Президент Садыр Жапаровдун 12-октябрда Баткен облусунун Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушуусунда Абдукаимова уулунун ишин акыйкат карап берүүнү суранды:
"Менин балам, Ташов Имамидин эч күнөөсүз. Үч жылдан бери кармалып отурат подстава менен".
Жапаров бул суроого жооп берип, Ташов боюнча кенен маалыматы бар экенин айтты:
"Уулуңуз боюнча тээ башында маалымат алгам, билем. Эч ким аны подстава кылган эмес. Ал отуруп алып, революция кылам деп 450 миң долларлык мүлкүн, квартираларды криминалдарга тараткан. Ал убакта Көлбаев тирүү болсо керек эле, ошонун балдарына берген "Алгыла, чыгып бергиле" деп. Андан башка акча чачып, революция кылабыз деген жактарын билем мен. Үйлөрдүн акчасын алып, шайлоого иштетип жиберген да үй салып бере албай калган. Аны да териштиргем мен".
Ошону менен катар Жапаров Ташовдун ишине байланыштуу сотторго тапшырма бере албасын жана өкүм чыккандан кийин гана ырайым берүү маселесин карап чыгууга укуктуу болорун кошумчалады.
Айыптоо жана соттук териштирүү
Бишкектин Биринчи май райондук соту 2025-жылдын 25-июлунда Имамидин Ташовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан. Райондук соттогу териштирүү учурунда ал 2023-жылы октябрда өзүнө тиешеси жок жер тилкеси үчүн кармалганын, 52 миллион сомду кыйноо аркылуу өндүрүп алышканын билдирген. УКМКнын кызматкерлери андан тышкары 100 миллион сом талап кылганын жана аны бербегени үчүн ар кандай кыйноого кабылганын кошумчалаган.
Ал мындай маалыматты 2024-жылы да айтып чыккан. Буга жооп иретинде УКМК 2024-жылдын январында билдирүү таратып, 100 миллион сом боюнча айыптоону четке каккан. Ташовдун бийликти басып алууга аракет кылганы боюнча ынанымдуу далилдер бар экенин белгилеген.
Ишкердин адвокаттары райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылган. Шаардык сот быйыл 17-июлда Ташовдун ишин карап, биринчи инстанция берген 9 жылдык жазаны 1 жылга азайып, 8 жылга түшүргөн.
Сот Ташовго тагылган Кылмыш-жаза кодексинин үч беренесинин экөө – 326-берене (Бийликти күч менен басып алуу) жана 327-берене (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) боюнча күнөөлүү деп табылган өкүмдү күчүндө калтырган. Ал эми үчүнчү – 378-берене (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча ал акталган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовду 2024-жылы апрелде кармаган. Атайын кызмат ага чейин издөөдө жүргөн ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөндөн кийин Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын билдирген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган. Андан сырткары алдамчылык тууралуу берене менен козголгон бир канча иш тергелип жатканы белгилүү болгон.
Жактоочу тараптын жүйөсү
Ишкер коюлган киненин баарын четке кагып келет. Ал кыйноого кабылганын, начар шартта кармалып жатканын айтып, өзүнө бир нече жолу кол салганы жана ачкачылык кармаганы маалымдалган.
Ташовдун адвокаты Асел Аргымбаева 13-октябрда "Фейсбуктагы" баракчасына билдирүү жарыялап, адилеттик «ырайым» катары таратылбашы, мыйзамга жана фактыларга гана таянышы зарыл экенин жазды.
Жактоочу кылмыш ишинин "ар бир сабын, ар бир процессуалдык мыйзам бузуусун жана бул иш кандай ыкмалар менен токулганын жакшы билерин" айтты.
"Бул куугунтукту уюштуруп, басым көрсөтүүнү башкарган адамдар азыр кайда? Ошол кезде Бишкек шаардык УКМК башкармалыгын жетектеп турган, кийин түштүккө которулган Салмоор Жумабеков 2026-жылдын февралында Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМКнын башкы башкармалыгынын башчысы кызматынан расмий бошотулуп, кадрлардын карамагына чыгарылды. Ооба, ал азырынча түз жоопкерчиликке тартыла элек, бирок мындай кадрдык офицердин негизги кызматтардан четтетилиши — ачык белги. Ал эми бул тазалоо жана куугунтуктоо иштерин көзөмөлдөгөн жетекчиликтин өзү сот өкүмдөрүнө жана кылмыш жоопкерчилигине туш болду. Күч кызматкерлеринин кызматтан четтетилиши жана мурдагы жетекчилерге козголгон кылмыш иштери — Имамидиндин «бул иш атайын уюштурулган подстава жана мыйзамсыздыктын кесепети» деген сөздөрүнүн түздөн-түз далили эмеспи?", - деди ал.
43 жаштагы Имамидин Ташов негиздеген KG Group компаниясы 2010-жылдан соң Бишкекте көп кабаттуу турак жайларды куруп келген. Аталган үйлөрдүн айрым тургундары бул объектилерде көйгөйлөр бар экенин айтып чыгышкан. Ташов 2021-жылкы президенттик шайлоодо ат салышкан. Анда ал 17 талапкердин ичинен алтынчы болгон.
Шерине