“Кемпир-Абад иши”: Суранованын мамлекеттен кенемте өндүрүү арызы сотто карала баштады

Перизат Суранова.

Бишкектин Биринчи май райондук соту “Кемпир-Абад иши” боюнча айып тагылып, кийин соттон акталган Перизат Суранованын мамлекеттен кенемте өндүрүү боюнча арызын карап баштады. 28-октябрда баштапкы соттук угуу болуп, ага Финансы министрлигинин өкүлү да чакырылган. Бирок белгисиз себептер менен ал келген жок. Кийинки соттук жараян 10-ноябрга белгиленди.

Ушул эле иш боюнча айыпталып, соттон акталган Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова да буга чейин кенемте талап кылып арыз тапшырган.

“Кемпир-Абад ишинин” дагы бир фигуранты Азимбек Бекназаров буга чейин “кемпирабадчылар” Камчыбек Ташиевди, Курманкул Зулушевди жана Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү Улан Жапековду сотко берүүнү максат кылышып, бирок аларды президент Садыр Жапаров токтотуп койгонун билдирген.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга бербөө талабы менен чыккан жалпы 27 адам 2022-жылы күзүндө кармалып, камакка алынышкан. Аларга Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен иш козгоп, 2023-жылдын январында кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф коюлган. Ишти ИИМдин Тергөө кызматы тергеп, ошол жылдын июнь айында сотко өткөргөн.

Айыпталуучулардын баары коюлган кинени мойнуна алган эмес. Кармалган 27 кишинин ичинен сегизи тергөө абагында калып, калгандары түрдүү жагдайда эркиндикке чыккан.

“Кемпирабадчыларды” 2024-жылдын 14-июнунда Биринчи май райондук соту, 2026-жылдын 27-мартында Бишкек шаардык соту актаган. “Кемпирабадчыларга” иш козголуп, камалган учурда Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, Курманкул Зулушев башкы прокурор болуп турган. (BTo/DSh)

Дагы караңыз

Испанияда эки поезддин кагылышуусунан каза тапкандар 60тан ашты Темир Сариев кыргыз-казак чек арасындагы тоскоолдуктарды сынга алдыУкраина Орусиянын Тула облусундагы химиялык заводго сокку урду Израилдеги шайлоо: оппозиция жана бийлик тең чыкканы кабарлануудаИзраил: Нетаньяхунун блогу шайлоодо аз айырма менен алдыда баратат Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга арыз бердиМэр Жунушалиев ишкерден акча алган кызматкерлерин текшерүүнү талап кылдыСадыр Жапаров эл менен жолугушуусу шайлоого байланыштуу эмес экенин айтты