Бишкекте жубайына зомбулук көрсөткөн деген шек менен 24 жаштагы адам Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматында шектүүгө Укук бузуу жөнүндө кодекстин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен протокол түзүлдү. Окуя 15-ноябрда Новопавловка айылындагы Семиз-Көл көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанында болгону аныкталган.
Буга чейин социалдык тармактарда бир адам колунда бала көтөрүп жүргөнүнө карабай келинди күч менен автоунаага салууга аракет кылып, чачынан кармаганы тартылган видео тараган.
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында (январь айынан сентябрга чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 21 миң 138 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2025-жылдын алгачкы тогуз айына салыштырганда 29,8% же 4854 фактыга көп.
Расмий статистика өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук фактылары өсүп жатканын көрсөтөт. Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 миң 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% же 4212 окуяга көп.
2025-жылы ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча 22 миң 152 факты катталган. Былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголуп, мында 458 аял, 104 бала жана 94 эркек киши жабыркаган. (BTo)