Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-август, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:54

Өкмөт: «Дары тартыштыгы болбойт»


Каракол шаарындагы күндүзгү стационардын жанында уюшулган көчмө дарыкана.

Кыргызстанда пандемия маалында эң зарыл саналган дарылар катылган кампалар аныкталды. Мындан сырткары дары алып кайра кымбат саткан фактылар да териштирилүүдө.

Коронавирус күчөп турган кезде Кыргызстанда дары-дармектин баасы көтөрүлүп, айрымдары табылбай жатат. Көпчүлүк адамдар канды суюлтуучу антикоагулянттарга, антибиотиктерге жана вируска каршы дарыларга муктаж болууда. 12-июль түнү Бишкек шаарындагы «Неман» дарыканасынын кампасында узун кезек пайда болду.

Социалдык тармактарда жакынына дары издегендер көбөйдү. Айрымдар дарыны кымбат болсо да сатып алууга даяр экенин билдиришүүдө.

Ал арада өкмөт мындай кырдаалдан пайда көрүүгө ашыккан шылуундарды аныктады. Премьер-министр Кубатбек Боронов 14-июлдагы онлайн брифингде дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу, ташуу боюнча 27 факт катталганын билдирди.

«Учурда медициналык беткаптардын баасын негизсиз кымбаттатканы үчүн 4 иш, дарыларды мыйзамсыз ташып келүү боюнча 13 иш, кампаларда катып алып, дары-дармектердин жасалма тартыштыгын пайда кылган 2 иш боюнча сотко чейинки тергөө башталды. Ал кампаларда гепарин, левофлоксацин, азитромицин, физрастворлор, ингаверин, арбидол жана башка дарылар сакталган. Ал эми дары алып кайра кымбат саткан 8 факт боюнча териштирүү жүрүп жатат».

Боронов коомчулукка кайрылып, кымбат дары саткандар боюнча маалымат берүүгө чакырды. Ал эми оор мезгилде дарыларды каткан кампа ээлери тууралуу маалымат берилген жок.

Өкмөт башчы бир нече мамлекеттерден өлкөдө тартыш дарыларды Кыргызстанга учак менен алып келүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын кошумчалады.

Ушул күндөрү көпчүлүк гепарин, клексан жана фраксипарин аттуу канды суюлткан дарыларды таппай жүрүшөт. Гепарин 12-июлда «Неман» дарыканасында 443 сомдон сатыла баштады. Бул дары Кыргызстанга коронавирус илдети келе электе көп өтпөгөн дарылардын катарын толуктап, баасы 200 сом гана болчу.

Мындан сырткары биологиялык активдүү кошулмалары бар арбидол жана эргоферон дарыларына да талап күч болууда. Арбидол Ошто 620 сом турат, ал эми Жалал-Абадда жана Нарында жок. Таласта болсо 744 сомдон, Ысык-Көлдө 595 сомдон сатылууда.

Эргоферон Жалал-Абадда 360-370 сомдун тегерегинде, Нарында 419 сом, Ошто 350 сом, Таласта 450 сомго чейин, Ысык-Көлдө 370 сомго чейин сатылып жатат. Дененин табын түшүргөн парацетамол жана канды суюлткан аспирин дарысын өлкөнүн көпчүлүк дарыканаларынын текчесинен табуу мүмкүн эмес.

Өкмөт Кыргызстандагы дары тартыштыгы жакынкы күндөрү чечилет деп ишендирүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин Дарылар жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаментинин жетекчисинин орун басары Мариям Жанкорозова буларга токтолду:

«Кыргызстанга дары алып келүү үчүн өкмөт болгон аракетин көрүп жатат. Зарыл болгон дарылар кайсы мамлекеттен ыңгайлуу баага табылса сатып алганга өкмөттө акча бар. Биздин мекеме Тышкы иштер министрлигине кайсы дары, канча көлөмдө керектиги тууралуу маалыматтарды бердик. Иран, Израил, Кытай жана Беларус мамлекеттери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жакынкы арада дары тартыштыгы болбойт. Ошол эле кезде дарыканалардагы дарынын баасын көтөргөндөргө мониторинг жүргүзүп жатабыз».

Кыргызстанда сатылып жаткан он миңдеген аталыштагы дарылар тууралуу бирдиктүү маалымат берген улуттук система жок. Ушундан улам өлкөдө дары башаламан, кымбат сатылууда. Фармацевтика тармагындагы эң көйгөйлүү маселелердин бири - дарылардын бирдиктүү баасын мамлекет белгилей албаганы.

Кыргызстанга чет өлкөдөн дары ташыган «Фарватр» компаниясынын жетекчиси Жантөрө Турдубаев «өкмөт дары-дармек ташууда фарм-ишкерлерине кол кабыш кылса» деген ойдо.

«Азыр дары ташууда маселелер көп. Аба каттамдары жабык. Мурункудай абал болгондо дарынын баасы 20-30% арзан болмок. Ушундай шартта абакаттамдарын өкмөт сүйлөшүп берсе болмок. Анда биз бир заводдон эле зарыл дарыларды жүктөп алып келет элек. Биз дарыны алып келүүдө кыйынчылыкка учурабайт болчубуз. Дарынын баасы да кыйла арзан болмок. Болгону доллардын курсуна жараша айырма гана болушу мүмкүн эле».

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 10-июлдагы жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдө зарыл болгон дары-дармектердин тизмесин түзүп, жакынкы айларга резерв камдап коюуну тапшырган. Мындай тапшырма Материалдык резерв фондуна жана Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментине берилген.

Бирок адистер «өкмөт дары-дармекти мурдатан эле камдап коюшу керек болчу» дешет.

Медицина тармагы боюнча эксперт Айбар Султангазиев өкмөттүн аракетсиздигин сынга алды:

Айбар Султангазиев.
Айбар Султангазиев.

«Коронавирус илдети башталганда эле өкмөт прогноз кылышы керек эле. Мисалы, «100 миң киши бул илдетти жуктуруп алышы мүмкүн» деп дарыны Матрезервге жыйып коюшу керек болчу. Ошондо кыйынчылык болмок эмес. Эми дарыканалардагы бааны көзөмөлдөйбүз деп жатышат. Эгер өкмөт ишкерлерге жакпаган бааны койсо, анда фарм-ишкерлери дарыканаларын жаап, дары ташыбай койсо эмне кылабыз? Ошондо тартыштык мындан да күч алат. Өлүм дагы көбөйөт».

Кыргызстанда сатылып жаткан дарылардын бирдиктүү базасын түзүүнү 2015-жылы ошол кездеги саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Түркиянын мисалында сунуш кылган.

Ошол эле жылы Саламаттык сактоо министрлигине дарылардын бирдиктүү электрондук базасын түзүү тапшырылып, атайын тендер да жарыяланган. Бул иш 2016-жылы «Таза коом» долбоорунун алкагында аткарылып бүтүшү керек эле. Бирок тендерди ишке ашыруудагы мүчүлүштүктөр буга тоскоол болгондуктан, бирдиктүү маалымат базасын чогултуу 2020-жылга калган.

Эксперттер бирдиктүү электрондук база ишке кирсе, фармацевтика тармагындагы жемкорлук, аткезчилик, бир эле дарыны ар кайсы баада сатуу жана ал дарыны алып кирген компаниялардын салыктан качканы сыяктуу көрүнүштөргө бөгөт болорун белгилешет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG