"Айына 90 миң сом төлөй албайм". "Дөөлөт курулуштун" үлүшчүлөрүнүн даты, бийликтин жообу

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын аягына чыкпай калган эки объектиси боюнча үлүшчүлөрдүн маселеси кайрадан күн тартибине чыкты. Фирма бир нече жыл мурда куруп баштаган эки комплекс ара жолдо калып, кардарлардын ызы-чуусунан кийин Курулуш министрлигине өткөрүлгөн.

Министрлик анда 1400дөй үлүшчү бар экенин, алар акчасын төлөгөнү менен курулуш аягына чыкпаганын ырастап, ал жерге 25 миллион долларлык инвестиция тартканын кабарлаган. Натыйжада үйгө төлөнчү акынын суммасы көбөйгөн. Бул үлүшчүлөрдүн нааразылыгын жаратты.

Мамлекет иш баштады, бирок акысы кымбаттады

Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин “Дөөлөт курулуш” компаниясынын үлүшчүлөрү менен эки апта мурдагы жолугушуусунда мамлекетке өткөн объектилердин мындан аркы тагдыры жөнүндө алгач ирет расмий маалымат берди:

“Бир чарчы метри мурда 750 доллар болсо, азыркы учурда кайра 920 доллар менен эсептелет. Базар баасын карасаңыздар, 1300-1400 доллардан котловандан алып жатышат. Анткени, бүгүнкү күндө баанын бардыгы кымбаттады. Ошондуктан биз азыр бардыгын кайра эсептеп чыктык. Азыр эң төмөнкү эсеп менен алганда курулушту толук бүткөрүү үчүн 920 доллар кылып сиздер менен кайра келишимдерди түзүп чыгабыз”, - деди ал 15-октябрда.

Министр аталган курулуш фирмасынын объектилерин мамлекет өзүнө алган соң аны бүткөрүүгө инвестордон каражат алынганын, ошондуктан турак жайдын баасы кымбаттаганын айтууда. Кардарлар мурда компанига үйдүн чарчы метрине 750 доллардан төлөп келишсе, эми 920 доллардан төлөшү керек.

Бул маалыматтан кийин үлүшчүлөр ара жолдо калган курулуштун алдына чогулуп, президентке кайрылышты. Андан соң кайра министрге барып, жаңы баа алар үчүн кымбатка түшүп каларына даттанышты.

“Өзүңүз ойлонуп көрүңүзчү, үч бөлмөлүү батирлер 150 миң доллардан төгүш керек, эки бөлмөлүүлөр 120 миң долларга чейин барып калат экен. Бир бөлмөлүүлөр болсо, мына мен 90 миң доллар төккөнү турам. Менде ошол 90 миң доллар барбы? Биз эмнеге мамлекетке кайрылдык? Эмнеге сиздерден жардам сурадык?” - деп сыздап жатты мындагы аялдардын бири.

"Айына 90 миң сом төлөй албайм"

Маалым болгондой, “Дөөлөт курулуш” компаниясы 2021-жылы Бишкек шаарында жана 2024-жылы Шопоков шаарында көп кабаттуу турак жайларды кура баштаган.

Бишкектин Кудайберген кичи районундагы комплекс 4 гектар жерге 9 кабаттуу 34 блоктон турган турак жай катары пландалган. Мунун курулушу үч-төрт жылда аяктай турганы маалымдалган.

Шопоковдогу 8 гектардан ашык жер тилкесин болсо мэрия берип, анын акысына курулуш ишканасынан батир алмак. Мындагы курулуш да эки-үч жыл мөөнөттө аяктамак.

Бирок курулуш иштери кечеңдеген улам үлүшчүлөр чогулуп, нааразылык билдиришкен жана жана бийлик өкүлдөрүнө кайрылышкан. Алардын даттануусу менен Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин кызматкерлери үлүшчүлөрдүн даттануусу менен 2025-жылы компанияга эскертүү берген. Ишкана анда бир ай убакыт сурап, курулуштарды кайрадан улантарын убада кылган.

Андан ары да иш жанданбаган соң “Дөөлөт курулуш” компаниясынын “Кудайберген” жана “Шопоков” объектилери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине өткөрүлгөн.

"Дөөлөт курулуштан” үй алгандардын бири Нургүл Абдыраманова "Азаттыкка" муңун мындайча билдирди:

“750 доллар менен 920 доллардын айырмасы 170 доллар. Эгер кошобуз дешсе да, аны ушул күндөн ары жагына кошсо да биз мынчалык чырылдабайт элек. Биз эсептеттирип көрдүк. Өзүбүздүн эсепке ишенбей, менежерлерге эсептетип чыктык. 920 доллардан эсептеп, 3 жылга чачканда менде айына 98 миң сомдон төлөм чыгып жатат. Эки бөлмө, анын да бир уктоочу бөлмө, анан чакан зал. Менеджерим деле 90 миң сомдой төгөт экенсиң деди. 90 миң сомдон төгө тургандай акыбал жок менде. Менин, күйөөмдүн, ал тургай кошунамдын акчасын кошкон айына мен 100 миң сомду төлөй албайм. Бир-эки айдыкын чырылдап атып төгүшүм мүмкүн, а калган 38 айдыкын мен кантип төгөм? Ошондуктан биз президенттен суранып жатабыз. Ооба, биз базар баасын түшүнүп жатабыз, акысын түшүрө албаса да жок дегенде жылын узартып берсин. 3 жыл эмес, 5 жыл кылып беришсин. Болгон суранычыбыз ушул”.

3 миңдей адам алданган

Расмий айтылгандай, “Кудайберген” комплексинде 1400, “Шопоков” комплексинде 1500дөй жалпы үлүшчү болгон. Алардын бир тобу Бишкекте жыйналып, төлөмдүн мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен президентке кайрылышкан. Кийин мамлекет башчынын Ноокен районундагы жолугушуусуна барып, ал жерде да суроо узатышты.

Үлүшчүлөрдүн бири, өзүн Акзыйнат деп тааныштырган аял анда минтип суроо берди:

“Мен көптүн катарында, Бишкектен, “Дөөлөт Курулуш” компаниясынан үй алгамын. Бишкекке барып, сизге кезиккенге убактыбыз жетишсиз, ишти сотко ашырыш үчүн эки жума эле убакыт калды, ошондуктан сиздин астыңызга келип олтурам. Мага окшоп, үйдүн жаңы чыккан келишимине ичи чыкпаган адамдар көп”.

Президент Садыр Жапаров тургундун сөзүн дароо бөлүп, бул боюнча маалыматы бар экенин айтты. Бирок ал "Дөөлөт курулуш" компаниясынын үлүшчүлөрүнүн бул өтүнүчүн четке какты.

“Мен сизди түшүндүм, келиңиз дароо жооп берип коёюн. Бир жарым-эки жыл болуп калды, “Дөөлөт курулуш” деп ачып алып, котловандан баштап 3 миңдей адамды алдаган. Анан азыр мамлекет ишти колго алып инвесторлорду таап, эсептеп чыкты. Бир чарчы метри 920 доллардан айланат экен. Эл такыр акчасын албай калбасын деп тапшырма бергем. Он чакты адам чогулуп алып ызы-чуу кылбагыла. Алдап кеткен жеке жак болсо, алданып калгандар 3 миң адам болсо, мен ошол 3 миң адамга боорум ооруп жасап берип жатам муну. Болбосо бар, сот аркылуу чечип алгыла деп коюшубуз керек эле. Ошону үчүн 920 долларга макул деп, “айланайын” деп, бүтүрүп алгыла”.

Мурдараак “KG групп”, “Көчмөн Сити” сыяктуу курулуш компаниялары салып жаткан объектилер да үзгүлтүккө учурап, анда жүздөгөн үлүшчүлөр жабыркаган. Алардын да курулуш объектилери мамлекетке алынып, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу курулуш иштери улантылып жатат.