Бийлик УКМКнын коррупцияга каршы күрөшү учурунда жабыркаганын айткан жарандардын, ишкерлердин арыздары каралып жатканын билдирген.
Башкы прокуратуранын маалыматы
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Курванбек Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов 9-октябрда кармалды.
Башкы прокуратура 10-октябрда бул кабарды расмий тастыктап, видео менен коштолгон төмөнкүдөй маалыматын жарыялады:
"Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы коррупциялык көрүнүштөр боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө учурунда ишкердик субъекттеринен өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларын аныктады. КР Ички иштер министрлиги менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында улуттук коопсуздук органдарынын мурдагы кызматкерлери Д.К. жана А.К. кармалды. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө".
Кармалгандардын жакындары же адвокаттары Башкы прокуратуранын бул маалыматы боюнча азырынча комментарий бере элек.
Быйыл февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди УКМКнын төрагасы кызматынан алгандан кийин Курванбек Авазовду да атайын кызматтын төрагасынын биринчи орун басары - Антитеррордук борбордун жетекчиси кызматынан бошоткон.
Каныбек Досмамбетов да февраль айында саламаттык сактоо министри кызматынан алынган. Ал ага чейин УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынынын жетекчиси, УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.
Ишкер: "Акчаны буга өзүнө бергем"
Башкы көзөмөл органы жарыялаган 2,2 мүнөттүк видеодон чакан кызматтык бөлмөдө үстөл тегеректеп үч киши отурганын көрүүгө болот. Баарынын жүзү даана көрүнбөйт.
Каныбек Досмамбетовго түспөлдөштүн (ал К.Д. деп жазылган) жанындагы киши видеодо "адвокат" деп, ал эми маңдайында отурганы "жабырлануучу" деп көрсөтүлгөн.
Башкы прокуратура тараткан маалыматта "ишкердик субъекттеринен өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу" тууралуу айтылганына караганда, кеп акчасын алдырган ишкер тууралуу болууда.
Досмамбетов делген адамдын колунан алган баштыктын ичинен адвокат таңгакталган акча алып чыгып, аны жабырлануучуга "Сизден тарткан материалдык зыяныңыздын ордун толтуруу тууралуу арыз түшкөн экен" деп жанына коёт.
Жабыркаган тарап катары көрсөтүлгөн киши Досмамбетовго түспөлдөштү көрсөтүп "мен акчаны буга өзүнө бергем", "эч кимге жалаа жапкан жокмун", "мен бул акчаны мээнет кылып табам, эч кимден уурдабайм жана тартып албайм" деп айтып жатканын көрүүгө болот.
Бул видеодо көрсөтүлгөн адамдардан же алардын тарапташтарынан азырынча маалымат бериле элек.
Каныбек Досмамбетов
46 жаштагы Каныбек Досмамбетов Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Эл аралык экономикалык байланыштар факультетин аяктаган. Эмгек жолунун басымдуу бөлүгүн улуттук коопсуздук органдарында өткөргөн. 2001–2017-жылдары күч түзүмдөрүндө ар кандай кызматтарды аркалап, Улуттук коопсуздук комитетинде иштеген. 2025-жылдын декабрында саламаттык сактоо министри болуп дайындалган.
Досмамбетовдун аты быйыл апрель айында "Азаттыктын" "Соттошом десем соттун баарын мен чечем деди" деген макаласында да аталган. Анда УКМКнын «коррупцияга каршы күрөш» жана эл арасында «кустуруу операциясы» деп аталып калган өнөктүгүнөн жабыр тартканын айткан ишкерлерге сөз берилген эле.
Жалалабаддык ишкер Сүйүмкан Мадиярова 2025-жылы Манас шаарынын чок ортосунда, облустук администрация, УКМК имараттарынын так бет маңдайында жайгашкан 1,6 гектар жери менен базарын тарттырып жиберген:
Дагы караңыз
"Соттошом десем соттун баарын мен чечем деди". УКМК алган мүлк, адилеттик издеген ишкер“...УКМКнын облустук жетекчиси Досмамбетовго кирейин деп суранып атып, кирдим. Киргенде Досмамбетов жадагалса учурашпай туруп “сиз жеке менчигиңизди өткөрүшүңүз керек, бир батир беребиз” деп айтты. Мен макул болбой, соттошом десем, “өзүңүздүн чечимиңиз, бирок сот менмин, сиз баары бир утпайсыз, соттун баарын мен чечем” деди. Анын айтканындай эле болду. Мен соттошо баштадым, алар мени сотко беришти. Акыр-аягында жерим алынып калды”, - деп айтып берген Мадиярова.
Мадиярованын айыптоолоруна байланыштуу ал комментарий же маалымат берген эмес.
Досмамбетовго каршы Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эркин Жолдошалиев да арыз бергени белгилүү болгон.
“Каныбек Досмамбетовдун кызматкерлери ата-энемди суракка чакырып, “мүлкүңдү Маматовдорго өткөрүп бер” деп кыйнап жатат деп кайрылгам. Мен арызды Камчыбек Ташиев кызматтан кете электе эле 6-февралда жазгам”, - деп ал "Азаттыкка" быйыл июнь айында айтып берген.
Дагы караңыз
Экс-депутат Жолдошалиев УКМКга каршы жазган арызы тергелбей жатканын айттыЖолдошалиев ишкер, 2021-жылы ноябрда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон. Ал Ташиев кызматтан алынгандан кийин Кыргызстанга кайтып келген.
Досмамбетов атайын кызматтан кийин саламаттык сактоо министри болуп иштеди. Бирок үч айга жетпей кызматтан алынган жетекчинин бул тажрыйбасы өтө эле кыска болду. Ал медициналык билими жок туруп бул тармакты жетектеген алгачкы министр болуп калды.
Бийлик мындай чечимди саясий кадам катары түшүндүрүп, саламаттык сактоо, билим берүү жана маданият сыяктуу тармактарды күчтүү менежерлер да натыйжалуу башкара аларын белгилеген. Ошондой эле Досмамбетовдун атайын кызматтагы көп жылдык башкаруучулук тажрыйбасы анын артыкчылыгы экени белгиленип, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүп, реформа жүргүзүп, тартип орното алат деген ишеним айтылган.
Бирок өлкөдөгү көйгөйү көп, аялуу тармактагы мындай жүрүш дарыгерлер арасында түшүнбөстүк жараткан. Медицина тармагындагы эксперттер президентке кайрылуу жолдоп, мындай шартта эң алгач бейтаптар жабыр тартып жатканын жазышкан.
Досмамбетов саламаттык сактоо министри болуп турган учурда тармактагы негизги көйгөйлөр менен коррупциялык схемалар катардагы дарыгерлерден эмес, жетекчилик деңгээлде уюштуруларын айтып келген. Ал министрликтеги ишинин негизги максаты катары коррупциянын себептерин жоюу, башкаруу системасын тартипке келтирүү жана мамлекеттик сатып алуулардын ачыктыгын камсыздоону атаган. Ошондой эле жөнөкөй медицина кызматкерлери мыйзамсыз иштерге аралашпай турганын белгилеп, алар үчүн адилеттүү жана басымсыз шарт түзүү зарылдыгын билдирген жана өзүнүн милдети бейтаптарды дарылоо эмес, саламаттык сактоо тармагын натыйжалуу башкаруу жана реформалоо экенин айткан.
Курванбек Авазов
56 жаштагы Курванбек Авазов УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары кызматына 2025-жылы 1-декабрда дайындалып, быйыл февралда бошотулган. Ал да бул орунду бир нече ай гана ээлеп, Ташиевдин отставкасынан кийинки жапырт кызматтан алуу толкунуна туш болгон.
Авазов тууралуу кенен маалымат дээрлик жок. Ал көп жылдан бери улуттук коопсуздук органдарында иштеп келген. УКМКнын Тергөө башкармалыгын жетектеп, атайын кызмат тармагында жооптуу кызматтарды аркалаган.
2020-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо «Реформа» партиясынын тизмеси менен катышкан. 2024-жылдын декабрында УКМК төрагасынын орун басары жана Антитеррордук борбордун директору болуп дайындалып, кийинчерээк УКМК төрагасынын биринчи орун басары кызматына көтөрүлгөн.
Жемкорлукка каршы күрөштөн канча акча түшкөн?
Улуттук коопсуздук комитети жемкорлукка каршы жүргүзгөн иштин натыйжасында мамлекетке 4 миллиард долларлык киреше түшкөнү тууралуу маалымат негизсиз экенин быйыл 13-августта президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго курган маегинде билдирген.
Дагы караңыз
Жапаров Ташиевдин тушунда коррупцияга каршы күрөштөн 4 млрд доллар түшкөнү тууралуу маалыматты төгүндөдү"Коррупцияга каршы күрөш катуу темпте жүрдү. 4 миллиард доллардай, башкача айтканда, 300 миллиард сомдон ашык түшүптүр отчет боюнча. Ошол акча кайда кетти?" деген суроого мамлекет башчы:
"Коррупциядан 4 миллиард түшкөн жок, чынын айтыш керек. Башында эле "Мына, 10 миллиард төктүрдүк, быйыл 50 миллиард төктүрдүк" деп Камчыбек Кыдыршаевич досум айтып жатканда "Ай, досум, цифралар менен ойнобо. Эртең ошончо чыкпай калса "жеп алды" деп айтат эл. Реалдуу түрдө айт" деп айткам. 300 миллиард болуп кеткени - мисалы, бирөөдөн ноутбук конфискация кылып жатса, Райымданбы же "мыйзамдагы ууруданбы", же "кустуруп" жаткандарданбы... Же, мисалы, базар баасы 100 миң долларлык батирин алса 300 миңге баалап туруп эле ала берген. Аны кимге сатасың эгер 100 миң доллар болсо базардагы баасы? Канча мүлк түшкөнү, кайра канчага сатылганы азыр ревизия болуп жатат. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда толтура мүлк сатылбай турат, жүздөп саналат. 1 миллион доллар турса 10 миллионго баалап алып келип алган да кийин кайра сата албай калган. Ал үчүн Камчыбек Кыдыршаевичтин өзүнө комиссия да түздүргөм", - деп жооп берген.
Ошону менен катар Жапаров коррупцияга каршы күрөштөн пайда болгон жок деп айтуу да мүмкүн эместигин белгилеген. Мамлекет башчы "пайда жакшы эле болду" деп, "мектептер салынганын, УКМКнын облустук, райондук борборлору бүт жаңыланганын, академия, спорттук аянтчалар, эс алуучу жайлар курулганын" кошумчалаган.
Дагы караңыз
Ташиевдин тушунда мамлекетке өткөн мүлк кайда?УКМК соңку беш жылда мамлекеттин кирешесине 352 миллиард сом кайтарганы, бул 4,14 миллиард долларга барабар экени быйыл 29-январда атайын кызматтын коллегиялык жыйынында айтылган. Комитеттин ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда өткөн жыйынга мекеменин борбордук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышкан.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
УКМКны Ташиев башкарып турганда коррупцияга каршы күрөш деген негизде мүлкүнөн, бизнесинен мыйзамсыз ажыратылганын айткан жүздөгөн адам ал кызматтан алынгандан кийин арызданып чыгышкан. Ташиев күнөөсү жок экенин айтып келет.
"Мамлекетке өткөн мүлк жыл аягына чейин ревизия болуп бүтөт"
11-мартта парламенттин президент Садыр Жапаров катышкан жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева мурда-кийин ар кандай кылмыш иштери менен кармалган ишкерлер боюнча маселе көтөргөн.
“УКМК мамлекетке өткөн мүлктүн тизмесин жарыялашы керек. Ишкерлерден канча мүлк алынды, алардын канчасы өз эрки менен өттү жана канчасы мажбурлоо жолу менен. Андан тышкары ошолордун ичинен чын эле мамлекетке канчасы алынды? УКМКнын кызматкерлери мүлктү өзүнө, туугандарына каттатып алганы ачык айтылып жатат”, - деген ал.
Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Башкы прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жетекчилерине ишкерлерден арыз түшсө калыс текшерип, адилет чечим кабыл алуу тапшырмасы берилгенин айткан.
“Жарымын өзүнө алып, жарымын мамлекетке өткөргөн” деген сөздөрдү да иликтеп көргүлө дедим. Ким жарымын чөнтөгүнө алып алган болсо кайра мамлекетке өткөргүлө дедим. Акчасын, мүлкүн, бизнесин тарттырып жибергендер болсо кайра кайтарып бергиле дедим. Азыр ошонун үстүндө иш жүрүп жатат. Ал эми мамлекетке өткөн мүлк жылдын аягына чейин ревизия болуп бүтөт. Ошондон кийин чыгарабыз”, - деген президент.