Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-август, 2020 жума, Бишкек убактысы 17:51

Касиев: Оорукана куруу сунушума бийлик жооп бере элек


Накен Касиев.

Мурдагы саламаттык сактоо министри, коомдук ишмер Накен Касиев ишкерлердин көмөгү менен Бишкекте оорукана куруу демилгесин көтөрүп чыкты. "Азаттык" Накен Касиевди кепке тартты.

- Накен мырза, айрыкча Бишкек шаарында ооруканалар жетишсиз болуп жатат. Сиз бийликке оорукана куруу сунушу менен кайрылган экенсиз, ошол тууралуу кенен айтып берсеңиз.

- Азыр абал күндөн күнгө оорлоп баратат. Мындай кийин да жеңил болбойт. Азыр биз оорунун чокусуна чыга элекпиз. Экинчи толкун ноябрь-декабрь айларында болот деп күтүлүп жатат. Ошондуктан мен эки жолу сунуш бердим. Биринчи жолу өкмөт башчысына, экинчи жолу президенттик аппаратка бердим.

Бишкекте талапка жооп бере турган 150 орундуу оорукана курбасак болбойт. 30 орундуу реанимациясы болушу керек. Бишкекте коронавирусту, пневмонияны бардык жерде жакшы дарылай албай жатат. Абалы оорлорду бир жерден эле дарылоону сунуш кылып жатам.

- Оорукананын курулушунун каржылоосу кандай болот?

- Мен үч күн мурун президенттик аппаратка сунуш бердим. Тилекке каршы, жооп болгон жок. Курулушчулар даяр турушат. Мен алар менен сүйлөштүм. Алар “акча болбосо, өзүбүз куруп берели, элдин абалын көрүп атабыз, күндө жаштар өлүп жатат, акчасын келишим менен үч же беш жылда төлөп берсеңер да макулбуз” дешти. Эми муну пайдаланып калыш керек болчу.


- Азыр каржылоону ким көтөрөт?

- Курулушчулар өз эсебинен курабыз дейт. Каражатын топтоп туруп кура башташат. Бизде ишкерлер, жеке менчик курулушчулар бар. Мен айла кеткенде ошолор менен сүйлөштүм. Ага чейин бир ай мурун өкмөт башчыга 150 орундуу оорукана куралы деп долбоору менен кошо жөнөткөм. Ал жактан да жооп болбой койгондо айла жок президенттик аппаратка кайрылдым. Өкмөткө берген сунушумду Аида Исмаиловага берип коюптур.

- Президенттик аппаратка берген сунушта ошол оорукана курулчу жер каралганбы? Же бийлик жер таап бериши керекпи?

- Сунушту президенттин өзүнө жеткирип койгула дедим. Курулушчулар макул болду, жер табылды. Республикалык кан борборунун аймагында жер бар. Ошол жерге куруп, акчасын келишим менен кийин берели. Бул сунушка жооп болбой жатат. Айлам кеткенде силер аркылуу кайрылайын дедим.


- Сиз көп жылдар бою өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын жетектедиңиз. Эмне үчүн ушундай оор кырдаалга кептелдик? Саламаттык сактоо системабыздын начардыгын эске алып, алдын алуу чараларын көрсө болбойт беле?

- Мен Казакстан менен да сүйлөшүп жатам. Эки өлкөдө тең абал оор жана окшош. Биз өзгөчө абал режимин эрте токтотуп койдук. Бир ай чыдап койсок болмок. Оору күчөгөн маалда чектөөлөрдү алып салдык.

Экинчиден, өзгөчө абал алынганда биздин эл вирус кошо токтогондой кабыл алды. Көчөгө, базарга беткап тагынбай эле чыгып кеттик. Эми азыр өлүм-житим көбөйгөндө эки-үч күндөн бери беткап тагынгандар көбөйүп калды. Өзүбүздүн ден соолугубузга өзүбүз душман болуп жатабыз. Мына ошонун кесепетин көрүп жатабыз. Италиядан да жаман абалга туш болдук.


- Бийлик жана эл биргеликте кандай чукул чараларды көрүп, адам өлүмүн азайта алат?

- Эми акылга келишибиз керек. Бийлик да, коом да аракет кылышы керек. Бул илдет өзүнөн өзү жок болуп кетпейт. Испанияда антителого тест жасалды. Ооруган 50 миң кишини текшерсе болгону 5 пайызында гана антитело бар экен. Андыктан кайрадан ооруй берет.

Жок дегенде Бишкекте жана Ошто талапка жооп берген ооруканаларды тилемчи болсок да курушубуз керек. Президент, өкмөт башчы күнүгө чыгып элге кайрылсын. Орусияда президент Владимир Путин байма-бай чыгып жатат.

Буга чейин беткап боюнча да кайрылдым эле. 3-5 сомдук беткапты 15-20 сом кылып койдук. Кээ бири үч айдан бери тажап албай калдык деп атышат. Экинчиден, ар бир адам өз ден соолугун карашы керек.

Үч эле нерсени аткаралы: беткап тагынып, колду жууп, аралыкты сактайлы. Адам болгондон кийин ушул нерсе колдон келбейби? Ушул эрежелерди сактасак оору бир аз азаят.

- Учурда дары-дармек боюнча да абал кыйын болуп турат.

- Абал аябай начар. Керектүү дарылардын көпчүлүгү жок. Эл айласын таппай калды. Тийиштүү органдар бул жагын карабаса болбойт. Орусияда авифарин деген жаңы дары чыкты. Бул ошол коронавируска таасирдүү деп атышат. Ошол дарыны чыгарган заводдун директору сүйлөдү. Азыр Орусияга жеткидей бар экен. Кошуна өлкөлөргө берүүгө мүмкүнчүлүк бар дейт. Ошол дарыны алып келүү боюнча сүйлөшүү керек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Пикирлерди көрүңүз (39)

XS
SM
MD
LG