Казакстанда 23-августка белгиленген парламенттик шайлоо жаңы Конституция боюнча өтө турган алгачкы шайлоо жараяны болот. Жаңы Баш мыйзам 15-мартта республикалык референдумда кабыл алынып, 1-июлдан тартып күчүнө кирген.
Натыйжада 148 депутаттык орундан турган мурдагы эки палаталуу парламент — Сенат менен Мажилис ишин токтотту. Анын ордуна 145 депутаттан турган Курултай түзүлөт. Алардын баары партиялык тизме менен гана шайланат. Бир мандаттуу округдар жоюлду.
Бир мандаттуу шайлоо системасы Казакстанда 1995-жылдан бери иштеп келген. 1999-жылы ал аралаш системага өткөн. Депутаттардын бир бөлүгү партиялык тизме менен, дагы бир бөлүгү бир мандаттуу округдардан шайланган. 2007-жылы бир мандаттуу округдар биринчи жолу жоюлуп, шайлоо толугу менен пропорционалдык системага өткөн.
2022-жылдагы Январь окуяларынан кийин саясий реформалардын алкагында аралаш система кайра киргизилген. 2023-жылдагы шайлоо дал ушул система менен өткөн.
Эксперимент ушуну менен аяктады.
Казакстандык социолог, PaperLab көз каранды эмес изилдөө борборунун жетекчиси Серик Бейсембаевдин пикиринде, бир мандаттуу системанын киргизилиши коомдогу өзгөрүүгө болгон талапка жооп катары кабыл алынган. Бийлик калкты тынчтандырып, саясий системанын легитимдүүлүгүн бекемдөөнү көздөгөн. Бирок түз шайланган депутаттар көбүрөөк эркин боло башташкан.
«Парламенттин негизги функциясы кесипкөйлүк эмес, өкүлчүлүк. Парламентке жарандардын кызыкчылыгын билдирген адамдар келиши керек. Ким депутаттын компетенттүүлүгүн аныктайт, аны кандай өлчөм менен баалаш керек? Менимче, мажоритардык система киргизилгенден кийин аймактардан шайланган депутаттар, атүгүл өз партиясынын ичинде да, кыйла өз алдынча экени белгилүү болду. Анткени шайлоочулардын добушуна таянган депутат бул таптакыр башка депутат. Аны көзөмөлдөө кыйыныраак», — дейт социолог.
Бирок бул моделден баш тартууну буга чейин бир мандаттуу округдан шайланган айрым депутаттар да колдогон. Алардын жүйөсү боюнча, депутаттын көз карандысыздыгы анын натыйжалуу иштешине кепилдик бербейт. Тескерисинче, айрым учурда көйгөй жаратышы мүмкүн.
"Мен бир мандаттуу система менен иштей баштаганда партиялык тизме менен шайланган кесиптештеримдин кылганы кыйла натыйжалуу экенин так түшүндүм. Албетте, кесипкөй юрист катары мыйзам долбоорун кантип жазыш керектигин билем. Бирок аны жазуу бир маселе, ошол документти кабыл алдыруу такыр башка маселе. Эгер кайсы бир фракциянын депутаты өзүнүн долбоорун кабыл алдырууга жетише албаса, ага партиялаштары жардам берет. Ал эми биз бир мандаттуу округдан шайланган депутаттар баарын жалгыз жасашыбыз керек эле", — дейт 2023-жылы бир мандаттуу округдан Мажилиске шайланган Абзал Куспан.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. 10-октябрь, 2025-жыл.
Жаңы оюнчу
Эми парламенттик шайлоого катышуунун жалгыз жолу каттоодон өткөн жети саясий партиянын бири аркылуу баруу. Алар «Ауыл», «Ақ жол», Казакстандын Элдик партиясы, ЖСДП, «Байтақ», Respublica жана «Адилет».
Бул партиялар жалпысынан 545 талапкерди көрсөттү. Алардын 172си — аялдар. Талапкерлердин орточо курагы 45 жаш.
Бул шайлоо өнөктүгүндөгү негизги жаңы оюнчу «Адилет» партиясы. Ал июнда эле расмий каттоодон өткөн. Бул акыркы үч жылда каттоодон өтүүгө жетишкен биринчи жаңы партия.
«Адилет» президенттин реформаларын колдогон кыймыл. Партиянын төрагасы президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Айбек Дадебай. Курамына мамлекеттик башкаруу, бизнес жана коомдук сектордун өкүлдөрү, анын ичинде президенттин жээни Дана Медеуова да кирди.
Кыймыл катталгандан эки апта өтпөй, ага мурдагы «Нур Отан», кийин AMANAT болуп өзгөргөн партиясы кошулуу чечимин кабыл алды. Ошентип, ондогон жылдар бою өлкөнүн саясий аренасында үстөмдүк кылып келген партия өз ишин токтотту.
Партияда жоктор жана ЖМК
Ал эми партиялык билети жок адам үчүн эрежелер түп-тамырынан өзгөрдү. 2023-жылы ал керектүү документтерди чогултуп, өз талапкерлигин өзү көрсөтүп, бир мандаттуу округда жеңиш үчүн күрөшө алчу. 2026-жылы мындай мүмкүнчүлүк жок.
Дал ушул чектөөнүн айланасында «11М» аттуу жаңы кыймыл пайда болду. Анын аталышы кыймылдын демилгечилери Казакстандагы эч бир партияда жок деп эсептеп чыккан жарандардын санына байланыштуу. Уюштуруучулар аларды азыркы саясий партиялардан тышкары бириктирип, өлкөнүн саясий жашоосуна ушундай жол менен таасир этүүнү сунуштап жатышат.
«Негизги максат өлкөнүн 11 миллиондон ашуун жаранын саясатка кайтаруу. 1-июлдан тартып күчүнө кирген Конституциянын алкагында алар мындай мүмкүнчүлүктөн ажырады. Анткени шайланууга, өз талапкерлигин өзү көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк жок, башкача айтканда, мурда болгон бир мандаттуу округдар жоюлду. Биринчиден, өз талапкерлигиңди өзүң көрсөтө албайсың. Экинчиден, мен жактырган, ишенген, кесипкөй деп эсептеген адамга добуш бере албайм. Ал адам партия да түзө албайт, анткени аны каттабай коюшат», — дейт коомдук ишмер, Мажилистин мурдагы депутаты Владимир Дворецкий.
Добуш берүүгө бир жума калганда казакстандык жана эл аралык укук коргоо уюмдары көз каранды эмес маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө каршы козголгон кылмыш иштерине жана куугунтукка тынчсыздануусун билдиришти.
Алар атаган журналисттер менен блогерлердин арасында Динара Егеубаева, Лукпан Ахмедьяров, Александра Алёхова (Сенцова) жана Азамат Омаров бар.
Казакстандык журналисттер Александра Сенцова, Лукпан Ахмедьяров, Динара Егеубаева жана Азамат Омаров.
Укук коргоочулар журналисттердин кылмыш жоопкерчилигине тартылышын шайлоо өнөктүгү маалындагы өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы менен байланыштырууда.
Казакстандын маданият жана маалымат министри Аида Балаева жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишине негизсиз чектөө коюуга жол берилбеши керектигин айтты. Ошол эле учурда редакцияларды маалыматты текшерүүгө жана мыйзам талаптарын сактоого чакырды. Министр ошондой эле анын мекемеси журналисттердин социалдык тармактардагы аккаунттарын бөгөттөп жатат деген айыптоолорду четке какты.
«Маданият жана маалымат министрлиги социалдык тармактардын колдонуучуларынын, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары менен журналисттердин аккаунттарын бөгөттөбөйт. Мындан тышкары, мамлекет мындай аракеттерге жана сөз, пикир эркиндигин чектөөгө кызыкдар эмес», — деп билдирди Балаева.
Казакстандын маалымат жана маданият министри Аида Балаева.
18-августта Казакстанда журналистке каршы козголгон дагы бир чуулгандуу иш боюнча сот чечими чыкты. Сот Orda.kz басылмасынын мурдагы башкы редактору Гүлнара Бажкенованы сегиз жылга эркинен ажыратты. Бирок жазаны аткаруу мөөнөт эки жылга жылдырылды. Бажкенова өзүнө коюлган айыптарды четке какты.
Дагы караңыз
Казакстанда сот журналист Гүлнара Бажкенованы сегиз жылга эркинен ажыраттыБайкоочулар
Март айында жаңы Конституция боюнча өткөн референдумдан кийин өлкөдө көз карандысыз байкоочулардын иштөө шарттары өзгөрдү.
1-июлдан тартып «Шайлоо жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, казакстандык уюмдарга шайлоого түз же кыйыр түрдө байланышкан ишмердиги үчүн чет өлкөдөн каржы алууга тыюу салынды.
Ушул нормадан улам 2016-жылдан бери көз карандысыз байкоо жүргүзүп келген Казакстандын «Эркиндик қанаты» коомдук фонду мындан ары мындай иш менен алектенбей турганын билдирди.
Ал эми Казакстандын Жаштар маалымат кызматынын (МИСК) көз карандысыз байкоо жүргүзгөн «Жаш шайлоочулар лигасы» долбоору Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, түшүндүрмө сурады.
Уюм «Жаш шайлоочулар лигасы» долбоору үчүн чет өлкөдөн грант албаганын билдирүүдө.
Батыш Казакстан облусундагы «Жария» коомдук бирикмеси башка көйгөйгө туш болду. Шайлоо комиссиясы уюмдан уставын өзгөртүүнү талап кылган. Комиссиянын жүйөсүндө уставда шайлоого байкоо жүргүзүү ишмердиги жетиштүү деңгээлде так жазылган эмес.
«Биздин уюм аккредитациядан өткөн. Ушул эле устав менен Юстиция департаментинде каттоодон өтүп, 2022-жылдан бери иштеп келебиз», — деп билдирди бирикменин жетекчиси Бекнур Сыражанов «Азаттыктын» казак кызматына.
Ошол эле учурда башка уюмдар шайлоого байкоо жүргүзүүнү улантууда. Астанада катталган жана бир нече жылдан бери көз карандысыз байкоо жүргүзүп келе жаткан «Мукалмас» коомдук бирикмеси билдиргендей, жаңы чектөөлөр аларга кедергисин тийгизбейт.
Анткени уюм чет өлкөдөн да, мамлекеттен да каржыланбайт. Уюм шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн миңге жакын ыктыярчыны даярдап жатат.
Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, жалпысынан 777 эл аралык байкоочу аккредитациядан өткөн. Алардын 160ы 42 чет мамлекеттен, дагы 617си 13 эл аралык уюмдан.
Ошол эле учурда шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык миссияларды жөнөткөн Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (ЕККУ/ДИАУБ) «көз карандысыз жарандык байкоо жүргүзүү үчүн мейкиндиктин тарып баратканына» тынчсыздануусун билдирди.
23-августта казакстандыктар Курултайдын алгачкы курамын шайлашат.
Жаңы эрежелер боюнча шайлоочуларга толтурулган бюллетенди сүрөткө же видеого тартып, аны интернетке жарыялоого тыюу салынат. Бийликтин түшүндүрмөсүндө, мындай чара добуш берүүнүн купуялуулугун бузууга жана мыйзамсыз үгүт жүргүзүүгө жол бербөө үчүн киргизилген. Эрежени бузгандарга 280 долларга жакын айып пул салынат.
Казакстандык шайлоочу жети партиянын бирине добуш бере алат. Же болбосо «баарына каршы» деген графаны тандай алат.
Мурунку парламенттик шайлоодо 248 миңден ашуун адам «баарына каршы» добуш берген. Бул партиялык тизме боюнча добуш берген шайлоочулардын дээрлик 4 % түзгөн.
Макаланын авторлору:
Кыргызчага которгон:
- Элиза Кененбаева