Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековго козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий берди.
Атайын кызматтын мурдагы төрагасынын жообун Камчыбек Ташиевдин тарапташы Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Анда “Эрлист Акунбековго байланыштуу УКМКда бир нече факт боюнча материалдар болгону” айтылат. “Кыргызстанга алып келинген жер семирткичтер эгер дыйкандарга сатылса, алардан бажы төлөмү алынбайт” деген өкмөттүн токтому болгону белгиленген. Камчыбек Ташиев “Эрлист Акунбеков он миңдеген тонна жер семирткич алып келип, “дыйкандарга саттым деп жасалма документтерди толтуруп, бирок аны кен казуучу жана башка ири ишканаларга коммерциялык баада сатып жүргөнү” тергөөнүн жүрүшүндө аныкталганын” айткан.
“УКМКнын тергөөчүлөрү документтерди көтөрүп чыгып, Финансы министрлигинин, Салык кызматынын жана башка тиешелүү органдардын кызматкерлери менен биргеликте мамлекетке келтирилген зыянды эсептеп чыгышкан. Алдын ала эсеп боюнча, зыяндын көлөмү 3 миллиард сомдун тегерегинде болгон! Мен Акунбеков “ооруп жатам” деп арыз бергенден кийин аны үй камагына чыгаргам. Андан кийинки тергөөнүн жүрүшү тууралуу мен комментарий бере албайм. Бардык материалдар тергөө кызматында бар. Ошол ишти жүргүзгөн кызматкерлердин айрымдары азыр да ошол эле жерде иштеп жатышат”, - деп айтылат билдирүүдө.
Камчыбек Ташиев “Эрлист Акунбековду эч ким атайын тапшырма менен каматпаганын, ал 15 жылга жакын Кыргызстанга жер семирткич ташыганын жана толук иликтөө жүргүзүлсө дагы көп нерсе чыгышы мүмкүн экенин” кошумчалады.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков кызматка дайындалганга чейин камалып чыкканы тууралуу түшүндүрмө берген. Ал бул тууралуу 7-октябрда Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) “Диалог” программасында эркин журналист Ыдырыс Исаков менен дебатта мындай деген:
“Таш заман болгон. Таш заманда “кустуризация” кылып киргизем деген. Эч нерсе таппай төрт ай кармаган. Эч нерсе тапкан эмес. Сиз да чукуп көрүңүз (ред: Ыдырыс Исаков). Салык боюнча маселе барбы же жокпу сиз сыйлаган Алмамбет Шыкмаматов мырзага да айтып көрүңүз. Эч нерсе таппаганы үчүн чыгарды”.
43 жаштагы Эрлист Акунбеков 2026-жылдын 25-февралында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри болуп дайындалган. “Бай дыйкан” жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү.
2020-жылдан кийин келген бийликтин тушунда коррупцияга каршы күрөш, мурда-кийин жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кенткен мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу иши “кустуризация” деген сөз менен белгилүү болуп калган.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматынан бошоткон. (BTo)