"Президент ишеним артты". Бектурганов прокуратураны өзгөртөбү?

Баш прокурордун милдетин аткаруучу Малик Бектурганов.

Кыргызстанда эки чоң күч түзүмдөрүндөгү жетекчилердин алмашуусу талкуу жаратты. Өлкөнүн баш прокурору Максат Асаналиевдин ордун анын биринчи орун басары Малик Бектурганов ээлеп, прокурордун милдетин аткара баштады.

Президент Садыр Жапаровдун 30-июндагы буйругуна ылайык, Асаналиев УКМКнын төрагалыгына дайындалган. Ал буга чейин баш прокурордун биринчи орун басары, Ош, Жалал-Абад шаарларынын прокурору болуп иштеген. Кыргызстанда мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөгөн органдын башына келген адам ким деген суроо туулат.

Баш прокурордун милдетин аткаруучу Малик Бектургановду 1-июлда көзөмөл органынын жамаатына Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тааныштырды. Ал мыйзамдуулукту так сактоого, коррупцияны жоюуга жана элдин көзөмөл органына болгон ишенимин арттырууга чакырды.

Адылбек Касымалиев Малик Бектургановду жамаатка таныштурууда.

Эмгек жолун прокуратурада кеңешчи, башкы адис, анан стажер болуп баштаган 51 жаштагы юстициянын генерал-майору Малик Бектурганов тууралуу ачык булактарда көп деле маалымат жок. Ал эмгек жолун прокуратурада тергөөнү көзөмөлдөө жагында иштеген.

Бектурганов 1974-жылы Бишкек шаарында туулган. Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Баш калаанын райондук, шаардык прокуратураларында, Башкы прокуратурада эмгектенген.

2018–2021-жылдары Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары, 2021–2022-жылдары Жалал-Абад (азыркы Манас) шаарынын прокурору, 2022–2024-жылдары Ош шаарынын прокурору, 2024-жылдан бери башкы прокурордун орун басары болуп иштеген. Ушул жылдын 14-февралынан бери баш прокурордун биринчи орун басары болуп иштеп келген.

Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин кароосунан өтүшү керек. Өмүр бою ушул тармакта иштеп келаткан Бектурганов кандай өзгөрүүлөрдү жасайт, эмнеге басым коёору, ишти эмнеден баштарын парламентке барганда айтышы мүмкүн.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалидева соңку саясий окуялардан кийин элден түшкөн арыз-даттануулар токтой электигин белгилеп, баштаган ишти аягына чыгаруу зарыл экенин айтууда.

Элвира Сурабалдиева.

"Малик Бектурганов көп жылдык тажрыйбасы бар, прокуратура системасынын дээрлик бардык баскычтарын басып өткөн кызматкер. Бүгүнкү күндө коом Башкы прокуратурадан баарынан мурда мыйзамдуулукту, объективдүүлүктү, көз карандысыздыкты, мыйзамдын баарына бирдей колдонулушун камсыздоону күтөт деп эсептейм. Анын жетекчилиги астында бул принциптер ырааттуу түрдө сакталат деп ишенем. Азырынча биз анын талапкерлигин карай элекпиз, ал кесипкөйлүгү менен ушул кызматка тандалды деп ойлойм. Элден келген каттар токтой элек. Бизге келген кайрылууларга байланыштуу кат жөнөтсөң "иш козгодук, кайра жарым жылдан кийин жабылды" дегендей курулай эле жооп берүү аз болуш үчун ошого көңүл буруш керек. Азыр аймактарда өткөн жолугушууларда акыйкатсыздык, мыйзам ар кимге ар кандай иштей турганын айтып арызданып жатышат. Укук коргоо органдарында иштер бири-бирине чырмалышып калган. Бири-биринин чечимдерин колдоп, ортодо эл эле чырылдап жатат. Парламентке келсе деле баштаган ишти аягына чыгаруу маселесин көтөрөт элем. Бири-биринин ишин жаап-жашырган көрүнүш токтош керек".

Бектургановдун мурдагы кесиптеши, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара Акимбаева аны ушул системаны жакшы билген, кесипкөй адис катары сыпаттап жатат. Ал өзүнүн ишин мыйзамда көрсөтүлгөндөй так жана жоопкерчилик менен аткарат деген ишеничте.

Гүлнара Акимбаева, ЖК депутаты

"Бектурганов көп жылдан бери прокуратура системасында иштеген. Катардагы стажер кызматынан баштап, баш прокурордун биринчи орун басарына чейин жетти, системаны жакшы билген адистердин бири деп эсептейм. Бул президент тарабынан көрсөтүлгөн чоң ишеним, бирок анын дайындалышынын өзүнүн тартиби бар. Азырынча милдетин аткарып жатат. Прокуратура жөнүндө көзөмөл орган катары Конституцияда баары көрсөтүлгөн. Өзүнүн жумушун так, туура, жоопкерчилик менен аткарса, мыйзамда көрсөтүлгөн багыттардын баарын камтыса деген тилек. Азыр прокуратуранын ыйгарым укуктары дагы кыйла кеңейтилди. Анын арасында коррупцияга каршы аракеттенүү стратегиясын ишке ашыруу милдети турат. Буга жооптуу орган катары ушул мекеме эсептелет. Учурда сот аткаруу кызматы дагы буларга өттү. Бул киши тергөөчү болуп иштеген, бул жагынан дагы адис. Биринчи орун басар катары тергөө менен байланышкан маселелерде куратор болгон".

Социалдык тармактарда Малик Бектургановдун бул кызматка келишин сындагандар дагы жок эмес. Алар бир топ жылдардан бери акыйкат чечимди талап кылып, аягына чыга албай жатышканын белгилешкен.

Буга чейин Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева ага кайрылгандардын басымдуу бөлүгү укук коргоо жана сот органдарынын ишине нааразы болуп, даттанышканын билдирген.

Президент Садыр Жапаровдун Нарын облусунда жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушуусунда дагы бул маселе көтөрүлүп, ишти жылдап созуп жүргөн сот жана прокурорлорду сынга алган.

Мындан улам журналист Семетей Аманбеков учурда эң чоң жоопкерчилик прокуратура органдарында экенин белгилөөдө.

Семетей Аманбеков.

"Ишкерлер, блогерлер, журналисттер, карапайым эле сын айткан, арыз-арман, көнүл бура турган, резонанс болчу фактыларды күч органдарына айтып жатат. Президент дагы жолугушууда эң талуу, сезимтал, көйгөйлүү маселелер прокурор менен сотторго байланыштуу болуп жатканын айтты. Эң көп арыз УКМК, ИИМ, күч органдарына болуп жатат. Алардын үстүнөн көзөмөл кылган орган - прокуратура. Азыркы жагдай прокуратуранын шалаакылыгынын кесепети деп ойлойм. Анткени эч кандай көзөмөл болгон эмес, алар убагында кандай иш козголуп, кандай басым, бөгөт болуп жатканын, мыйзам, ыйгарым укуктарынын негизинде караса нааразылык мынчалык болбойт эле. Соцтармактагы, президенттин жолугушуусунда эң көп арыздар күч органдарынын ишине байланыштуу болууда. Учурда прокутаранын өзүнүн түзмө түз функциясы жок болуп кетти. Ошондуктан мыйзам бузуулар катталып жатат. Ал эми Малик Бектургановдун тажрыйбасы көп, стажердон баштап ири шаарларда прокурор болуп иштеген, тепкичтин баарын өтүп, системаны жакшы билет. Ошондуктан ал прокуратуранын функциясын кайтарып, катуу көзөмөлгө алып, мыйзамдын кызыкчылыгын караганга басым жасайт деп ишенем".

Буга чейинки баш прокурор Максат Асаналиев бул кызматта туура эки жыл турду.

Соңку кадрдык өзгөрүүлөр УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы баш прокурор Курманкул Зулушев жана Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу баш болгон саясатчылардын соту болуп жаткан учурга туура келди.

Прокурорлор “75чилердин каты” боюнча айыпталып жаткан шектүүлөрдү тогуз жылдан абакка кесүүнү сураган. Айыпталып жаткан мурдагы чиновниктердин жактоочулары бул пикирге макул эмес.