Аталган канал буга чейин дагы ушундай кымбат баадагы бир нече автоунаа киргенин жазган. Орусия Украинага кол салып, Батыштын санкцияларына кабылгандан кийин автоунааны Кыргызстан аркылуу экспорттой баштаган.
Баасы 5 миллион еврого бааланган сейрек кездешүүчү Bugatti W16 Mistral Орусияга Кыргызстан аркылуу жөнөтүлгөнүн Baza Telegram каналы жазды.
Дагы караңыз
Baza: 5 млн евролук Bugatti машинелери Орусияга Кыргызстан аркылуу жөнөтүлгөнМаалыматка ылайык, баасы жарым миллиард рубль турган кызгылт сары түстөгү Bugatti W16 Mistral быйыл 27-августта кыргыз бажысынан өткөн. Коммерциялык утилизациялык жыйым үчүн 244 млн рубль төлөнгөн. Унаа Орусияда каттоого алына элек, бирок Екатеринбургга жөнөтүлгөнү кабарланды.
Андан мурдараак, 18-август күнү 2026-жылы чыккан кара түстөгү так эле ушундай маркадагы спорткарды орусиялык Тимати деген каймана ат менен таанымал рэпер Тимур Юсупов алган. Аны дагы Европадан Кыргызстан аркылуу транзит менен алып өтүшкөн. Он күндөн кийин, 28-августта Bugatti Орусияда катталган. Машинеге "777" номуру берилип, Москванын эски районунун "77" автомобилдик кодуна шайкеш келет.
Максим Кадаков
"За рулем" ресурсунун башкы редактору Максим Кадаков:
"Августта Тимати кымбат баалуу Bugatti W16 Mistral гиперкарын 500 миллиондой рублга сатып алып, бажы алымы менен утилжыйымына 244 млн рубль төлөгөн. Мындай унааны болгону 99 даана чыгарышкан. Аны Орусияга Кыргызстан аркылуу алып келишкен”.
Кыргызстан тараптан Baza каналы тараткан маалыматка комментарий боло элек. Мамлекеттик бажы кызматы кыргыз аймагы аркылуу өткөн эки кымбат баалуу унаанын чоо-жайын сураган катты жоопсуз калтырууда.
Орусиялык автоимпортер Илнур Кадиков жакында Инстаграмга жарыялаган видеотасмасында кыргыз бажысы аркылуу кымбат автоунааларды алып өтүү эки эсе арзанга турарын айткан.
Ильнур Кадиков
"Орусияда мыйзамдар ушунчалык кескин өзгөрүп жатат. Төрт жылдан бери Кыргызстан аркылуу автоунааларды ташыйбыз. Дайым эле кандайдыр бир чектөөлөр, утилжыйымдар киргизилет, документ тапшыруу эрежелери өзгөрүп кетет. Баары бир Кыргызстанда жумуш жүрүп жатат, автоунаалар турат, бул жакка алып келип, аларды кайра Орусияга чыгарып кетишет. Кыргызстанда Орусияда алчу бажы алымынын 50% үнөмдөөгө мүмкүнчүлүгүң бар. Ошондуктан, бул жерде мына мындай Mercedes-Benz G-Class, GLE, BMW 7 Series, Audi Q8, RS Q8 жана башкалар бар. Токтотмонун жарымы супер кымбат баалуу жана жогорку кубаттуулуктагы унаалар. Эгерде кымбат унаа алам десең, Кыргызстандын бажысына гана кел. Таң каласың. Албетте, Кыргызстанда эл абдан байып кетти жана ушуга окшогон кымбат унаалар пайда болгон. Бирок, мунун баары ички рынок үчүн дегенге ишенбейм".
Штаб кеңсеси Франциянын Молсайм шаарында жайгашкан Bugatti Automobiles компаниясы чыгарган бул унаалардын кубаттуулугу 1600 аттын күчүнө барабар, кыймылдаткычынын көлөмү 8 литр. Саатына 454 километр ылдамдыкта жүрө алат. Компания мындай машинеден 99ду гана чыгарган. Анын өндүрүшү 2026-жылдын июлунда аяктаган. Ошондуктан ар бир экземляр коллекциялык буюм катары каралат.
Орусиянын рыногунда W16 Mistral өзгөчө сейрек кездешкен автоунаа болуп саналат. Орус жергесинде Bugatti унаасы акыркы жолу 2013-жылы мамлекеттик каттоого коюлган. "Автостат" ресурсунун эсебинде буга чейин Орусияга жалпысынан 17 даана Bugatti алып келинген. Алардын алтоосу жаңы, калганы колдонуудагы унаалар болгон.
Дагы караңыз
NYT басылмасы Кыргызстан A7 компаниясына санкцияларды айланып өтүүгө көмөктөшкөнүн жазды2025-жылы OCCRP ресурсунун журналисттери Орусия туташ санкцияларга кабылгандан кийин Кыргызстан кымбат баалуу автоунааларды алып өтүүчү аянтчага айланганын жазып чыгышкан. Москвалык Berg Auto Premium автосалонунун кызматкерлери санкцияларга карабай кымбат унааларды Грузия же Кыргызстан алып өтүү маселе эместигин айтышкан.