Өкмөттө кадрдык жүрүш башталдыбы? Сагынбаевдин ордуна Имангазиев келди

Канат Сагынбаев (солдо) жана Алмаз Имангазиев (оңдо)

Алмаз Имангазиев эмгек жана социалдык камсыздоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Саясий чөйрөдө ШКУнун саммити баш болгон иш-чаралардан соң кадрдык жүрүштөр болору тууралуу кеп бар эле. Өкмөт курамындагы кезектеги министрди алмаштыруу менен дал ушул кадрдык өзгөрүүлөр башталдыбы?

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин алмашканын "Ынтымак Ордо" 7-сентябрда жарыялады. Бул министрликти бир жылдан бери башкарып келаткан Канат Сагынбаев кызматтан алынып, анын ордуна Алмаз Имангазиев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Жакынкы күндөрү анын талапкерлигин парламент расмий түрдө бекитиши керек.

Алмаз Имангазиев кадрдык дипломат. Ал жогорку окуу жайды аяктагандан тарта Тышкы иштер министрлигинде эмгектенген. Акыркы жылдары тышкы иштер министринин орун басары катары эмгектенип, консулдук маселелер боюнча тармакты тейлеген. Саясий илимдердин кандидаты.

Дагы караңыз

"Манас ордодогу" жаңжал: Мамлекеттик кызматкердин этикасы кайра талкууда

46 жаштагы Канат Сагынбаевдин бир жылдык министрлиги коомчулуктун көзүндө да, саясий чөйрөдө активдүүлүгү менен эсте калган жок. Калктын аялуу катмарынын көйгөйлөрүн чечүүчү органдын башчысы саясий маселелерге түздөн түз аралашпаганы түшүнүктүү иш. Бирок Сагынбаев бул кызматта турганда медиага маек берип же кайсы-бир демилгени көтөргөнү деле көрүнгөн жок.
Ошондуктан, бул министрдин иштен алынганы кызматка коюлган сыяктуу эле коомчулуктун көз жаздымына калгандай.

Бирок бул өзгөрүү буга чейин саясий чөйрөдө сөз болуп келген күздөгү кадрдык жүрүштөрдүн башталышы эмеспи деген кызыгууну жаратууда. Себеби, буга чейин Шанхай кызматташтык уюмунун саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан соң бир топ кызмат алмашуулар болушу мүмкүн деген саясий чөйрөдө айтылып келаткан.

Дагы караңыз

Энергетикадагы кадр алмашуу: Экс-министр Ибраев эмнеден жазды?

Мындай божомолду президенттик шайлоонун алдындагы Садыр Жапаровдун команданы бекемдөө аракети катары сыпаттагандар да бар. Саясатчы талдоочу Мүсүркул Кабылбеков "Ынтымак Ордо" дал ушундай көз караштан улам айрым өзгөрүүлөргө барышы мүмкүн экенин четке какпайт:

Мүсүркул Кабылбеков

"Президенттик шайлоонун алдында өлкө башчысы командасын күчтөндүрүүгө аракет кылат. Анын арасында алдыңкы планда турган министрликтер бар. Өзүңөр билгендей Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин абдан көп электораты бар. Бул ведомство аркылуу жөлөкпул, пенсия алгандар көп, ардагерлери да бар. Ошондуктан мен ойлойм калкыбыздын 20-30% ушу министрликке туура келет. Эгер Сагынбаевди жумуштан алган болсо, демек, ал өз ишин "тиешелүү деңгээлде аткара албай жатат" деп эсептешкен болушу мүмкүн. Ал эми башка министрлер боюнча менин пикиримде Өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан кетиши мүмкүн. Албетте, мунун баары бир күндө эле боло калбайт, бул процесс сентябрь айынын этегине чейин барышы ыктымал".

2021-жылдан бери Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин беш киши башкарды. Алар: Кудайберген Базарбаев, Гүлнара Баатырова, Жылдыз Полотова, Равшанбек Сабиров жана Канат Сагынбаев. Алардын арасынан Базарбаев гана эки жыл министр болуп отурса, калганы бир жылдан гана бул кызматты аркалаган.

Дагы караңыз

"Ташы өйдө кулаган" Туманбаев, ишкана-мекемелерди "жуткан" Иш башкармалык

Президент Жапаров маектеринде өкмөт туруктуу жана узак мөөнөткө иштеши керектигин айтып, кадрларды кызматка коёрдо дал ушундай көз карашты карманарын айтып жүрөт.

Саясатчы Жеңиш Молдокматов азыркы өкмөт башчы Адылбек Касымалиев төрагалык кылган Министрлер кабинетинин иштеп жатканына эки жылга чукулдап калганын белгилеп, кадрдык өзгөрүүлөр кадыресе эле көрүнүш экенин айтат.

"Мындай көрүнүш буга чейин деле болгон, мындан ары деле улана берет. Эми бул

Жеңиш Молдокматов

кадрдык өзгөрүүлөр айрым аймактардын башчылары жана шаар башчыларын алмаштыруу менен да уланышы мүмкүн. Албетте, биринчиден, иш жыйынтыгына жараша болот жана шайлоого байланыштуу болот. Жакшы иштей албай атса ал кызматкерди кетирип, иш билги адамды алып келүү керек да. Ошондуктан бул саясаттын өзүнүн табияты. Кетип аткан министр буга чейин өзүн демек көргөзө алган жок. Жеке мен ал тууралуу иштен кетип аткан учурда гана уктум. Кытайдан келгендер темасы, мигранттарга байланыштуу темаларда министр козголгон жок. Өзүнүн профилине байланыштуу маселелерде эл алдына чыккан жок".

Айрым талдоочулар президенттин командасында коомчулуктун сын-пикирлерин жараткан кадрларды алмаштыруу мүмкүн экенин айтыууда.

Жакында Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдил Байсалов "Азаттыкка" маегинде соңку учурда бийликтин дарегине айтылган сындарга өкмөттөн эч ким жооп бербей, президент активдүү командасыз жалгыз калгандай абал жаралганын билдирген эле.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Байсалов: Жапаров менен атаандашам дегендер шайлоого чыксын

Кыргызстанда президенттик шайлоо кийинки жылдын январь айына белгиленген. Жакында Жогорку Кеңеш бул саясий кампаниянын мөөнөттөрүн расмий аныктайт. Дал ушул саясий кызыган маалда өлкө башчынын кандай чечимдери болот деп кызыгуу күчөп жатат.