Санкциялык тобокелдиктен улам Кыргызстанда жалпы 52 ишкана жабылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана коммерция министрлиги эл аралык санкцияларды кыйгап өтүүгө байланыштуу тобокелдикти азайтуу үчүн 20-октябрга карата 52 ишкана ишин токтотконун, дагы 57 компанияны мажбурлап жабуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди. Мамлекеттик банктар 240тан ашык эсепти жапты.

Министрлик мындан тышкары A7 тармагынын жана A7A5 стейблкоининин ишмердиги тууралуу да комментарий берди. Мекеме A7 жана A7A5 менен байланышкан рыноктун катышуучуларына чара көрүлүп, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) рыноктун бир катар катышуучуларынын лицензияларын кайтарып алганын кошумчалады. Бирок кайсыл тараптардын лицензиясы алынганын тактаган жок.

“Министрлер кабинети тарабынан да бир катар уюмдарды жоюу жөнүндө чечимдер кабыл алынган. Башка субъекттерге байланыштуу материалдар текшерүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилген”, - деп айтылат маалыматта.

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстан Европа Биримдиги, Улуу Британия, АКШ жана башка эл аралык өнөктөштөр менен санкцияга байланышкан маселеде кызматташууга даяр экенин кабарлады. Министрлик негизги максат финансы системасынын ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, мыйзамдуу сооданы коргоо жана Кыргызстандын узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүүсү үчүн шарттарды сактоо экенин кошумчалады.

Батыш өлкөлөрү 2022-жылы орус аскерлеринин Украинага басып киришине байланыштуу Орусияга каршы санкцияларынан сырткары ага көмөктөшкөн деп эсептелген мамлекеттердеги компанияларга да экинчи деңгээлдеги санкцияларды салып келет.

Кыргызстандагы компанияларга 2023-жылы май айында биринчи жолу санкция салынган. Кыргыз бийлиги жеке компанияларды текшерүүгө алып жатканын билдирип, банктарга салынган санкцияларды алууга чакырган.

“Азаттыктын” эсебинде 2026-жылдын июнуна карата 31 кыргызстандык компания Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илинген. Анын ичинде беш банк – “Керемет банк”, “Капитал банк”, “Толубай банк”, “Евразиялык сактык банкы” жана “ЭкоИсламикБанкы” бар.

A7 компаниясынын негизги фигураларынын бири Молдовадан чыгып кеткен ишкер Илан Шор. A7 менен Орусиянын аскердик өнөр жай тармагын тейлеген, санкциядагы “Промсвязьбанктын” да байланышы бар. Банктын A7деги үлүшү 49% чейин экени буга чейинки иликтөөлөрдө көрсөтүлгөн.

Кыргызстандагы байланыштар буга чейин да иликтөөлөргө чыккан. “Азаттыктын” Кыргызстандын Юстиция министрлигинин документтерине таянган иликтөөсүндө A7A5 криптовалютасын чыгарган Old Vector компаниясы Кыргызстанда катталганы аныкталган. Ошол эле документтерде A7-Кыргызстан компаниясы да Бишкекте каттоодон өткөнү көрсөтүлгөн.

АКШ 2025-жылы Old Vector компаниясын да санкциялык тизмеге киргизген. Каржы министрлигинин 1-октябрдагы жаңы билдирүүсүндө A7A5 токенин Old Vector чыгарары жана A7 тармагы аны эл аралык операцияларды жүргүзүп, санкцияларды кыйгап өтүү үчүн түзгөнү айтылат. (BTo)

Дагы караңыз

Финляндия орусиялык активистке башпаанек берүүдөн баш тартып, аны депортациялоо чечимин чыгардыПрезидент Жапаров Ширшов мамлекеттик мекемелердин ишине кийлигишпей турганын айттыПрокуратура Аскат Жетиген кыйноого кабылганы тууралуу арыз жазышы керектигин билдирдиИзраилдеги шайлоо: оппозиция жана бийлик тең чыкканы кабарлануудаСадыр Жапаров эл менен жолугушуусу шайлоого байланыштуу эмес экенин айтты