Мамлекет башчы Садыр Жапаров аймактарды кыдырып, эл менен жолугушуусу жана президенттик шайлоо тууралуу super.kg сайтынын суроолоруна жооп берди. Ал шайлоого президенттик кызматын тапшырбай туруп талапкер болуп катышарын, бул мыйзам эгемен Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин тушунан бери эле иштеп келатканын айтты.
Ал эми 2021-жылы эл шайлаган президент эмес, премьер-министр, президенттин милдетин убактылуу аткаруучу болгондуктан премьер-министрдин ыйгарым укуктарын тапшырып, Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Талант Мамытов президенттин милдетин аткарып калганын кошумчалады.
Андан тышкары аймактарды кыдырып, эл менен жолугушуп жатышынын шайлоо алдындагы үгүт иштерине тиешеси жок экенин билдирди.
“Үгүт иштери боюнча бардыгына бирдей шарт түзүлөт. Азыркы эл менен жолугушууларымды үгүт катары кабыл алуу туура эмес. Мен жыл башынан бери эле ар бир районду кыдырып келе жатам. Ноябрь ичи бүтөм. Элдин алдына өзүм чыгып, көйгөйлөрүн угуп, мамлекеттик органдардын ишин көзөмөлдөп жатам. Бул – менин президент катары түздөн-түз милдетим. Эгер мен эл менен жолугушууларда “Мага добуш бергиле, шайласаңар тигини же муну жасап берем” десем, анда үгүт жөнүндө сөз кылууга негиз болмок. Бирок мен эч кимди өзүмө добуш берүүгө чакырган жокмун. Мыйзам талаптарын жакшы билем жана аларды сактап жатам. Башка талапкерлерге тоскоолдук жаратуу же кимдир бирөөгө басым көрсөтүү ниетим жок”, - деди президент.
Садыр Жапаров Баткен, андан соң Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, бир катар район, шаарлардын тургундары менен жолугуп, элдин суроолоруна жооп берди. Мамлекет башчыны министрлер, аким, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү коштоп жүрдү.
Президент буга чейин Ош облусуна, Нарын облусуна да барып эл менен жолугушууларды өткөргөн жана октябрь-ноябрь айларында ушундай эле форматтагы жолугушуулар уланарын, ага губернаторлор, облустук деңгээлдеги прокуратура, ички иштер, өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин өкүлдөрү жана башка мекеме жетекчилер катышарын айткан.
21-октябрда Бишкекте бардык министрлер, мэр, облус башчылары катышкан кеңешме өткөрүп Кыргызстандын алдыдагы беш жылда бардык тармактарда аткарылчу иштер тууралуу сөз кылган. Коомчулукта “Садыр Жапаров өткөргөн жыйын, айыл-аймактарды кыдыруусу шайлоо алдындагы үгүт ишиби?” деген суроолор берилүүдө.
Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. (BTo)