"Сулайман-Тоо" музей комплекси курулуштарга жол берилбей турганын билдирди

Сулайман-Тоо.

"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси тоого асма жол салууга жана ашыкча курулуштарга жол берилбей турганын билдирди.

Расмий жарыяланган маалыматта Сулайман-Тоо 2009-жылы ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине “Ыйык тоо” номинациясы менен катталган Кыргызстандагы биринчи объект экени айтылат. Андан тышкары Сулайман-Тоо “Стратегиялык объектилер жөнүндө” мыйзам боюнча “В” категориясындагы объект болуп саналары, “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзам менен корголору белгиленген.

“Жылына 350 миңден ашуун зыяратчы келген бул маданий комплекс мамлекеттин жана эл аралык уюмдун катуу көзөмөлүндө. Бул мыйзамдык статустар жана ЮНЕСКОнун эрежелери тоонун тарыхый-жаратылыш келбетин сактоону, ага зыян келтире турган ар кандай курулуштарга жол бербөөнү талап кылат”, - деп айтылат маалыматта.

"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинде болгону үчүн 2026-жылы Дүйнөлүк банк реконструкция иштерине 12,5 млн доллар каражатты грант катары бөлүп жатканы кабарланды.

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев соңку маегинде маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевге "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгаруу сунушун берерин айткан. Бул коомчулукта кайчы пикирлерди жаратты. Акаев бул анын жеке демилгеси экенин, ага өкмөттүн тиешеси жоктугун айтты.

Сулайман-Тоо Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине карайт. Ал беш чокудан турат: Буура-Тоо, Шор-Тоо, Рушан-Тоо, Ээр-Тоо жана Кекилик учар. Тоонун капталдарында 400гө жакын петроглифтер жана байыркы жазуулар сакталган. "Сулайман-Тоо" музей комплексинде 33 миңден ашуун экспонат бар, алардын катарына археологиялык табылгалар, этнографиялык буюмдар жана кол өнөрчүлүк үлгүлөрү кирет.

Сулайман-Тоо 2009-жылы 26-июнда ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине “Ыйык тоо” номинациясы боюнча киргизилген. ЮНЕСКОнун коргоосуна алынган корук 134 гектарды камтыйт. Бул аймакта Ош турак жайы, Рабат Абдуллахан мечити, Асаф ибн Бурхия күмбөзү жана башка тарыхый эстеликтер жайгашкан.

Тарыхый-археологиялык музей комплексинде жашылдандыруу иштерине жана жаңы курулуштарга тыюу салынган, бардык өзгөрүүлөр ЮНЕСКОнун талаптарына ылайык ишке ашат. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте «Ырыс-Ордо» конгресс борбору ачылдыПашинян Армения жакында Евробиримдикке кошулуу боюнча арыз берерин билдирдиЖанар Акаев Сулайман-Тоо боюнча сунушуна түшүндүрмө бердиУкраина Эгемендик күнүн белгилеп жатат. Киевге Британиянын премьери барды Жумаев Таласта Нурдан Орунтаевдин аты аталган жаңжал боюнча комментарий берди“75чилердин иши” боюнча сот 27-августка жылды