"Абакта калган балалык". Маңзат бизнесинин торуна түшкөн өспүрүмдөр

Өспүрүмдөр абагы. Маңзат үчүн соттолгон бала. Коллаж сүрөт.

Социалдык тармактарда, Telegram'да көп акча убада кылган курьерлик жумуш жарнамаланат. Бир караганда, иштеп, акча тапкысы келгендерге бул жакшы мүмкүнчүлүктөй сезилет. Бирок артында түрмөгө түрткөн жол турушу мүмкүн.

Кыргызстанда баңгизат таратууга байланыштуу кылмыш үчүн соттолгон өспүрүмдөр көбөйүп, бул маселе коомчулукта тынчсыздануу жаратууда. Алардын көбү интернеттен жумуш издеп жүрүп, "курьер", "доставка" деген жарыяларга алданып калганын айтышат. "Азаттык" өспүрүмдөр баңгизат таратууга кантип тартылып жатканын, алар эмнеден улам кылмыштуу тармактын торуна түшүп калганын иликтеди.

Инстаграмдагы жарнама

Чүйдүн Нооруз айылындагы №14 балдар колониясында оор кылмыш үчүн соттолгон өспүрүмдөр жазасын өтөп жатат. Алардын бири баңгизат таратуу үчүн камалган. Коопсуздук максатында анын аты-жөнү өзгөртүлүп, Азамат деп берилди.

Азаматтын айтымында, баары 14 жашында, жайкы каникул маалында жумуш издөөдөн башталган:

"Окуу жылы бүткөндө жумуш издегим келди. Инстаграмдан "доставка, айлыгы чоң" деген жарнаманы көрүп калып, кызыгып жазып көрдүм. Жазсам, Телеграмга өткөрүштү. Телеграмдан "анкета толтурасың" дешкенинен аты-жөнүмдү, шаарымды жаздым. Эртеси күнү баңгизат таратасың, бекитесиң деп жазышты. Аны билгенден кийин "иштебейм" деп, аларды бөгөткө салып койдум".

Бирок андан кийин аны коркутуп, иштөөгө мажбурлай башташкан экен:

Маңзат үчүн соттолгон бала.

"Эч нерсе дей электе эле колумдан кармап, машинага отургузуп, коркута башташты. "Сен ушул жакка Телеграм аркылуу "иштейм" деп жазыпсың. Бирок бөгөткө салып, качып кетейин деп жатасың. Эки жума бекер иштеп, "штраф отработка" кылып бересиң. Эгер иштебей качып кетейин десең же милицияга кайрылсаң, сени өлтүрөбүз" дешти. Мени гана эмес, үй-бүлөмө, жакындарыма да тийишерин айтып коркутушту. Ошол кезде алардын айткандарына ишенип, аябай коркуп калдым. Алар мага ар кандай видеолорду да көрсөтүштү".

Өспүрүмдүн айтымында, коркутуулар Телеграмдагы билдирүүлөр аркылуу дагы уланып турган:

"Үйгө барып кайра карасам, "Эки жума бекер иштейсиң, акчаңды бербейбиз. Качып кетейин десең, баары бир табабыз" деп жазыптыр. Коркконумдан иштеп калдым. Бул тууралуу үй-бүлөмө да, жакындарыма да, эч кимге айткан эмесмин".

Азаматка Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") менен кылмыш иши козголуп, Чүй облустук соту аны төрт жылга эркинен ажыраткан.

Юрист болууну кыялданган Нургелди

Нурзат Мурзапарованын 17 жаштагы иниси Нургелдиге да ушул эле берене менен иш козголгон. Манас шаардык соту аны беш жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Келечекте юрист болууну кыялданган өспүрүм азыр тергөө абагында.

Биз ушул эки каармандын окуясынын негизинде өспүрүмдөрдү баңгизат сатууга аралаштыруу механизми кантип ишке ашарын түшүнүүгө аракет кылдык.

Нурзат инисине дайыма жардам берип турганын эскерет:

Нурзат Мурзапарова

"Мен иниме жумасына 5–10 миң сомдон акча жөнөтүп турар элем. Ал кыз менен сүйлөшүүгө кызыккан куракка келип калган, акчанын кандай эмгек менен табылганын билчү эмес. Кызга гүл жана башка кымбат баалуу белектерди алганда ичим абдан ачышчу. Себеби Москвада орустардын колунда 14 сааттан иштечүмүн. Иним эч нерседен кем болбосун деп жөнөткөн 5–10 миң сомду бир букет гүлгө коротуп койчу. Ачуум келип: "Өзүң акча тапканда минтип ашыкча кымбат көңүл бурсаң болот, азырынча андайдын кереги жок" деп айтчумун. Ушундан кийин иним машина жууй турган жерде иштеп баштаптыр. Андан соң Телеграмдагы "Жалал-Абад Манас работа" деген каналдан жумуш издей баштайт. Ошол жерден "иш тартиби эркин, жаш курагы боюнча талап жок" деген жарнама менен курьердик жумуш чыгат".

Күнүнө 70 миң рубль убада кылган тузак

Нурзат сыяктуу биз менен сүйлөшкөн бир нече адамдын айтымында, өспүрүмдөрдү бул ишке тартуу негизинен Телеграм каналдары аркылуу жүрөт.

"Азаттык" Телеграм жана Инстаграм аркылуу жарыяланган ондогон "курьер" жумуштарын карап чыгып, алардын айрымдарына өспүрүмдүн атынан байланышып көрдү.

Алардын бири мындай деп жооп берген: "Күнүнө 70000 рублга чейин тапсаң болот. Биз баңгизат менен иштейбиз. Сага товар катылган жердин сүрөтүн жиберебиз. Аны алып башка жакка катасың".

Дагы бир жарыяда болсо мындай сунуш түшкөн: "Ооба. Күнүнө 20000 рублга чейин тапсаң болот. Биз баңгизат менен иштейбиз. Өзүңдүн шаарындагы катылган баңгизатты таап, башка жакка катасың. Эркин графикте иштесең болот. Тамак-ашыңа, жол киреңе жардам беребиз. Биз бул рынокто 10 жылдан бери иштейбиз. Биз КМШ өлкөлөрүндөгү эң ири дүкөндөрдүн бирибиз".

Журналист акча кандай берилерин сураганда алар криптокапчык аркылуу төлөнөрүн айтып, орношуу үчүн паспорттун сүрөтүн талап кылышкан. Иштебей турганын билдиргенден кийин "Даярсыңбы? Акча керекпи? Кел, иште. Акча табасың" деп дагы бир ортомчу байланышууга аракет кылган.

"Закладчик", "куратор"...

Адистер түшүндүргөндөй, "закладчик" деген баңгизатты белгиленген жерден алып, башка жашыруун жайга катып, анын жайгашкан жерин "кураторго" жөнөткөн адам. Кийин ал баңгизатты сатып алуучулар таап, алып кетишет.

"Куратор" болсо "закладчикке" тапшырма берген адам. Ал баңгизатты кайдан алып, кайсы жерге катып коюу керектигин көрсөтүп турат.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын алдын алуу жана коомчулук менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн адиси Каныбек Үсөновдун айтымында, "закладка" азыр дүйнө жүзүндө баңгизат таратуунун негизги жолдорунун бири болуп калды:

Каныбек Үсөнов

"Себеби бул жерде бири-бирин көрбөй туруп иштешет. Мисалы, "куратор", же ортомчу, "закладчикке" баңгизат кайсы жерге катылганы тууралуу маалымат жөнөтөт. Эгер ал 100 грамм баңгизат алса, аны бир граммдан бөлүп, өзү үйүндө даярдап, Бишкек же Чүйдөгү камерасы жок жерлерге барып катып, координаттарын "кураторго" жөнөтөт. Ошентип, бул ишке "жумуш" катары орношуп алышат".

Коркутуу жана опузалоо

Нурзаттын айтымында, иниси жумушка макул болгондон кийин кылмыштуу топ өкүлдөрүнө өзүнүн жеке маалыматтарын жөнөтүп койгон экен:

"Ал жакка жазат. Иним ал убакта квартирада жашачу, паспорт ала элек болгондуктан туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн тартып, колуна кармап түшкөн сүрөтүн жана жашаган дарегин жөнөтөт".

Азамат дагы анкета толтуруп маалымат бергенин айтат:

"Башында анкетага жооп бергем. Каякта жашайм, шаарын жазып жибергем".

Маектештердин сөзүнө караганда, өспүрүм жеке маалыматтарын бергенден кийин "кураторлор" аны оңой менен коё бербейт. Коркутуу, шантаж жана психологиялык басым аркылуу аны иштөөгө мажбурлашат.

Нурзаттын айтымында, анын инисин гана эмес, бүтүндөй үй-бүлөсүн коркутушкан:

"Алар "Эжең бойдок экен, зордоп, өлтүрүп, тоонун арасына көмүп келебиз" дешиптир. Айыл четине алып кетип урушуптур. Тепкилеп, "сен бул ишти жасайсың" депчи".

"Балдарыбызга ырайым берилсин"

Балдары Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кармалган ата-энелердин атайын тобу түзүлгөн. Анда 300дөн ашуун адам бар жана көбүнүн балдары өспүрүмдөр.

Жакында бул топтогу отузга жакын ата-эне Бишкекте чогулуп, мамлекеттен жардам сурады:

"Балам Телеграмда жумуш издеп, ушул ишке аралашып калды. Бир күн эле иштептир".

"Менин балама 12 жыл берип салды. 11 грамм менен кармалыптыр".

Чогулгандардын "Балдарыбызга ырайым берилсин" деген жалгыз гана талабы болууда.

Алардын окуяларын угуп отуруп бир нерсе көзгө урунат. Көпчүлүк ата-эне балдары кылмышка аралашып жүргөнүн алар кармалгандан кийин гана билген. Көп учурда бул кабарды алар милиция кызматкерлеринен уккан.

"Бизден ушунчалык алыстап кеткен"

"Азаттык" менен сүйлөшкөн ата-энелер жана балдардын жакындары акыркы күндөрү балдары өзгөрүп, түнт боло баштаганын байкашкан.

"Бизден ушунчалык алыстап кеткен. "Чай ичип кетчи" десек да келбейт, чалсак албайт. Кийин билдим, ошол учурда коркутуп жүрүшүптүр", - дейт Нурзат Мурзапарова

№14 балдар колониясынын психологу Медина Исанованын айтымында, мындай учурда бала ата-энесине коркпой кайрыла ала тургандай ишенимдүү мамиле өтө маанилүү:

Медина Исанова

"Балдардын ата-энеси менен ачык сүйлөшө албаганында чондордун өзүлөрүнүн да күнөөсү болушу мүмкүн. Балага жетиштүү убакыт бөлүп, күнү кандай өткөнүн сурап туруш керек".

5-15 жылдык жаза мөөнөтү каралган

ИИМдин маалыматына караганда, жыл сайын Кыргызстанда маңзатка байланыштуу миңден ашык кылмыш катталат. Анын болжол менен бир пайызы өспүрүмдөргө туура келет.

2026-жылдын сегиз айында Кыргызстанда төрт жашыруун нарколаборатория аныкталып, баңгизатка байланыштуу 710 кылмыш катталган.

ИИМдин өкүлү Каныбек Үсөнов "закладчиктер" эмне үчүн жоопко тартылып жатат деген суроого мындай жооп берди:

Дагы караңыз

ИИМ баңгизат таратуунун трансулуттук каналына бөгөт коюлганын билдирди

"Биз мыйзамдын чегинде иштейбиз. Мыйзамда кандай көрсөтүлсө, биз ошону аткарабыз. Баңгизатты катуунун жазасы 282-беренеде "5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу, мүлкүн конфискациялоо" деп көрсөтүлгөн. Биздин жарандар кылмыш жасады. Биз жооп катары кылмышкерди издеп, таап, жоопко тартабыз. Ал эми "кураторлору" башка мамлекетте болгондуктан ыкчам иш-аракеттер менен аныктап, чет элдик маалымат органдарына бөлүшөбүз. Анан алардан жооп күтөбүз".