Медиктер орой мамиледен жана кайдыгерликтен чарчады

Талас шаарында ачылган күндүзгү стационардагы медкызматкерлер бейтаптын абалын байкап турушат. 09-июль, 2020-жыл.

Аймактарда өз алдынча дарылануу, медиктерге орой мамиле кылган көрүнүштөр байкалууда.

Ысык-Көл: Медиктерге кол көтөргөн учурлар болду

Ысык-Көлдө күндүзгү стационарга келгендер арасында медиктерге басым жасап, кол көтөргөн учурлар катталууда. Дарыгерлер ансыз да оор шартта иштеп жатканда элдин өз ден соолугуна кайдыгерлиги, орой мамилеси түйшүккө салып жатканын айтышты.

Каракол шаарында учурда күндүзгү төрт стационар иштеп жатат. Аларга күнүнө 500дөн ашуун киши кайрылууда. Бейтаптарга акысыз ийне сайып, кеңеш берген медиктерди айрымдары жактырбай, орой мамиле жасагандар да бар.

Жанат Туратбеков азыр элдин оройлугу чегинен ашып, оор кырдаалда иштеген медиктерге тоскоолдук жаратып жатканын билдирди.

Жанат Туратбеков.

«Мен өзүм медик эмесмин, жөн гана жарандык активистмин. Келген бейтаптардын айрымдары дарыгерлерди күнөөлөйт. Алар "биринчи медициналык жардам акысыз болушу керек", тактап айтканда “дары-дармекти бекер беришиңер керек” деп догурунушат. Кишинин көптүгүнөн кезекке турушат. Ошол жерден "догдурлар өз тааныштарын киргизип жатат” деп уруш чыгаргандар бар. Кире беришке жалаң ыктыярчы жаштар туруп атабыз, дарыгерлердин тиешеси жок, баары кадимкидей эле кезек менен кирет. Медиктер элден жаман сөз укса биз ыңгайсыз болуп атабыз».

Каракол шаары боюнча бейтаптардын көбү керектүү дары-дармек издеп, убактысын коротуп жатканына байланыштуу Ысык-Көл мамлекеттик университетинин спорт залында иштеп жаткан стационардын жанына көчмө дарыкана уюштурулган.

Бирок дарыгерлердин жана активисттердин бул аракети айрымдардын кыжырын келтирип, адистерге кол көтөрүүгө чейин алып келген.

Көчмө дарыкана. Ысык-Көл.

«Бир эжеке кирип келип эле оозго алгыс сөздөр менен сөгө баштады. Колунда кармап турган шприцтеринен ийнени чыгарып алып, “мен азыр силерди сайып өлтүрөм” деп коркутту. Асел деген медайымыбыз тынчытканга аракет кылса, анын коргонуучу костюмун айрып салганга да үлгүрдү. Көрсө ал көчмө дарыканага нааразы болуп жатыптыр. Биз активисттер дарыкананы фармкомпаниялар менен сүйлөшүп атып араң ачтырганбыз. Себеби, вирусту алып жүрүүчүлөр шаарды түрө кыдырып дары издеп, башкаларга да жугузбасын дегенбиз. Араңдан зорго кармап, сыртка чыгардык. Дагы жакшы, эгер дарыгерлер ошол жерде жалгыз болсо эмне болот эле?», - деди Жанат Туратбеков.

Медициналык академиянын бүтүрүүчүсү, эпидемиолог Эдил Жакшылыков июнь айында борбордон Ысык-Көлгө которулуп келген. Азыр Караколдогу мобилдүү топто иштеп атат.

Башында чет жактан келген кыргыз жарандарын обсервацияга алып, тест тапшыртып иштеген мобилдүү топтун дарыгери аймактагы абал июнь айынын этегинде кескин курчуп кеткенин айтты.

Эдил Жакшылыков.

«Оору жайыла элек кезде коронавирустун белгилери бар адамдарды обсервацияга ала баштадык. Алардын айрымдары оорукананын маңдайына келгенде телефонун алып чыгып “бул саясат, эч кандай вирус жок, мына, мени атайын жаткырып атат” деп тартып атышкан. Андан кийин абал курчуп, элдин көбү ооруй баштады. Биз ооруканага бейтаптарды алып келгенде орун жок болуп калып жатты. Анда да “силер мени атайын жаткырбай, кайдыгер мамиле кылып атасыңар” деп урушкандар чыкты. Негизи эле биздин эл орой болуп кетиптир. Мобилдүү топко түшкөн чакырууларга кезеги менен барабыз. Ооругандар көптүгүнөн айрым учурда тигил же бул жарандын чакыруусуна кечигип калып жатабыз. Ошондо үйүнүн босогосунан эле “ооруп атсам силер шашпай жүрөсүңөр” деп атырылгандар бар».

Азыр Ысык-Көлдөгү ооруканаларда жана күндүзгү стационарларда 500гө жакын медик иштеп жатат. Алардын 60тан ашууну вирус жугузуп алып, дарыланууда.

Дарыгер Эдил Жакшылыков айрым учурда адамдардын жоопкерсиздиги, өз ден соолугуна кайдыгерлиги медиктерди кыйнап жатканын айтты.

«Эл кайрылганда өз убагында жардам берели деп дарылардын рецептин жазып беребиз. Бир-эки күн ийне алып, эс ала түшкөндө эле эшикке чыгып кетишет. Андан канча деген соо адамга оору жугарын элестетип көрүңүз. Өз билгениндей дарыланып, оорусу күчөп кеткенде келгендер бар. Кээ бири дексаметазон, антибиотик алып иммунитетин түшүрүп жиберет. Өз тажрыйбамда байкадым, дарыгердин айтканын так аткаргандар тез айыгып жатат".

Дарыгерлерге карата жасалган орой мамиле башка аймактарда жана Бишкек шаарында да катталууда. Интернет колдонуучулардын бири тарткан видеодо борбордогу ооруканалардын биринде эркек киши дарыгерди жакалап жаткан учур тартылган. Ал бул кылыгын ичи ооруган инисин коронавирус илдети менен күрөшүп жаткан медиктер "жакшы кабыл албай койду" деген жүйө менен негиздеген.

Күндүзгү стационар. Ысык-Көл.

Карантин маалында сапатсыз беткап тууралуу жаза коюп, кайра кечирим сураган дарыгер Бектур Апышев да өзүнүн "Твиттердеги" баракчасында асма укол койгон бейтап дары теринин алдына кетип калганы үчүн адисти күнөөлөп темир менен бутка чапканын жазган. Ал ошондой эле айрым дары-дармекти өз эсебинен сатып алып жатканын кошумчалаган.

Мындай учурлар байма-бай болгону менен бүгүнкү күнгө чейин жоопкерчиликке тартылган учур каттала элек.

Ысык-Көлдө 16-июлга карата 412 адамдан коронавирус аныкталды. Өпкөсү кагынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө турган 691 адам бар.

Күндүзгү стационарларга облус боюнча күнүнө 2 миңге жакын киши кайрылууда. Жалпы 500дөн ашык медицина кызматкери жумушка тартылган. Бирок адистердин айтымында, медиктердин тартыштыгынан улам аймактагы ооруканаларда бейтаптар үчүн орундарды көбөйтүү маселеси чечилбей турат.

Таласта кайрадан жол жабылды

85 күн коронавирус илдетин киргизбей кармап турган Талас облусунда азыр өпкөсү кагынып ооругандардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө.

Талас шаарынын тургуну Султан Жаңыбаев төрт дарыканага кирип, өзүнө керектүү дарыларды тапкан эмес. Ал оорунун белгилерин байкаганда адегенде догдурдан мурда ооруп айыккан тааныштарына чалганын жашырбады.

«Бул ооруга каршы дарынын жоктугунан улам биринчи "оорудум" деген тааныштарга кайрылдым. Андан кийин инфекционист догдурга чалсам, "азыр бардык жерде күндүзгү стационарлар ачылып атат, ошол жакка кайрылгыла" деди».

Талас шаарында дары-дармектин жетишсиздиги байкалууда. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү көп учурда илдеттен каза болгондор бир нече күн өз алдынча үйүндө дарыланып жатып, дарты өтүшүп кеткенде догдурга келгенин айтып жатышат.

«Азыр пневмония менен ооругандар көбөйгөнүнө байланыштуу ооруканаларды жана стационарларды гана эмес, мейманканаларды да пайдаланууга туура келип жатат, анткени орун жетишпейт. Ар ким үйүндө жатып алып өз алдынча дарыланып, жеттигип калганда ооруканага түшүп жатат. Ошондуктан догдурлардын көзөмөлүндө болушсун деп кошумча орундарды ачтык. Мен элге кайрылат элем, ар бир адамдын өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар, анализдердин жана дарыгерден алган кагаздын негизинде дарылануу керек», - деди өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыял Жанузакова.

Расмий маалыматка ылайык, Талас облусу боюнча учурда 300дөй киши өпкө кагыны (пневмония) менен ооруп жатат. Облус борборундагы жеке менчик компьютердик томографиянын кызматкерлери күнүнө өпкөсүн тарттырган 30-40 кишинин дээрлик 80 пайызынан пневмония чыгып жатканын кабарлады.

Талас облусунун башкы санитардык дарыгери Чолпон Сагындыкова аймакта илдеттин жайылышына элди күнөөлөгөнгө болбой турганын белгиледи.

«Карантин учурунда Таласка билинбей өтүп кеткендерди эл өзү кармап берип жаткан учурлар да болгон. Чек арадан текшергенде "КамАЗ" айдаган кырктай айдоочудан вирус чыккан. Ошол жерден эле кийиндирип алып, Токтогулга чейин жеткирип турдук. Токтогулдан ары Жалал-Абад, Ош, Баткенге эч жерге токтотпой алып кетип жатышкан. Ошентип таза кармаганбыз. Кийин Орусиядан мигранттар кайта баштады. Андан кийин эле бүт Бишкекти каптап кетти. Жол ачылгандан кийин биз да кармай албай калдык».

Таластагы үйлөрдүн короосу дезинфекцияланууда.

Азыркы тапта шаарда 100 орундук күндүзгү стационар ачылган. Жалпы облус боюнча 627 керебет даярдалган. Бир ай мурда жергиликтүү бийлик ар жуманын дүйшөмбүсүн санитардык күн деп жарыялаган.

Бул күнү кафе, дүкөн, мончо, базар жана башка коомдук жайлар иштебей, имараттарын дезинфекция кылууга тийиш.

Дүйшөмбү күн Талас шаарында санитардык күн деп жарыяланган.

16-июлга карата Талас облусунда алты кишиден коронавирус аныкталды. Ал эми ушул убакытка чейин илдетке чалдыккандардын жалпы саны облус боюнча 104тү түздү. Пневмония илдетин кошкондо 26 киши каза тапты.

Талды-Булак айылындагы көзөмөл бекети.

Ушу тапта Талас облусуна 26-июлга чейин башка аймактын тургундарына кирүүгө чек коюлган. Облуска Суусамыр тараптан кирген жерде жайгашкан Талды-Булак айылындагы көзөмөл бекети иштеп жатат.

Редактордон сунуш

Жоболоңдуу илдет, жоопкерчиликтин жүгүӨкмөттүн убадасы, дарыгерлердин убайымыУбактылуу ооруканалардын убарасыСтационарлардын саны жана сапаты

Нарында күндүзгү стационарларга кайрылгандар көбөйдү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарында стационарга кайрылгандар көбөйдү

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​