Импортко чектөө коюу механизми канчалык натыйжалуу? Тыюудан башка да альтернативдүү жана кесепети азыраак жолдору барбы? Өкмөт эмне үчүн атамекендик өндүрүштү өнүктүрүүнүн рыноктук инструменттерин колдонбой жатат?
Дагы караңыз
Евробиримдик Кыргызстанды алма импортуна тыюу салбоого чакырды“Алма импортуна тыюу Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерин бузат”
Кыргыз өкмөтү 27-октябрь күнү алма импортуна алты айлык чектөө киргизүү токтомун чыгарды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков видеокайрылуу менен чыгып, чечимди атамекендик өндүрүштү колдоодогу жетишкендик катары баалады.
"Азыр сиздерге сүйүндүрүүчү кабар - бул Кыргыз Республикасына импорттолуп келүүчү алманы чектөө жөнүндө айтмакчымын. Бүгүн Министрлер кабинетинин токтому кабыл алынды. Ал токтомго ылайык, 2027-жылдын 1-февралына чейин Кыргызстанга алманы бөлөк мамлекеттерден киргизүүгө тыюу салынды. Бул дагы биринчи кезекте өзүбүздүн атамекендик өндүрүшчүлөр, анын ичинде биздин багбандар, алма менен алектенген дыйкандарды колдоо болуп эсептелет. Биз өзүбүз тараптан министрлик жер-жерлерде жарманкелерди өткөрүп, баанын көтөрүлөшүн дагы көзөмөлдөйбүз. Ошол эле учурда, дыйкандардын өстүргөн алмасын сатып алууга чоң мүмкүнчүлүк жаралды деп айтсам жаңылышпайм".
Арийне, өкмөттүн мындай чечими менен макул эместер да көп, алар өз аргументтерин чечкиндүү коргоп жатышат.
Евробиримдик кыргыз өкмөтүнүн алма импортуна киргизип жаткан тыюусуна каршы позициясын билдирген. Биримдик даярдалып жаткан чечимге карата олуттуу кабатырлануусун токтом долбоорунун алдындагы талкууга да калтырган.
Европа Биримдиги Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) эрежелерине ылайык, импортко тыюу салуу өзгөчө учурларда гана жана өтө катуу критерийлерди сактоо менен колдонулушу мүмкүндүгүн эскертет.
“Импорттук тыюулардын өзүм билемдик менен киргизилиши туруктуу узак мөөнөттүү ишкердик мамилелерди түзүү үчүн зарыл болгон шарттарды бузат. Бул Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кол коюлган Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишиминин рухуна жана максаттарына карама-каршы келет. Алма сатуу сезону башталгандыктан, Евробиримдик менен Кыргызстандын ишканаларынын ортосунда көптөгөн келишимдер түзүлгөн. Европа Биримдиги Кыргыз Республикасына жаңы алма импортунун маанилүү булагы болуп саналат. Ошондуктан, сунушталган чара Евробиримдиктен Кыргыз Республикасына жаңы алма экспортуна негизсиз жана акталгыс (несоразмерное) таасирин тийгизет. Евробиримдик импорттук чектөөлөрдүн күтүүсүз киргизилиши европалык алма экспорттоочуларга гана эмес, Кыргызстандын рыногуна кирүүгө кызыкдар болгон бардык европалык соода компанияларына да терс белги (сигнал) берерин баса белгилейт”.
Европа Биримдиги Кыргызстандын ири соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Тараптардын мамилелеринин негизин Өнөктөштүк жана кызматташтык келишими (ӨКК) түзөт. Келишимде Евробиримдиктен келген товарлар Кыргызстанга эч кандай көлөмдүк чектөөлөрсүз же ушул сыяктуу таасир этүүчү чараларсыз импорттолору каралган. Мындай нормалар Тарифтер жана соода боюнча башкы келишим менен Дүйнөлүк соода уюмунун Айыл чарбасы боюнча келишиминде да белгиленген. Ушунун баарын эске салган Евробиримдик кыргыз өкмөтүнөн алма импортуна тыюу салуудан карманууга чакырган.
Алма импортунда башкы өнөктөштөр Кытай, Польша, Молдова, Өзбекстан, Казакстан, Литва, Түштүк Африка жана Иран болуп эсептелет. Кытайдан жылына 12 миң тоннадан 26 миң тоннага чейин алма жөнөтүлөт. Ал эми Европа Биримдигинин өлкөлөрүнөн 6 миң тоннадан 8,5 миң тоннага чейин келет. Мындайча айтканда, Кыргызстанга келген алманын 2/3си Кытайга, 1/4и Европа өлкөлөрүнө туура келет.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын январь-август айларында Кыргызстанга 6,5 миң тоннага жакын алма импорттолгон. Анын негизги бөлүгү Польшадан (3 554,1 тонна), Кытайдан (1 696,8 тонна) жана Өзбекстандан (859,7 тонна) келген.
Арийне, Кытайдын, Польшанын жана бул жааттагы башка өнөктөш өлкөлөрдүн Кыргызстандын статистикасы кыргыз эсебин жокко чыгарат. Кытайдын эсеби боюнча, быйылкы тогуз айда Кыргызстанга 24,4 миң тонна алма саткан. Бириккен Улуттар Уюмуна берген статистикалык маалыматында Кыргызстан багытына Польша 8,1 миң тонна, Казакстан 688 тонна, Литва 204, Түштүк Африка 478 тонна алма экспорттогонун билдирген.
Кыргыз өкмөтүнүн мындан башка да бир катар айыл чарба товарларын өлкөгө импорттоого тыюу салуу боюнча токтомдору учурда коомдук талкууда турат. Картөшкө боюнча 29-сентябрда, кант боюнча 8-октябрда талкууга чыгарылган токтом долбоорлору боюнча чечимдер октябрдын соңунан ноябрдын ортосуна чейинки аралыкта кабыл алынышы керек.
“Тыюунун ордуна даректүү чаралар көрүлсө жакшы болмок”
Коомдук талкууга чыгарылган өкмөттүк токтомдун долбоорунда “кант рыногун өнүктүрүү, кант тармагынын чийки зат жана кайра иштетүү базасын сактоону, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоону максат кылары” жазылган.
Негиздеме-катта белгиленгендей, 2026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанга 70 миң тоннага жакын кант импорттолуп, көлөмү былтыркыга караганда 4 эсе өскөн. Бул калктын керектөөсүн камсыздоо 135% жеткенин билдирет.
Арийне, тармактык ассоциация өз сунушунда киргизилип жаткан чектөөлөр өлкөдөгү атаандаштык чөйрөгө таасирин баалаган экономикалык негиздеме жетишпей турганын белгилейт.
“Кант керектөөчүлөр ассоциациясы” тармакты өнүктүрүү үчүн азыраак чектөө жана көбүрөөк даректүү колдоо жолун кароо зарылдыгын сунуштаган.
“Кант импортуна сунушталган алты айлык тыюу анын кант кызылчасы жана кант өндүрүүчүлөрүнө эле эмес, тамак-аш өндүрүш ишканаларына, кичи жана орто ишкердиктин субъектилерине, керектөөчүлөргө жана атаандаштык чөйрөгө таасирин эске алган кошумча экономикалык негиздемени талап кылат. Толук тыюу киргизерден мурда ошол максатка бир кыйла даректүү инструменттер аркылуу жетүү мүмкүнчүлүгүн баалоо максатка ылайыктуу болот. Маселен, кызылча чарбаларын түз колдоо; жеңилдетилген каржылоо; атамекендик кантты мамлекеттик материалдык резервге сатып алуу; кант кызылчасын өндүрүү экономикасына тыгыз багытталган башка чаралар”.
Деген менен, Суу ресурстар, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги мындай сунушту кабыл албай турганын билдирген.
Коомдук талкууга катышкан жарандардын бирөө “кант импортуна тыюу биринчи кезекте жөнөкөй керектөөчү менен калктын социалдык аярлуу катмарына сокку урат, жасалма тартыштыкты жаратып, тамак-аштын баасынын сөзсүз кымбатташына алып келет” деп жазган.
ЖИА Ассоциациясы, Базарлар, соода ишканалары жана тейлөө тармагы ассоциациясы өңдүү ишкер бирикмелер да ушуга үндөш пикирлерин билдирип жатышат.
Киргизилип жаткан чектөөлөргө байланыштуу комментарий алуу үчүн 2-3 күн артынан жүргөнүбүз менен Министрдин орун басары эч бошой албай койду.
Балык жемине чектөөдө чарбалардын кызыкчылыгы эске алынганбы?
Өкмөт 10-сентябрдан тарта балык жемин импорттоого алты айлык тыюу салган. Мындай чара атамекендик өндүрүштү колдоого, аквакультураны өнүктүрүүгө жана импортко болгон көз карандылыкты азайтууга багытталганы менен түшүндүрүлгөн. Анын алдында өлкөдө балык жемин чыгарган төрт компания – «Тянь-Шань Форель», «Биожем», «Салих Аква» жана «Аквавин» компанияларынын жетекчилери менен жолуккан министр Эрлист Акунбеков чечимди мындайча түшүндүргөн.
“Алардын сөзүн алдым. “Биз 200 сомдон ашырбай сатабыз, ошол эле кезде өндүргөн жемибиздин сапаты Европадан кем болбой тургандай деңгээлге чыгабыз” деп. Андан тышкары, балык чарбалар менен дагы базар шартында, базардын инструменттерин колдонуп, жакшы, жеңилдетилген шарттар менен жемдерди берүү боюнча да макулдугун алдым. Дагы бир сыйра эскертип кетем, эртеңден баштап өкмөттүн токтому ишке кирет. Ал токтомдун негизги максаты – сырттан келген импортту чектеп, өзүбүздүн атамекендик балык жемин өндүргөн ишкана-заводдорду колдоо. Андыктан, ушул багытта чогуу жумуш алып баралы. Атамекендик өндүрүүчүлөрдү ар дайым колдойлу”.
Токтом долбоору адаттагыдай болуп коомдук талкууга чыгарылбай туруп, чукулунан кабыл алынгандыктан, ал чечим балык чарбачылыгында бир кыйла нааразылык жараткан.
Расмий маалыматка ылайык, учурда Кыргызстанда балык тоюттарын өндүргөн төрт завод иштеп, алардын жылына 70 миң тоннага чейин продукция чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар. Кыргызстанда жылына болжол менен 20 миң тонна балык өндүрүлүп, анын басымдуу бөлүгү Орусияга экспорттолот.
Мурдагы Айыл чарба министри, “Мөмө” ассоциациясынын жетекчиси Тилек Токтогазиев мамлекеттин базарга кийлигишүүсү натуура экенин айтат.
“Бир четинен атамекендик өндүрүш, балык жемин өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын коргойбуз деп, балык чарбалардын кызыкчылыгын (алар деле атамекендик өндүрүш да), алардын укуктарын бузуу катары кабыл алсак болот. Анткени, бул эркин тандоо да. Мисалы, биздин тармакта деле Европадан келген эң жакшы жер семирткичтерди колдонгонго болбойт деп, же болбосо ошол эле көчөттөрдү чет өлкөдөн алып келгенге болбойт деп чечимди чыгарып койсо, анда биз дыйкан катары дыйканчылыгыбызды токтотконго туура келет. Анткени, бул биздин өстүрүү технологиябызга түздөн-түз таасири тийет. Ошондой эле, балык чарбалардын дагы технологиялык стандарттарына түздөн-түз киришкендиги бүт жагынан туура эмес деп эсептейм”.
Дагы караңыз
Адылбек Касымалиев балыктын жеми боюнча талашка комментарий бердиКартөшкөгө салынган тыюу атамекендик базарды коргой алабы?
Учурда картөшкө импортуна чектөө киргизүү чечими да коомдук талкууда турат. Өкмөт өлкөгө кирген картөшкөнү 07019050 товардык номенклатуралык коду менен тосмолоону чечкен. Кыргыз статистикасы быйыл жети айда сырттан 24,7 миң тонна картөшкө импорттолгонун, анын 21,4 миң тоннасы же 87%ы Кытайдан келгенин билдирүүдө. Токтомду “атамекендик өндүрүштү колдоо” деген сөздөр менен жазганына карабай, расмийлердин чечими иш жүзүндө кыргыз дыйкандары менен өндүрүүчүлөрүнө кол кабыш кыла албачудай.
Бул жерде өкмөттүн чечиминин чалагайымдыгы даана байкалат. Анткени, Кытай Кыргызстанга картөшкө экспорттогондо Бишкек карманган код менен эмес, башкасын (07019000) колдонот. Бээжиндин мамлекеттик бажысынын расмий статистикасын карап көрөлү.
Маселен, 2026-жылдын январь-август айларында Кытай Кыргызстанга ушул код менен 74,3 миң тонна ($49,3 млн), 2025-жылы 149 миң тонна ($129 млн) картөшкө саткан. Кыргыз базарларында былтыртан бери кытай картөшкөлөрү жайнап эле калган. Кыргыз өкмөтү айтып жаткан код менен бир тоголок да картөшкө саткан эмес.
Айыл чарба министрлиги чечимге негиз болгон талдоо каты чийки болгонун кеч түшүнүп, анысын оңдоого далалаттанып жатат.
Мурдагы Айыл чарба министри, “Мөмө” ассоциациясынын жетекчиси Тилек Токтогазиев атаандаштыктан качпай, тескерисинче алдыңкы технологияларды көбүрөөк тартканга жан үрөөгө чакырат.
“Менин оюмча, Кыргызстан бүт позициялар боюнча өзүн-өзү камсыздаганга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок, ошого жараша мамлекеттик саясатты туура жүргүзүшүбүз керек. Жанагыдай изоляционизм деген деле жакшылыкка алып келбейт. Мисалы кошунабыз Өзбекстанда Каримовдун учурунда ошондой чечимдер көп болгон. Өзүн-өзү жаап коюп, бирок ошонун айынан дүйнөлүк атаандаштыкта жакшы деңгээлге жетпей калган. Кайсы жакта ошентип изоляционизмге келген жерде, алар дүйнөлүк атаандаштыкта утулат. Биз, тескерисинче, эң алдыңкы технологияларды алып келип, дүйнөлүк атаандаштыкка чыдап, мыкты чыгып, анан дүйнөлүк атаандаштыкта баары менен күрөшүп, өзүбүздүн продукцияны, өзүбүздүн нишаларды тандап алып, кайсы жактан Кыргызстан алдыга чыгышы мүмкүн деген тармактарды тандап алып, анан ошол тармактардан экспортту күчөтүшүбүз керек”.
“Атамекендик сунуш жетишсиз кезде импортту тыюу тандоону чектейт”
Негизи жыл башынан бери айыл чарбасынан тышкары, курулуш, транспорт тармактарында да импортту чектөө боюнча 10дой токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарган.
Унаалардын кузовун, бир катар курулуш материалдарын жана электрондук тамекини импорттоого тыюу салынган. Алюминий калдыктарын, макулатураны, мал-жандыкты, жыгач материалдарын, таш плиталарын жана кара металлдын сыныктары менен калдыктарын экспорттоого да чектөөлөр киргизилген.
Айрымдары боюнча талкууну кайра-кайра өткөргөн. Документтерде негизинен атамекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана рыноктун сапаттуу иштешин камсыздоо максатын койгон.
Коомдук талкууга коюлган токтом долбоорлорунун алдына бир катар комментарийлер жазылган. Аларда көбүнчө импортко чектөө киргизүү атамекендик керектөөчүлөрдүн укуктарын бузары, рыноктун катышуучуларынын ортосундагы тең салмактуулук олуттуу тобокелдиктерге кабылары эскертилген.
“Курулуш компанияларынын эл аралык ассоциациясы” токтом долбоору боюнча берген сунушунда атамекендик өндүрүш курулуш рыногун жетиштүү көлөмдө, ассортиментте жана сапатта камсыздай аларын көрсөткөн толук кандуу талдоонун жоктугун белгилеген.
“Ишкер долбоордун талаптарына, техникалык нормаларына, сапатына жана экономикалык мүдөөсүнө шайкеш келген материалды тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Жетиштүү атамекендик сунуш жок болгон чакта импортту чектөө иш жүзүндө мындай тандоону чектейт жана атаандаштыкты өнүктүрүүгө эмес, тартыштыкка, өздүк наркынын өсүшүнө жана курулуштун мөөнөтүнүн создугушуна алып келиши мүмкүн. Чектөөнү киргизүү менен атамекендик өндүрүштү колдоо, атаандаштыкты өнүктүрүү, укуктарды коргоо менен өз долбоорлорунун талаптарына шайкеш келген сапаттуу материалды алуу жана колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуш керек болгон ишкерлердин ортосундагы баланс кантип камсыздалат?”.
Демократиялык жана чыныгы рыноктук экономикага негизделген өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, атамекендик өндүрүштү колдоо үчүн импортту чектөө шарт эмес. Ички рынокту радикалдуу жана тобокелдүү тыюуларсыз эле колдоонун жана жөнгө салуунун көптөгөн альтернативдүү чаралары бар.
Маселен, айрым товарлар тобуна бажы алымдары менен тарифтерин өстүрүп койсо импорттук продукциялар бир кыйла кымбаттап, атаандаштык төмөндөйт, бирок керектөөчү үчүн тандоо мүмкүнчүлүгү сакталат. Катуу техникалык регламенттерди, экологиялык нормаларды, санитардык талаптарды же товарды милдеттүү маркалоону киргизүү да импорттолуп келген сапаттуу продукцияны өткөрүп, бирок сапатсызын иргеп калган тосмолорду жаратат. Атамекендик өндүрүшчүлөрдү субсидиялоо же мамлекеттик колдоого алуу, атамекендик товарларды тышкы рынокторго чыгарууну колдоо, эл аралык стандарттар боюнча тастыктоого көмөктөшүү жана экспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү сыяктуу иш-чаралар да натыйжалуу чаралардан болуп саналат.
Тилек Токтогазиев импортту тосмолоо ички рынокту атаандаштык чөйрөдө өнүктүрүүгө жолтоо болорун эскертет.
“Жанагыдай чектөөлөр ички өндүрүштөгү адамдарды бош калтырып коюп, анан алар дагы бара-бара көөп кетет десем болот. Анын арты менен алар өзүн таштап салып жаңы технологияларды алып келбейт, өндүрүшүн аябай начар деңгээлге түшүрүп салат. Бул кандайдыр бир деңгээлде ички монополияга алып келгенде, монополия деген эч качан жакшылыкка алып келбейт. Бара-бара баасы кымбаттап, товар дагы сапатсыз болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан, биз технологияларга, кадрларга жана каржы жагынан шарттарын түзүп берип, дүйнөлүк экономиканын мүчөсү болгонго аракет кылышыбыз керек”.
Токтогазиев айтмакчы, импортко толук тыюу салуу чечимдерин бир катар тобокелдиктер коштоп жүрөт.
Керектөөчүлөр үчүн баалар өсүп кетиши мүмкүн. Атаандаштыктын жоктугунан улам, жергиликтүү өндүрүшчүлөр бааларды көтөрүп, ошол эле маалда сапат начарлап же тартыштыкты жөнгө сала албай калат. Импортко коюлган чектөөлөрдөн улам өлкө ичиндеги кайра иштетүүчү ишканалар менен тамак-аш өндүрүшү жабыр тартат. Импортту бир жактуу тосмолоо көп учурда эл аралык чыңалууну, өнөктөштөрдүн дооматын жана кайтарым чектөөлөрдү жаратат. Маселен, Евробиримдиктин комментарийинин артында бери дегенде Польша, Литва жана Молдова сыяктуу өлкөлөрдүн позициялары турушу мүмкүн.