"Агалардан чарчадык". Азербайжан менен Борбор Азиянын алакасы

Баку соңку кезде Борбор Азия менен жигердүү кызматташууда. Азербайжан аймак лидерлеринин консультативдик жолугушууларынын толук укуктуу катышуучусу болуп, 2027-жылы бул форматты биринчи жолу жетектейт.

Баку Кыргызстан менен өнөктөштүк келишимге жана Өзбекстан менен түбөлүк достук жөнүндөгү келишимге кол койду, биргелешкен инвестициялык фонддорду түздү. Азербайжандык бизнес бул чөлкөмдө ар кандай долбоорлорду өнүктүрүүдө, ал эми сентябрда Баку теги өзбекстандык орусиялык олигарх Алишер Усмановго салынган Евробиримдиктин санкцияларын алууга байланыштуу окуяга аралашып калды. Мунун баары башкы өнөктөшү - Түркия менен мамилеси сууп кеткен тушта болуп жатат. Бул мамилелерди жакындатуу артында эмне турат - жаңы рыноктор менен соода жолдорубу, саясий элиталардын кызыкчылыгыбы же "улуу агалардын" таасиринен арылуу умтулуубу?

Ардактуу коноктон төрагалыкка чейин

Бир нече жыл мурда Илхам Алиев Борбор Азия лидерлеринин консультативдик жолугушууларына ардактуу конок катары келчү. Эми Азербайжан бул саясий клубдун толук кандуу мүчөсү. Алиев биринчи жолу жаңы макамда 2026-жылдын жайында Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында өткөн жыйынга катышты. Келерки жылы Баку ага биринчи жолу төрагалык кылат.

Бул жөн гана формалдуулук эмес. Алиевдин өзүнүн айтымында, үч жарым жыл ичинде ал аймакка 16 жолу барган, ал эми борбор азиялык кесиптештери Азербайжанда 26 жолу болушкан.

"Бул статистика динамика, мамилелердин жакындыгы, бүгүнкү күндө Борбор Азия менен Азербайжан бирдиктүү геосаясий жана геоэкономикалык аймакка айланып калганы тууралуу баарынан жакшы айтып турат", - деген Алиев Чолпон-Атада.

Борбор Азиянын жана Азербайжандын лидерлеринин бейформал жыйыны. Чолпон-Ата, Кыргызстан.

Бул дипломатиялык жигердүүлүк артында так макулдашуулар жана каражаттар турат. Азербайжан Кыргызстан менен өнөктөштүк жаатындагы келишимге жетишти. Ал эми Өзбекстан менен түбөлүк достук документине кол коюлду. Алиевдин жардамчысы Хикмет Гаджиевдин айтымында, бул Бакунун дипломатиялык тажрыйбасындагы биринчи документ.

Азербайжан Бишкек, Ташкент жана Астана менен биргелешкен инвестициялык фонддорду түзгөн, алардын капиталы жылдан жылга өсүүдө. Өлкөлөр бири-биринин аймагында мектептерди, сейил бактарды, мейманканаларды ачып, жаңы бизнес-долбоорлорду ишке киргизүүдө.

"Биз Борбор Азия менен Түштүк Кавказ ортосунда бекем көпүрө курабыз, кызматташтыктын бирдиктүү мейкиндигин калыптандырууга жол ачабыз - бул, албетте, эки аймактын тең стратегиялык өз ара байланышын жана туруктуулугун бекемдейт", - деп айткан Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.

Соода байланыштары да өнүгүп жатат. Алиевдин айтымында, 2025-жылы Бакунун Борбор Азия өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү жогорулады. Азербайжандын өзүндө борбор азиялык капиталга ээ 400дөн ашуун компания иштейт.

Илхам Алиев, Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев. (солдон оңго карай)

Баку Усмановго салынган санкцияларды алууга кантип аралашты?

Жакындашуу ачык саясатта эле эмес, көшөгө артында да байкалууда. Муну орусиялык миллиардерлердин бирине байланыштуу Азербайжандын, Өзбекстандын, Франциянын кызыкчылыктары күтүүсүз кесилишкен окуя далилдей алат.

Сентябрда Азербайжан өзүнө такыр тиешеси жок окуяга катышты. Евробиримдик теги өзбекстандык орус олигархы Алишер Усмановго салынган санкцияларды алып салды.

ЖМКлардын маалыматында, бул демилгени Франция менен Словакия көтөргөн. Бирок Financial Times жана Reuters дагы бир кызыкдар тарап - Азербайжан тууралуу кабарлады. Журналисттердин маалыматында, Парижге негизги басымды Баку басым жасаган болушу мүмкүн.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Европа миллиардер Алишер Усмановду санкциядан кантип чийди?

Ал учурда Азербайжанда Франциянын эки жараны абакта отурган. Эки өлкөнүн мамилеси армян маселесинен улам өтө чыңалган абалда эле. Усмановго салынган санкциялар алынгандан кийин Баку тыңчылык айыбы менен соттолгон француз жарандарынын бирине ырайым берген.

Бул окуялар ортосунда түз байланыш болду беле? Азербайжан санкцияларды алууну лобби кылууга катышканы тууралуу кабарларды четке какты.

Азербайжандын Улуттук жыйынынын депутаты Расим Мусабеков да Баку Усмановдун кызыкчылыгында аракеттенгенин четке кагууда. Анын божомолунда, чектөөлөрдүн алынышына баарынан мурда Париж менен Ташкент кызыкдар болгон. Депутаттын ырасташынча, Францияга атомдук электр станциялары үчүн өзбек ураны керек, ал эми француз жаранынын бошотулушу макулдашууга кирген кошумча шарт болуп калган.

Расим Мусабеков

"Өзбекстан лобби кылган, Макрон да лобби кылган. Өз жарандарынын алдында жакшы көрүнүү үчүн Макрон Мирзиёевди камакка алынган француз тыңчысын бошотуу үчүн Азербайжанды ынандырууну өтүнгөн. Башкача айтканда, Азербайжандын эч кандай лоббиси болгон эмес. Ал көптөгөн өтүнүчтөргө гана кадам таштаган", - дейт Мусабеков.

Парижде бошотууну Баку менен "сабырдуу" диалогдун жыйынтыгы деп аташты. Ал жакта Усмановго салынган санкциялардын алынышы менен кандайдыр бир байланыш бары ачык айтылган жок.

Эгер Азербайжан бул окуяда Өзбекстанга чындап эле жардам берген деп божомолдосок, анын ордуна эмне алышы мүмкүн эле?

Саясат таануучу жана Central Asia Due Diligence уюмунун жетекчиси Алишер Илхамов кеп экономикалык кызыкчылыктар тууралуу болушу мүмкүн деп болжолдойт.

Алишер Илхамов

"Азыр биз SOCAR (Азербайжандын Мамлекеттик мунай компаниясы) Өзбекстандын мунай-газ тармагында белгилүү бир артыкчылыктарга (преференцияларга) ээ болуп жатканын билебиз, ал эми ал жакта иштей турган айрым компаниялар Азербайжандын президенттик үй-бүлөсүнө жакын. Мындай алмашуу көшөгө артында жүрдү. Геосаясий союздан тышкары, бизде олигархиялык союз да бар", - дейт Алишер Илхамов.

Евразия чөлкөмүн изилдөөчү жана түрк тарыхчысы Огул Туна бул окуяга башка өңүттөн кароону сунуштайт. Анын пикиринде, сүйлөшүүлөрдүн майда-чүйдөсүнө карабастан, бул азербайжан дипломатиясынын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп турат. Анткени эксперттин божомолунда, Париж менен пикири келишпегенине карабай, Баку эл аралык сүйлөшүүлөрдүн таасирдүү катышуучусу болуп калышы мүмкүн.

Огул Туна

"Азербайжан өзүнүн дипломатиялык салмагын Өзбекстандын өтүнүчү менен, балким, башка мамлекеттердин, анын ичинде Орусиянын да өтүнүчү менен колдонгон болушу ыктымал. Биз көп жылдардан бери Азербайжандын Европарламенттеги жана АКШдагы ишмердүүлүгүнө байкоо салып келебиз. Бул маселе боюнча бир топ изилдөөлөр жана иликтөөлөр жүргүзүлгөн. Азербайжан лоббисттик ишмердүүлүккө олуттуу ресурстарды жумшайт жана көздөгөнүнө жетет", - дейт Туна.

Эмин Агаларов жана анын долбоорлору

Азербайжан Борбор Азияга Батышка чыгуу үчүн кошумча дипломатиялык канал боло алат. Ал эми Баку үчүн бул жакындашуу жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде саясий элиталарга жакын бизнес үчүн дагы шарттарды түзөт.

Эмин Агаларов - орусиялык-азербайжандык ырчы, ири ишкер жана Илхам Алиевдин мурдагы күйөө баласы. Бүгүн ал Баку менен Борбор Азиянын экономикалык жакындашуусунун эң көрүнүктүү катышуучуларынын бири.

Шавкат Мирзиёев жана Эмин Агаларов (солдо)

Ташкент ичип отурган суунун башаты болгон Чарвак суу сактагычынын жээгинде Агаларов Sea Breeze Uzbekistan курортун куруп жатат. Анын айтымында, долбоор үчүн бул жерди ага Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жеке өзү сунуштаган.

Компаниянын жерди кандай шартта алганы да көңүлдү бурду, 577 гектар жер 25 жылга берилген. Баалоолорго караганда, мындай тилкенин ижарасынын рыноктук баасы болжол менен 133 миллион АКШ доллар. Бирок иш жүзүндөгү ижара акысы - 1,3 миллион доллар. Айырмасы дээрлик жүз эсе. Өзбекстандын бийлиги муну компания 240 миллион доллар өлчөмүндө инфратүзүмдүк төлөм киргизүүгө тийиш экени менен түшүндүрүүдө.

Курулушту ким баштап бергени да символикалуу: алар - Өзбекстан менен Азербайжандын президенттери.

Саясат таануучу Алишер Илхамов мындай долбоорлор эки өлкөнүн таасирдүү топторунун ортосундагы экономикалык гана эмес, жеке байланыштарды да бекемдеши мүмкүн деп эсептейт.

"Бизде эки өлкөнүн, жок дегенде ушул эки өлкөнүн ортосунда олигархиялык биримдик бар. Башкалары менен мамиле кандай өнүгөрүн билбейм. Мунун баары өз ара байланыштарды чыңдап, азыр Азербайжан менен Борбор Азиянын ортосунда калыптанып жаткан союзду бекемдейт", - дейт Илхамов.

Шавкат Мирзиёев жана Илхам Алиев

Sea Breeze - Өзбекстанда президент Алиевдин чөйрөсүнө байланышкан жалгыз ири бизнес-долбоор эмес. Ташкентте азербайжандык PASHA холдинги беш жылдыздуу мейманкана жана The Ritz-Carlton турак жай комплексин куруп жатат. Анын жарыяланган баасы - 200 миллион АКШ доллары.

OCCRP иликтөөчүлөрүнүн жана азербайжандык журналисттердин маалыматында PASHA Holding Алиевдин кыздары - Лейла жана Арзуга байланыштуу.

Былтыр Эмин Агаларов Казакстандын Мангыстау облусунда эл аралык деңгээлдеги курорт ачуу ниетин билдирген. Мамлекеттик Kazakh Tourism компаниясы жана Агаларовдун Sea Breeze Resort курорту меморандумга кол коюп, Каспийдин казакстандык жээгинде Азербайжандагы Sea Breeze сыяктуу рекреациялык аймак түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан.

Кийинчерээк ЖМКлар Казакстан Бакуга өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Алакөл көлүндө санаториялык-курорттук комплекс курууну сунуштаганын жазышкан.

"Баарыбыз улуу агалардан тажадык"

Узак убакытка чейин Бакунун башкы өнөктөшү Түркия болуп келген. Кеп орток тарых, тил же маданият жөнүндө гана эмес. Анкара азери армиясын модернизациялоодо да маанилүү роль ойногон. Азербайжандын Куралдуу күчтөрү түрк стандарттарын өздөштүрүп, түрк офицерлери аскердик кеңешчи болуп иштешкен.

Эми кызматташтыктын ушундай эле механизмдери Борбор Азияда да өнүгүүдө. Жакында Өзбекстан, Азербайжан жана Түркия биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүштү. Буга чейин азербайжандык жана казакстандык деңизчилер Каспийде биргелешкен маневрлерди иштеп чыгышкан.

"Түркия НАТО өлкөлөрүндө орнотулган стандарттарды өткөрүп берди. Башкача айтканда, Түркия НАТО менен Азербайжандын ортосунда ортомчу болду. Азербайжан коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо жагынан бул мамилелердин пайдасын көрдү (бенефициары болду). Эми өз кезегинде бул тажрыйбаны Борбор Азия өлкөлөрүнө да өткөрүп берүүдө. Аймактын өлкөлөрү коргонуу жөндөмдүүлүгү заман талабына шайкеш болушуна кызыкдар", - дейт Илхамов.

Бирок маанилүү бир жагдай бар дешет эксперттер. Түркия менен кызматташтык Борбор Азия өлкөлөрү Анкараны жаңы аймактык лидер катары таанууга даяр дегенди билдирбейт. Азербайжандын өзү да Түркия менен тарыхый жактан тыгыз союздаш болгонуна карабай, кыязы, өз алдынчалыгын сактоого умтулуп келет.

"Бул өзүн "улуу ага" деп атоого укук береби? Менимче, баарыбыз эле "улуу агалардан" тажадык. Бул жагынан алганда, бирибизге да "улуу агалардын" кереги жок. Бизге экономиканы чогуу алдыга жылдыра турган жана байланыштарыбызды бекемдей турган бир туугандар керек", - дейт депутат Мусабеков.

Бул сөздөр Баку менен Анкаранын ортосундагы акыркы пикир келишпестиктердин фонунда айтылууда. Ачык жаңжал чыгышына себеп болгон жагдайлардын бири - Азербайжандагы мектеп формасынын жаңы эрежелери. Алардын айынан хижабчан окуучу кыздар сабактарга киргизилбей калган.

Дагы караңыз

Алиев катышпаган саммит. Анкара менен Бакунун ортосунда эмне болду?

Бул Түркияда катуу сынга алынды. Анын ичинде президент Режеп Тайып Эрдоганга жакын адамдар да үн катышты. Анын кеңешчилеринин бири Бакунун дарегине өзгөчө кескин пикирлерди айткандан кийин кызматтан алынды. Азербайжанда Түркиядан айтылган сынды ички иштерге кийлигишүү деп аташты. Башкы прокуратура Түркиянын сегиз жаранына издөө жарыялады, ал эми ТИМ бир катар блогерлердин, журналисттердин жана саясатчылардын өлкөгө киришине тыюу салды.

Бирок эксперттер хижабдын айланасындагы жаңжалды андан да тереңирээк карама-каршылыктардын сырткы көрүнүшү гана деп эсептешет.

"Карабахтын үстүнөн көзөмөлдү калыбына келтирүүгө умтулуп жатканда, Баку Түркиянын гана эмес, Израилдин да аскердик колдоосунан пайдаланган, ал жактан курал-жарактын айрым түрлөрү жеткирилип турчу. БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында Нетаньяху сүйлөп жатканда бир катар делегациялар залдан чыгып кеткенде, Азербайжандын ордунда калышы буга мисал", - дейт Алишер Илхамов.

Түркия Израилди кескин сындап жатканда Азербайжан аны менен тыгыз кызматташтыгын улантууда. Баку Израил үчүн мунай жеткирип турган маанилүү өлкөлөрдүн бири. Карама-каршы багытта курал-жарак жөнөтүлөт. Израил үчүн бул өнөктөштүктүн стратегиялык мааниси да бар: Азербайжан Иран менен чектеш. Израилдик аналитикалык борборлор бул факторду эки өлкөнүн мамилесиндеги негизги шарттардын бири деп аташат.

Илхам Алиев жана Израилдин президенти Ицхак Герцог

Борбор Азия өлкөлөрү Анкаранын саясий максаттарын дайыма эле колдой бербейт. Мисалы, Түркиянын көп жылдык аракеттерине карабай, алар Түндүк Кипрдин көз карандысыздыгын азыркыга чейин тааный элек.

"Түркиянын үстөмдүк кылган оюнчуга айланышы Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын көп векторлуу тышкы саясатына каршы келет. Ооба, маданий байланыштар, эмоционалдык байланыштар бар, "биз бир элбиз" деген саясий риторика жаңырып турат. Бирок акыр-аягында биз мамлекеттер жөнүндө сөз кылып жатабыз. Ар бир мамлекеттин кызыкчылыгы акыры келип ажырымга түшөт. Алар келечекте Түркия бул жерде, аймакта Орусия же Иран сыяктуу эле туруксуздаштыруучу оюнчу болуп калышын каалашпайт", - деп эсептейт Огул Туна.

Күчтүн дагы бир тарабындагы Орусия менен мамилелер андан да татаал нукта калыптанууда. Соңку жылдары Баку Москвадан оолактап, аралыкты (дистанцияны) сактап келет. Орусия Украинадагы согушка алаксып, армян күчтөрүнө жардам бербей койгон тушта Азербайжан Карабахты кайтарып алууга жетишти. Анын үстүнө, орусиялык бейпилдик күчтөрү кийинчерээк аймактан чыгып кетишти.

Андан кийин 2024-жылдын декабрында Казакстандын Актау шаарынын жака белинде Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын учагы кыйрап, 38 киши каза тапты. Баку кырсык үчүн жоопкерчиликти орусиялык абадан коргонуу күчтөрүнөн (ПВО) көрдү. Мамилелер кескин начарлады. Кийинчерээк орусиялык лидер Владимир Путин Илхам Алиевден кечирим сурады.

Дагы караңыз

Алиев менен Путин Бишкекте кыскача сүйлөштү

Айрым эксперттердин пикиринде, Азербайжандын Москванын басымына туруштук берүү тажрыйбасы Борбор Азия мамлекеттеринде өзгөчө кызыгуу жаратууда.

"Борбор Азия үчүн негизги контекст - Орусия менен мамилелер. Аймактагы өлкөлөрдү көп жагынан Москва менен мамиледе өз эгемендигин коргоп кала алган Азербайжандын үлгүсү шыктандырды. Бул аларда Баку менен жакындашууга кызыгуу пайда кылды", - деп ой бөлүшөт Алишер Илхамов.

Эмне үчүн дал азыр?

Азербайжан менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн орток советтик тарыхы, маданий жана тилдик байланыштары бар. Алардын ортосунда олуттуу аймактык жаңжалдар жок, мамилелер алда канча жай (тынч) нукта өнүгүп келген. Жакындан тарта эмне өзгөрдү?

Азербайжан парламентинин депутаты Расим Мусабеков Бакунун тышкы саясий артыкчылыктары соңку ондогон жылдарда кандай өзгөргөнүнө көз чаптырууну сунуштайт. Анын айтымында, Азербайжандын көңүлү узак убакыт бою баарынан мурда Батыш багытына жана Карабахтын айланасындагы жаңжалга багытталган. Буга зор дипломатиялык, аскердик жана экономикалык ресурстар сарпталган. Мусабеков Карабахтын үстүнөн көзөмөл калыбына келтирилгенден кийин Баку башка аймактарга көбүрөөк көңүл бурууга мүмкүнчүлүк алганын билдирет.

"Мурда, балким, дипломатияга жана экономикалык ресурстарга жумшалчу көңүлдүн 80 пайызы куралдуу күчтөрдү чыңдоого бурулчу. Биз эл аралык аянтчаларда да, маалымат мейкиндигинде да Арменияга каршы турууга аргасыз болгонбуз. Жеңиштен кийин Азербайжан эл аралык аренада өзүн алда канча ишенимдүү сезе баштады. Бүгүн биз тышкы саясий стратегиябызды кайрадан карап чыгууга мүмкүнчүлүк алдык", - дейт Мусабеков.

Борбор Азиянын келечегин ансыз элестетүү кыйын болгон дагы бир маанилүү оюнчу - Кытай. Азербайжан үчүн да Бээжин менен мамилелер барган сайын маанилүү болуп баратат. 2025-жылдын апрелинде Баку Бээжин менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө билдирүүгө кол коюшкан.

Дал ушул жерде борбор азиялык өлкөлөр Азербайжан үчүн пайдалуу боло алат.

"Эгер бизде Түркия, европалык өлкөлөр жана Британия менен кызматташуу тажрыйбасы көбүрөөк болсо, Борбор Азия мамлекеттеринде Кытай менен иштөө тажрыйбасы бар. Менимче, бул топтолгон тажрыйба Азербайжанга да, Борбор Азия өлкөлөрүнө да пайда алып келет", - деп ырастайт депутат.

Орусия менен Иранды айланып өткөн жол

Баку менен Борбор Азиянын жакындашуусунун дагы бир себеби бар. Балким, узак мөөнөттүү келечекте экономикалык жактан эң маанилүүсү ушул чыгаар.

Аймактагы өлкөлөрдүн деңизге чыга турган түз жолу жок. Ал эми Өзбекстанга чоң сууга жетүү үчүн кеминде эки өлкөнүн чек арасын кезип өтүшү керек.

Кытайдан Европага кургактык аркылуу үч жол барат. Биринчиси жана эң ириси -Түндүк коридору: Чыгыш Казакстан жана Орусия аркылуу Транссибир магистрали менен өтөт. Бирок Орусия санкция алдында турат. Түштүк жол Иран аркылуу өтөт - ал жакта согуш болуп жатат жана санкциялар да бар. Ортоңку коридор - Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы деп да аталат.

Ортоңку коридор (Транскаспий маршруту) жана Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстанды карай курулуп жаткан жол.

Товар ташыган поезд Казакстан аркылуу Каспий деңизине барат, ал жактан паром жүктү Азербайжандын Алят портуна жеткирет, андан ары кайра поезд менен - Грузия, Түркия жана Европага жөнөтүлөт. Бул борбор азиялык товарлардын Батыш рынокторуна чыгуусу үчүн дагы бир каалга.

"Борбор Азия жана Азербайжан дүйнөгө - Кытайга, Европага, Кошмо Штаттарга мындай деп айткысы келет: “Биз өтө туруктуу чөлкөмбүз. Тилибиз, маданиятыбыз, динибиз жана тарыхыбыз боюнча бири-бирибизге жакынбыз. Ортобузда жаңжал чыгуу ыктымалдыгы аз. Өз көйгөйлөрүбүздү дипломатия жолу менен чечебиз, ал эми Ортоңку коридор - энергетикалык ресурстар менен товарлар чыгыштан батышка үзгүлтүксүз өтүшү үчүн эң сонун каттам”, - деп эсептейт Огул Туна.

Дагы караңыз

"АКШ Борбор Азияда мындан маанилүү оюнчу боло алат"

Бирок азырынча бул коридордун өткөрүү мүмкүнчүлүгү чектелүү. Жылына орто эсеп менен беш миллион тоннадай товар өтөт. Ал эми анын өткөрүү кубаттуулугу азыр алты миллион тонна гана. Казакстан бул көрсөткүчтү он миллион тоннага жеткирүүнү пландап жатат. Салыштыруу үчүн: Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун баалоосу боюнча, Ортоңку коридордун өткөрүү кубаттуулугу - Орусия аркылуу өткөн Түндүк жолдун 5 пайызынан ашпайт.

Бирок анын мааниси жүк ташуунун көлөмүндө гана эмес. Борбор Азия өлкөлөрү үчүн бул бир гана транзиттик багытка көз карандылыкты азайта турган кошумча каттам. Ал эми Азербайжан үчүн Азия менен Европанын ортосундагы маанилүү транспорттук түйүнгө айлануу мүмкүнчүлүгү.

Мындан ары эмне болот?

"Саясий өнөктөш катары Бакунун дагы бир көзүрү - Батыштагы таасири", - дейт эксперттер.

"Азербайжандын Европада жана АКШда өтө таасирдүү лоббиси бар. Соңку жылдары бул таасир күчөп, айкыныраак байкала баштады. Менимче, Азербайжандын Борбор Азия өлкөлөрү менен мамилесиндеги негизги салымдардын бири дал ушул лоббисттик ишмердүүлүк болушу мүмкүн", - деп эсептейт Огул Туна.

Келерки жылы Баку Борбор Азия лидерлеринин консультативдик жолугушуусуна биринчи жолу төрагалык кылат. Болгону бир нече жыл ичинде Азербайжан ардактуу коноктук макамдан аймактык диалогдун негизги катышуучуларынын бирине чейинки жолду басып өттү.

Баку үчүн бул - өз таасирин кеңейтүү мүмкүнчүлүгү. Ал эми Борбор Азия үчүн жаңы каттамдарга, инвестицияларга жана саясий маневр жасоо мейкиндигине ээ болуу.

Түбөлүк достук тууралуу сөздөрдүн артында көбүнчө турмуштук кызыкчылыктар, өтө эле ачык-айкын эмес бүтүмдөр жана макулдашуулар турат. Эми башкы суроо бул өлкөлөргө жакындашуу курсу эмне үчүн керек экенинде эмес, балким, алар бири-бири үчүн жаңы "улуу агаларга" айланбастан, чыныгы өнөктөш боло алабы же жокпу - дал ушунда болушу мүмкүн.