Сот төрт "шумкарчынын" ишин экстремисттик деп тапты, Жапаров Аблязовдун айтканын төгүндөдү

Айдар Раев, Сыргак Кенжебаев, Самат Кушбек, Теңгиз Бөлтүрүк. "Азаттыктын" коллажы

Чет өлкөдө жүргөн төрт кыргызстандык жарандын ишмердиги экстремисттик деп табылды. Сөз “Кумтөрдүн” мурдагы тыштан башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк, активисттер Самат Кушбек, Айдар Раев жана жакында чет өлкөдөн кармалып келинген ишкер Сыргак Кенжебаев тууралуу болууда.

Алар акыркы эки айдан бери социалдык тармактар аркылуу бийликке карата кескин билдирүүлөрдү жасап, Ютубда түз эфирде талкууларды уюштуруп келатат. Алардын сын-дооматына президент Садыр Жапаров бир нече ирет жооп берди.

"Шумкар" кыймылынын төрт мүчөсүнө өкүм

Бишкектин Октябрь райондук соту өздөрүн “Шумкар” оппозициялык кыймылы деп атаган төрт жарандын ишмердигин 12-октябрда экстремисттик деп тапканы белгилүү болду. ИИМ жарандарды экстремисттик уюмдардын ишмердигинен оолак болууга чакырууда.

“Тыюу салынган террористтик жана экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышуу, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда экстремисттик мүнөздөгү башка укукка каршы аракеттерди жасоо кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келет. Ушуга байланыштуу Ички иштер министрлиги жарандарды келип түшкөн маалыматтарга кылдат мамиле кылууга, мындай уюмдарга кошулуу тууралуу сунуштарга алдырбоого жана экстремизмди пропаганда кылган материалдарды таратпоого чакырат”, - деп жазылган ИИМ тараткан маалыматта.

Башкы прокуратура жарыялаган террористтик же экстремисттик деп таанылган уюмдардын тизмесинде жыйырмадан ашык топ жана адамдар кирген.

Алардын көпчүлүгү динге байланышкан уюмдар экенин байкоого болот. Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен “Клооп” медиасынын негиздөөчүсү Ринат Тухватшин да ушул тизмеде.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Түрмө мени сындыра алган жок"

Аблязовдун талаштуу билдирүүсү, президенттин жообу

"Кара тизмеге" киргендердин бири, Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин директорунун мурдагы орун басары Сыргак Кенжебаев 12-октябрда чет өлкөдөн алынып келинген.

Ага “массалык башаламандык” боюнча айып коюлуп, тергөө абагына камалган. Калган үч жаран социалдык тармактар аркылуу түз эфирлерин улантып жатат.

17-октябрдагы эфирине казакстандык оппозиционер Мухтар Аблязов да кошулуп, президент Садыр Жапаров бийликке жаңы келгенде телефондон сүйлөшкөнүн жана ал казакстандык саясатчыдан акча сураганын айткан.

Мухтар Аблязов

“Ал абактан чыккандан кийин мага чалды. Биз 40 мүнөттөй сүйлөштүк. Мен анын келечекке кандай пландары бар экенин түшүнүүгө аракет кылдым. Президентиңер каржылык колдоо издеген. Алгач кыргыздардан сураган. Мен макул болгон эмесмин”, - деген Мухтар Аблязов.

Аблязов өз сөзүндө Жапаровдун бийлигин сөз эркиндигин чектөөгө айыптаган. Садыр Жапаров бир күндөн кийин Super.kg порталына бул маселе боюнча комментарий берип, Аблязов менен сүйлөшкөнүн ырастаган.

"Мен Аблязов менен мурдатан тааныш болмок түгүл Аблязовдун “А” тамгасын тааныбайт элем. 2020-жылы октябрь окуяларында менин жанымда азыр түрмөдө олтурган Мелис Аспеков деген бала жүрүп калбадыбы. Бир күнү мага келип телефон сунду: “Мухтар Аблязов “сүйлөштүрүп койчу” деп суранып жатат, сүйлөшүп коюңузчу” деп. Мен эч нерсе оюмда жок эле телефонду алып сүйлөштүм. Ал мени бир-эки мүнөт мактады.[…] Аферист болсо айта берет да. Ал убакта 40 мүнөт эмес, 4 мүнөт сүйлөшкөндөй убактым жок болчу. Акча сураган дегени карандай калп. Өзү кайырчылык кылып, казак элинен Франциядагы жеке жашоосуна теңге сурап жүргөн кайырчыдан мени “акча сураган” дегенине ким ишенет", - деди Жапаров.

Дагы караңыз

Бийликти сындаган Сыргак Кенжебаев кармалды

"Оппозиция болбогон жерде нааразылык түрдүү жол менен айтылат"

Өздөрүн оппозиция деп атаган "шумкарчылардын" айрымдары учурунда азыркы бийликтегилер менен ийиндеш иштегендер.

Мисалы, Теңгиз Бөлтүрүк акыркы убакта “Кумтөрдү” Кыргызстанга алуудагы өзүнүн эмгеги бааланбай калганын айтып, Садыр Жапаровду, мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаровду сындап келатат.

Садыр Жапаров өз кезегинде Бөлтүрүктү чет өлкөдө иштеп келген мыкты адис катары “Кумтөр” компаниясына жетекчи кылганын, бирок ал ишти алдыга тарта албай койгонун айтып келет. Саясат талдоочу Руслан Акматбек "шумкарчылар" тууралуу мындай пикирин айтты:

Руслан Акматбек

“Сапаттуу саясий анализ, экспертиза деген нерсе коомдук саясат болгон жерде болот. Өлкөбүздө коомдук саясат жок болуп калып, сапаттуу талдоо, продукт чыкпай калды. Бирок биз көйгөйлөрүбүздөн арылган жокпуз. Түрдүү багыттагы маселелер дале уланып келатат. Ошондуктан саясат иши репутациясы ар кандай, жеке таарынычы, кеги бар, түрдүү эсептешүүсү болгон адамдарга калат. Алар нааразылыгын түрдүү жолдор менен айтып чыгат да, коомдук саясат ушундай деңгээлге түшөт. Бул токтобой, улана берет. Бүгүн Асан, эртең Үсөн чыга берет. Биз коомдук саясатты нааразы болгондорду ушундай форматка түртүп койдук. Мыйзамдуу түрдө сүйлөгөндөрдү тыйып койсо, коомдук, саясий майдан ушундайларга калат. Бул ошол бойдон уланат. Бул бийлик менен коомдун ортосундагы байланыштын сапатын көрсөтөт”.

Дагы караңыз

"Бөлүп-жарууга аракет кылгандар бар". Президент кимдерди айыптады?

Журналист, талдоочу Адил Турдукулов да ушундай эле көз карашта. Анын баамында, "өлкөдө иш жүзүндө бийликке сын айткан оппозиция жок болгондуктан, оппозициялык күчтөр бейрасмий талаада иш жүргүзө" баштады:

Адил Турдукулов

“Кыргызстанда мындай көрүнүштүн болуп жатканы жакшы көрүнүш эмес. Көбүнесе, шайлоонун алкагында күрөш жүргүзүп, парламентке келип, өкмөткө эле эмес, президентке да сын-пикир айтып турса башкача болмок. Ошондо саясий процесске анализ жасап, талдоого мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Азыр парламент алсыз, президенттин администрациясынын буйрутмасын аткарган нотариалдык орган болгондуктан, ал жактан оппозицияны табуу кыйын. Ушундай процесстен улам оппозициялык күчтөр бейрасмий талаада ишмердигин улантат. Мурда муну Кыргызстанда ишке ашыруу мүмкүн болсо, азыр кыйын. Ошол үчүн да мындай үндөр чет жактан айтылып, радикалдуу пикирлерге элдин көңүлү бурулуп жатканын түшүнүү менен карасак болот”.

Кыргызстанда соңку жылдары бир топ активист, саясатчы жана башка жарандар “жапырт башаламандыкка” айыпталып, камалып жатат.

Дагы караңыз

Аскарбековдун камалышы: Экспертиза эскертүү куралына айландыбы?

Бийлик мындай көрүнүштөрдү жоопкерчилик жана мыйзамга байласа, жарандык коом муну чектөө катары кабыл алып, сындап келет.