Сот Элдар Жакыпбеков баш болгон беш адамды камакта калтырды

Ортодо отурган Элдар Жакыпбеков. Социалдык тармактарда тараган сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы кызматкерлеринин жана аларга байланышы бар адамдардын бөгөт чарасын карап, шектүүлөрдү Бишкектеги №1 тергөө абагына 15-ноябрга чейин камакта калтырды.

Шектүүлөрдү камакта калтыруу өтүнүчүн сотко Аскер прокуратурасынын Тергөө бөлүмүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү берген.

УКМКнын Бишкек башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Тилек Абдыкалыков жана Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук коллеждин мурдагы директору Айбек Ташматов 15-ноябрга чейин камакта калтырылды.

УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев (ред: каймана аты Пито), 9-декабрга чейин камакта калды. Шектүүлөр Бишкектеги №1 тергөө абагында жатышат.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

“Эду” деген каймана аты бар Элдар Жакыпбеков 10-февралда Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалыгынан алынгандан көп өтпөй кармалган. Калган шектүүлөр анын артынан эле катары менен колго түшүрүлгөн.

Июнь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев мыйзамсыз иштерге аралашкан деген негизде УКМКдан 96 кызматкер жумуштан четтетилип, 24үнө кылмыш иши козголгонун билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Бразилиядагы президенттик шайлоо: Экинчи айлампада Лула да Силва жеңди Александр Вучич парламенттик шайлоодо жеңилгенин моюнга алды Садыр Жапаров сотторду УКМК кызматкерлеринен "коркпоого" чакырдыАбактагы Темирлан Султанбеков кайра кат жазып, сот өкүмүн "саясий кысым" деп атады Дүйнө чемпионаты: Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн коло алды“Ош базары” жаңы ордуна 2027-жылдын жазында көчүрүлөтПрезидент мектептердеги рэкетчиликке катуу чара көрүлөрүн айттыКапаловдун жубайы анын өлүмүн кайра иликтөө талабы менен президентке кайрылды