Экс-министр Украина башкаруунун терең жана кеңири кризисине батканын, эски система өзүн коргоп, өз эрежелери менен гана жашап калганын, өзгөрүүлөрдөн коркконун сындады. Конкреттүү адамдарды атабастан, мамлекеттик органдар малынган коррупция өлкөнүн Орусия менен согуштагы аракеттерине залака тийгизгенин белгиледи.
"Согуш дагы бир, эки же үч жыл уланса, анда украиналыктардын бийликти шайлоо укугу Орусиянын колуна өтөбү? Мен андай болбойт деп ишенем", - деп кошумчалады экс-министр.
Михаил Федоров
Украин бийлиги согуш абалында шайлоо өткөрүү мүмкүн эместигин, ага өлкөнүн мыйзамдары да жол бербесин айтып келет. Согушка байланыштуу 2023-жылдагы Жогорку Раданын жана 2024-жылдагы президенттин шайлоосу өткөн жок.
Президент Владимир Зеленский миллиондогон украиналык согуштан качып өлкөнүн батыш аймактарына же чет жактарга кеткенин, укриан жеринин 20% жакынын Орусия басып алганын буга чейин бир нече жолу, анын ичинде 2025-жылы АКШнын президенти Дональд Трамп менен кездешүүдө эске салган:
"Биз шайлоо өткөрүүгө ачыкпыз. Добуш берүүнүн коопсуздугун камсыздоо зарыл. Парламент бул жаатта аракет көрүшү керек, себеби согуш маалында шайлоо уюштура албайбыз. Элдин ачык, мыйзамдуу, демократиялык шайлоого катышуусу үчүн майданда, асманда жана деңизде ок атышууну токтотуш керек".
Орусиянын Харьковго соккусунун кесепети. 18-август, 2026-жыл
Москва Зеленскийди легитимдүү эмес деп атап, Трамп бийликке келгенде президенттик шайлоо өктөрүлмөюнчө Киев менен сүйлөшүүлөргө барбай турганын эскерткен.
"Украинская газета" мындан эки айдай мурун жазгандай, шайлоо өктөрүлсө, Зеленскийге биринчи айлампада шайлоочулардын 33%, Куралдуу күчтөрдүн мурдагы башкы командачысы, Лондондогу элчи Валерий Залужныйга 22%, президент администрациясынын жетекчиси Кирилл Будановго 14% добуш берүүгө даярдыгын билдирген.
Ал эми экинчи турда азыркы президентке респонденттердин 32%, Залужныйга 37% ишеним көрсөтөрүн айткан.
35 жаштагы Михаил Федоров Коргоо министрлигин болгону жарым жыл жетектеди. Аны кызматтан алганда президент министр менен куралдуу күчтөрдүн ошол кездеги башкы командачысы Александр Сырский менен пикир келишпестиктерди атаган.
Федоров дрондорго жана санарип технологияларына басым жасап келди.
Маалыматтарга караганда, Зеленский башка кызматтарды сунуш кылган, бирок ал коргоо министрлигин жетектөөгө кайтууга гана макул болгон.
Федоров сөз болгон кайрылууну президент Евгений Хмаранын талапкерлигин министрликке көргөзгөндөн кийин жасады. Талдоочулар анын мурдагы кызматка кайтып барбасына көзү жеткенин айтышат.
Зеленскийдин кеңсеси экс-министрдин кайрылуусуна байланыштуу азырынча комментарий жасай элек.