Бирок президент баш болуп жарнамалаган санариптик акча бир жылга жетпей кайрадан жүгүртүүдөн алынды.
USDKG’нин жоюлушу
USDKG криптовалютасы эки айча мурдараак жоюлганы менен бул тууралуу маалымат жаңы гана ачыкка чыкты. Көрсө, анын расмий аянтчасы – usdkg.com сайты расмий билдирүү жарыялаган экен.
“Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы №639-т тескемесине ылайык, USDKG долбоорунун иши, анын ичинде блокчейн тармактарында жүгүртүлүүсү да токтотулат. USDKG токендеринин ээлери өздөрүнүн токендерин фиаттык накталай акчага же USDT’ге алмаштыруу үчүн электрондук почта аркылуу кайрыла алышат”, – деп жазылат ал маалыматта.
usdkg.com сайтындагы маалымат.
Аталган сайтта USDKG жөнүндө жалпы маалымат берилип, Кыргызстандын Финансы министрлигинин жана криптовалютаны жүгүртүүгө чыгарган “Виртуалдуу активдердин эмитенти” ачык акционердик коомунун жетекчилигинин аты-жөндөрү жана сүрөттөрү көрсөтүлгөн болчу. Сайтта азыр жогорудагы маалыматтан башка эч нерсе жок.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин белгиленген токтомунда болсо “Виртуалдуу активдердин эмитенти” компаниясы жана “Коин номад эксчейнж” ачык акционердик коому жоюлганы көрсөтүлгөн.
Адылбек Касымалиевдин тескемеси
Тескемеде бул чечим "чарба жүргүзүүчү коомдордо мамлекеттин катышуусун оптималдаштыруу, мамлекеттик активдерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатын" көздөй турганы жазылган.
Министрлер кабинети жана Финансы министрлиги бул боюнча расмий билдирүү жасай элек. “Азаттык” да алардын жетекчиликтерине кайрылып, комментарий ала алган жок.
Кыргызстан мамлекеттик криптовалюта чыгарары тууралуу маалымат 2025-жылдын май айында белгилүү болгон. Ошол маалда президент Садыр Жапаров Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзгөн. Анын биринчи жыйынында мамлекет башчы дүйнөдөгү эң ири криптобиржа – Binance компаниясынын негиздөөчүсү, кытай-канадалык ишкер Чанпэн Чжаону өзүнүн бул жааттагы коомдук кеңешчиси кылып бекиткенин жарыялап, ага атайын күбөлүк тапшырган.
Чанпэн Чжао жана Садыр Жапаров.
Натыйжада кыргыз бийлиги 2025-жылдын ноябрь айында USDKG криптовалютасын ишке киргизип, Tron блокчейн-платформасында 50 000 000 даана USDKG токени жүгүртүүгө чыгарылганын билдирген.
Санариптик токендин алгачкы эмиссиясын расмий ишке киргизүү аземине президент Садыр Жапаров, ошо кездеги финансы министри Алмаз Бакетаев жана “Виртуалдык активдердин эмитенти” компаниясынын башчысы Бийболот Мамытов катышкан.
“USDKG – бул Кыргыз Республикасы тарабынан толук колдоого алынган, алтын менен камсыздалган стейблкоин. Ачык, коопсуз жана туруктуу санарип валютасы катары иштелип чыккан USDKG алтындын ишенимдүүлүгүн жана блокчейн технологияларынын натыйжалуулугун айкалыштырат. Бул долбоордун ишке кириши Кыргызстанга глобалдык финансы экосистемасындагы позициясын чыңдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошондой эле ал блокчейн чечимдери аркылуу мамлекет менен жеке сектордун өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылган борбордон ажыратылган сервистердин Web3-экосистемасынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө негиз түзөт”, – деп кабарлаган “Ынтымак ордонун” маалымат кызматы былтыр 20-ноябрда.
Санкциядан кийинки чечим
Президент Садыр Жапаров Binance эл аралык криптобиржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаону быйыл да Кыргызстанда кеминде эки ирет кабыл алды. Жапаров апрелде Чжаонун шакирти, TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Санды Бишкекте кабыл алды. Аталган крипто ишмерлер экөө тең миллиардер.
Садыр Жапаров TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Сан менен жолукту. Чанпэн Чжао Жастин Сандын устаты, ал эми Фархат Иминов Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси.
Бирок кырдаал быйыл май айында өзгөрдү. Улуу Британия 26-майда кыргызстандык үч компанияны – “Евразиялык сактык банкын”, “Мамлекеттик брокердик компания” жана “Виртуалдык активдердин эмитенти” акционердик коомдору санкциялык тизмесине киргизди.
Британиянын билдирүүсүндө Кыргызстанда катталган “Евразиялык аманат банкы” Орусиянын өкмөтү үчүн "стратегиялык маанилүү тармакта иштеген адамдарга финансылык тейлөө көрсөткөн" деп белгиленген. Расмий Лондон "Мамлекеттик брокерлик компания” жана "Виртуалдык активдердин эмитенти" (USDKG) орус өкмөтүнөн пайда тапкан же Орусияга экономикалык маанилүү иштер аркылуу аны колдогон болушу мүмкүн деп кабарлаган.
Иллюстрациялык коллаж.
Кыргызстандын бийлиги муну четке кагып, Британиянын өкмөтүнө кат жөнөткөн. Бирок ага карабай Бишкек эки-үч ай ичинде Лондондун талабына көнгөн өңдөнөт.
Экономист Кубан Чороев “Азаттыкка” буларды айтты:
Кубан Чороев
“Кыргызстан өзүнүн USDKG аттуу стейблкоинин чыгаруусу амбициялуу иш болчу. [...] Бул долбоордун идеясы жакшы болчу. Анткени стейблкоиндер криптовалюта базарында өз ордун таап келе жаткан, бул да ошол сыяктуу эле келечектүү стейблкоин болчу. Эмне үчүн, кандай кемчиликтер болгон, аны азыр айта албайм. [...] Санкцияларга байланыштуу кыргыз өкмөтү өзүнүн да позицияларын билдирген. “Кыргызстандагы финтех компаниялар же башка тармактагы компаниялар санкцияларга каршы аракеттерге барса, биз ал маселелерди карап, жойгонго даярбыз” деп айткан. Азырынча менде маалыматтар жок, мүмкүн USDKG аркылуу санкцияны буйтаган аракеттер болуп жатканы жөнүндө ошондой далилдерди беришкен чыгар. Мүмкүн финансы базарындагы башка бир киттерге бул жакпай калышы да мүмкүн, муну да версиялардын бири катары көрөр элем”.
Украинадагы согушка байланыштуу Батыш өлкөлөрү Орусияга салган санкцияларынан сырткары экинчи деңгээлдеги чараларды Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы компанияларга да колдонуп келет.
АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа Биримдигинин “кара тизмесине” ушу кезге чейин кеминде 31 кыргызстандык компания кирсе ошонун бешөө криптовалютага байланыштуу.
Төртөө – “Олд Вектор”, “Гринекс”, “ТенгриКоин” жана “Кифико” жеке менчик компаниялар.
“Азаттыктын” атайын иликтөөсүндө көрсөтүлгөндөй, мындагы “Олд Вектор” компаниясынын артында Молдовадан качып чыгып, Орусиядан башпаанек тапкан олигарх Илан Шор турат. Анын Орусиядагы А7 компаниясы Бишкекте “А7-Кыргызстан” аттуу компания ачып, “Олд Вектор” аттуу фирма аркылуу A7A5 токенин же стейблкоинди Кыргызстанда сатыкка чыгарганы аныкталган.
Grinex криптобиржасы, анда сатылып жаткан A7A5 токени жана бул экөөнүн артында турат делген Илан Шор. "Азаттыктын" коллажы.
Жогоруда белгилегенибиздей, бешинчи компания – “Виртуалдык активдердин эмитенти” компаниясына 100% Финансы министрлиги ээлик кылчу.
Криптовалюта боюнча адис Асылбек Айтматов буларга токтолду:
Асылбек Айтматов
“Менимче жумуш башталбай жатып, эртерээк күнөөлөп коюшту. “Санкцияны кыйгап өтүүгө колдонулат” деп түкшүмөлдөп жатышкан окшойт. Анткени, бул долбоор али толук иштеп баштай элек болчу. [...] Мында менимче, “Кыргызстанга дагы санкция кирип калбасын” деген ой менен эле кабыл алынган саясий чечим болду. [...] Кантсе да мунун баары нормалдуу эле нерсе. Дүйнө жүзүндө мындай долбоорлор 30-40 миңден ашат. Алар ачылып, жабылып турат. Бирок мамлекет өзү баш болуп ачып, чоң каражат салып, бирок ишке ашпай калган долбоорлор азыраак кездешсе керек, бирок бар. Бул эми “мындан ары такыр криптовалюта чыгарса болбойт” дегенди түшүндүрбөйт. Кийин “эмнени эске албай калдык?” деген суроого жооп таап, буга кайра кайтып келебиз го менимче”.
Кыргызстандын Министрлер кабинети мурдараак Батыш өлкөлөрүнүн санкциялык чараларына көп макул болбой келсе, быйыл май айында турумун бир аз жумшартып Кыргызстандагы 50 ишкананын ишин токтоткон. Өкмөт бул компанияларга АКШ менен Улуу Британия доо койгонун билдирген. “Азаттык” алардын 47синин аталышын аныктаган.
Кыргыз бийлиги Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга каршы санкцияларын кыйгап өтүүгө байланыштуу болушу мүмкүн делген дагы 19 компанияны күч менен жабарын августта да маалымдаган. Бул ирет ыктымал тизмеде жалпы 40 компания бар экени, калгандарын текшерүү уланып жатканы айтылган.
Экономика жана коммерция министрлиги октябрдын башында дагы 16 компаниянын ишмердүүлүгү токтотулганын билдирди. Мындан тышкары мамлекеттик эки банк – “Элдик банк” 126га жакын, “АБанк” 100гө чукул ишкананын эсептерин жапканы белгилүү болду.