Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Түркмөнстан бийлигине Кыргызстанга мунай заттарын түз жеткирүү келишимдерин түзүү сунушун берди.
Мындай демилгени ал 19-ноябрда Ашхабадда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөт аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын 7-жыйынында көтөрдү.
Азыр Кыргызстан Түркмөнстандан мунай заттарын түз эмес, негизинен ортомчу компаниялар же биржалык соода аркылуу абдан аз көлөмдө сатып алат.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстан жылына болжол менен 1 миллиард 400 миллиондон 1 миллиард 850 миллион тоннага чейин мунай продуктуларын (бензин, дизель жана суюлтулган газ) керектейт. Анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизель, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат.
Жакынкы Чыгыштагы абал жана Украинанын Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасаган чабуулдары дүйнөдө кара майдын кымбатташына алып келди.
Ушундан улам Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майды ташып келүү боюнча Орусиядан тышкары Беларус, Кытай жана Өзбекстан менен кызматташып жатканы айтылган. (BTo)