АКШ Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдойт

АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан. Вашингтон. 2021-жылдын 4-февралы.

АКШ президенти Жо Байдендин коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Украинанын президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак менен телефон аркылуу сүйлөшүп, расмий Вашингтон Киевди колдой тургандыгын билдирди. Бул тууралуу Ак үйдүн билдирүүсүндө маалымдалды.

«Салливан мырза улантылып жаткан баскынчылыкка кириптер болгон Украинанын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана Евроатлантикалык тилектерин АКШ мындан ары да колдой берет деп ырастады.

Дагы караңыз Украинанын өкмөт башчысы Киевдин Евробиримдикке, НАТОго кирүү ниетин бышыктады


Ошондой эле Салливан Байдендин өкмөтү жемкорлукка каршы күрөш жана Украина элинин адилеттүүлүгүн, коопсуздугун жана гүлдөп-өнүгүүсүн камсыз кылган реформалар жаатындагы президент Владимир Зеленскийдин программасын жүзөгө ашыруу планын колдоо мүдөөсүндө биздин өз ара стратегиялык өнөктөштүгүбүздү жигердентүүгө берилгендиги тууралуу айтты», – деп Ак үйдүн билдирүүсүндө белгиленди.

Тараптар 29-марттагы телефондон баарлашуу маалында жалган маалымат таркатууга каршы биргелешип күрөшүү көйгөйлөрүн да талкуулашкан.

Дагы караңыз Киев "киберчабуулдар" үчүн орусиялык чалгын кызматын айыптайт


Андрей Ермак өз кезегинде президент Владимир Зеленскийдин демилгеси менен түзүлгөн «Жалган маалыматка каршы күрөшүү борбору» жөнүндө айтып берди.

Украин президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак. Киев. 2020-жылдын 12-февралы.


"Акыркы жылдары Украинада дагы, башка өлкөлөрдө дагы болуп өткөн окуялар маалыматтык согуш жана жалган маалыматтын жайылышы куралдуу тирешүүдөн кем эмес ойрондогуч күч экендигин далилдейт", – деди Ермак.

Дагы караңыз Украин бийлиги: Крым Кремль тарабынан убактылуу гана каратып алынган деп санайбыз


Киев да, дүйнөдөгү көпчүлүк өлкөлөрүнүн бийликтери да 2014-жылы жазында Орусиянын Крым жарым аралын Украинадан күч колдонуп тартып алгандыгын тааныбай келет жана Украинанын чыгышындагы жикчилерди колдоп жатат деп расмий Кремлди күнөөлөшүүдө. Кремл болсо бул айыптоолорду өзүнө жуутпай келет. (TT)