Бишкек шаарындагы Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору алмашты.
“Ынтымак ордо” президент Садыр Жапаров 13-октябрда цирктин жаңы жетекчиси Нурлан Конокбаевди кабыл алып, кызматкерлердин ортосундагы ички пикир келишпестиктерден улам мекеме толук кандуу иштебей жатканын айтканын билдирди.
“Ушуга байланыштуу мекемеге сырттан жетекчи тартуу чечими кабыл алынып, цирктин директору кызматына Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Ал Кыргызстандын кулуну, Кыргыз улуттук консерваториясынын режиссёр-хореограф адистиги боюнча бүтүрүүчүсү жана чыгармачылык чөйрөдө эл аралык кесиптик тажрыйбага ээ”, - деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.
Садыр Жапаров жаңы жетекчиге кыска мөөнөттө жамаатта жагымдуу атмосфераны калыбына келтирүүнү, эмгек тартибин чыңдоону жана цирктин натыйжалуу ишин жолго коюу тапшырмасын берди. Ошондой эле чет өлкөлүк цирк топторун тартууга жана жанрлардын, өнөр көрсөтүүлөрдүн түрдүүлүгүн камсыз кылуу аркылуу цирк программасын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Кыргыз мамлекеттик циркинин айрым кызматкерлери буга чейин цирктин мурдагы директору Асланайым (Светлана) Ашированын ишин сындап, аны кызматтан алуу талабын коюшкан. Асланайым (Светлана) Аширова айтылган дооматтарды четке каккан. (BTo)