Кыргыз-кытай чек арасына мунай кампаларын куруу сунушталды

Эрлист Акунбеков Кытайдын “CNPC” жана “Sinopec” корпорацияларынын жетекчилери менен жолугушту.

23-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайга болгон жумуш сапарынын алкагында Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясынын (China National Petroleum Corporation - CNPC) lиректорлор кеңешинин төрагасы Дай Хоулян, Кытай мунай жана химиялык корпорациясынын (China Petroleum & Chemical Corporation — Sinopec) lиректорлор кеңешинин жетекчиси Хоу Цицзюн менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

“Ынтымак ордо” жолугушууда Кыргызстанда мунайды кайра иштетүүчү завод куруу, кендерди чалгындоо жана иштетүү, Кыргызстан менен Кытайдын чек арасынын ортосунда мунай продуктуларын өткөрүүчү куур куруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча сөз болгонун билдирди.

Эрлист Акунбековдун Борбор Азиядагы нефть рыногундагы кырдаалга байланыштуу бул тармактагы кызматташууну мындан ары тереңдетүү маанилүүлү экенин айтты.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча, Кыргызстанда мунай менен иш жүргүзгөн компаниялар кытайлык “CNPC” жана “Sinopec” корпорациялары менен келишимдерди түзүп Кыргызстанга күйүүчү май алынып келип жатат.

“Мындан тышкары логистикалык чыгымдарды азайтуу максатында кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү бекеттеринин жанында мунай кампаларын (базаларын) куруунун мүмкүнчүлүгүн каралып жатканы айтылды”, - деп кабарлады өкмөт.

Жакынкы Чыгыштагы абал жана Украинанын Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасаган чабуулдары дүйнөдө кара майдын кымбатташына алып келди.

Ушундан улам Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майды ташып келүү боюнча Орусия, Беларус, Кытай жана Өзбекстан менен кызматташып жатат. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев буга чейин Кыргызстан Кытайдан, Түркиядан жана Беларустан күйүүчү май ташып келгенин айткан.

Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе, анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат. (BTo)

Дагы караңыз

Орусия Запорожье менен Киевде май куюучу жай, кампа жана соода борборуна сокку урду Президенттикке талапкер болууну каалагандар “Түндүк” аркылуу кол чогултатАбактагы Аскарбеков лингвистикалык экспертизанын бүтүмүнө макул эместигин айттыМайыптыгы бар жарандардын жөлөк пулун көбөйтүү сунушталдыСот УКМКнын мурдагы кызматкерлери баш болгон төрт адамды камакта калтырдыЛитва Борбор Азия жарандарынан ишке орношууга арыз кабыл алууну токтоттуТрамп АКШ менен Иран ортосунда "абдан үзүрлүү" сүйлөшүү өткөнүн айттыПарламентте мектеп окуучуларынын өлүмү боюнча маселе көтөрүлдүСадыр Жапаров Европа кеңешинин президенти менен жолугушууда санкция маселесин көтөрдү