Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Кыргызстандагы элчилиги АКШга виза алууга байланыштуу алдамчылык фактыларын аныктоо жана алдын алуу боюнча аракеттерди күчөткөнүн билдирди. Элчилик АКШ визасы укук эмес, артыкчылык берерин эскертти.
АКШ 2025-жылдын август айында виза алуучулар үчүн пилоттук виза боюнча депозиттик программасын ишке киргизген. Ал 12 айга эсептелген жана туристтик (B-2) же ишкердик (B-1) визаларга тиешелүү болгон. Башында программа Малави жана Замбиянын жарандарына гана тиешелүү болгон, бирок АКШ 2026-жылдан баштап өлкөлөрдүн тизмесин кеңейткен.
Ал тизмеге Кыргызстан ушул жылдын январь айында кошулуп, кыргыз жарандары B1/B2 (туристтик жана иш сапар визасы) визаларын алуу үчүн арыз тапшырып, жарактуу деп табылса 5, 10 же 15 миң доллар өлчөмүндө күрөө (visa bond) төлөөгө милдеттүү болгон. Күрөөнүн көлөмүн маектин жүрүшүндө консул аныктайт. Кийин күрөө 20 миң долларга чейин көтөрүлдү.
Бул чара АКШ администрациясынын мыйзамдуу жана мыйзамсыз миграцияны кыскартууга багытталган кеңири стратегиясынын алкагында кабыл алынганы айтылган. Мамлекеттик департамент күрөө төлөтүү талабы туристтик же иш визасы менен барып, Америкада мөөнөтүнөн ашыкча калып кетүүгө жол бербөө максатын көздөй турганын билдирген.
Бул чечим Ички коопсуздук министрлигинин 2024-жылдагы баяндамасындагы кайсы өлкөнүн жарандары визада көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашыкча калганы боюнча жүргүзүлгөн көрсөткүчтөргө таянуу менен кабыл алынган.
Күрөө төлөп, виза алгандар АКШга үч гана аэропорт аркылуу кирип-чыга алат. Алар Бостондогу Логан эл аралык аэропорту, Нью-Йорктогу Жон Ф. Кеннеди эл аралык аэропорту жана Вашингтондогу Даллас эл аралык аэропорту.
Эгер виза алган адам Америкадан уруксат берилген мөөнөттөн кеч калбай чыгып кетсе, визанын мөөнөтү бүткөнгө чейин АКШга таптакыр барбаса же чек арадан кирүүгө арыз берип, бирок уруксат ала албаса, күрөө автоматтык түрдө жокко чыгарылып, акча кайтарылат.
Ал эми эгер АКШда уруксат берилген мөөнөттөн ашык калып калса, өлкөдөн такыр чыкпай койсо же иммигрант эмес макам менен жүрүп макамын өзгөртүүгө, анын ичинде башпаанек алууга арыз берсе төлөнгөн каражат кайтарылбай калышы мүмкүн. (BTo)