Президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү башталды

Борбордук шайлоо комиссиясы.

Президенттик шайлоого катышууну каалагандар талапкерлигин көрсөтө баштаса болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Тынчтык Шайназаров 25-сентябрда Кабар” улуттук маалымат агенттигине билдирди.

Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттикке талапкер болуу үчүн 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтош керек. Талапкер болууну каалаган адам шайлоо фондунун каражатынан Боршайкомдун эсебине 1 миллион сом төгөт жана ал кайтарылбайт.

Конституциялык мыйзамга ылайык, президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү шайлоону дайындоо жөнүндөгү чечим расмий жарыяланган күндөн кийинки күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 75 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 13-ноябрында аяктайт.

Адам өзүн өзү көрсөтүп же саясий партиялар талапкер чыгарса болот.

Шайлоо алдындагы үгүт иштери 2026-жылдын 23-декабрынан 2027-жылдын 26-январына чейин жүргүзүлөт.

Боршайкомдун төрагасы Тынчтык Шайназаровдун маалыматына караганда, саясий иш-чарага 1 млрд 200 млн сом кетет деп эсептелген. Эгерде шайлоо бир эле тур менен өтсө бул сумма азаят.

Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.

Алдыдагы өнөктүккө талапкер болуп катышарын азыркы президент Садыр Жапаров алгачкы болуп айтып чыккан. Шайлоого өз талапкерлигин коёрун 24-сентябрда "Азаттыкка" курган маегинде мурдагы ички иштер министри, саясатчы Өмүрбек Суваналиев да жарыялады. (BTo)

Дагы караңыз

Баткендеги чек ара жаңжалында окко учкан жоокердин ысымы Ошто мектепке ыйгарылдыКыргызстанда 150-200 миңге жакын үй-бүлө турак жайга муктажАКШнын Кыргызстандагы элчиси кызматын жыйынтыктап жатканын айттыКүрөңовдун жубайы жолдошу тергөө абагында кысымга кабылганын айттыСадыр Жапаров президенттик шайлоону таза өткөрүү боюнча жарлыкка кол койдуМинистр Сыдыков Транскаспий коридору Кыргызстандын соода мүмкүнчүлүгүн кеңейтерин айттыБишкекте быйыл жол кырсыгынан беш баланын өмүрү кыйылдыЖапаров Каспийдеги кырсыкка байланыштуу Токаевге көңүл айтты