Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:58

Украина Орусиянын вакцинасын каттоого тыюу салды


Украина өкмөтү “агрессор мамлекеттин” вакцинасын каттоого тыюу салды. Киев 2015-жылдан бери Орусияны ушинтип атайт. Украин бийлиги 8-февралдагы чечимин эки күн жарыялабай келди.

“Верховна Рада агрессор-мамлекет деп тааныган өлкөдө иштелип чыккан вакцинаны, ошондой эле COVID-19 илдетин алдын алган башка дагы медициналык иммунобиологиялык препараттарды каттоого тыюу салынат”, - деп айтылат өкмөттүн буйругунда.

Бир жума мурун президент Владимир Зеленский орусиялык вакцинаны пайдалануу ыктымалдыгы тууралуу сөз кылып жатып өкмөттүн “украиналыктардын үстүнөн эксперимент жүргүзүү укугу жоктугун” айткан.

Киев менен Москванын мамилелери Орусия Крым жарым аралын аннексиялап алып, кошуна өлкөнүн чыгышындагы жикчилерди колдой баштаганда бузулган.

Президент эмдөө айдын этегинде башталарын бир нече күн мурун билдирген. Бирок коронавирустан коргогон бир да препарат өлкөгө келе элек.

10-февралда Украинанын Саламаттык сактоо министрлиги Кытайдын "Sinovac Biotech" компаниясы өзү чыгарган вакцинасын каттоодон өткөрүү өтүнүчүн жөнөткөнүн билдирди. Киев кытайлардан 1,9 миллион доза сатып алууга макул болгон.

Буга чейин индиялык компаниядан жана глобалдык COVAX программасынын алкагында, ошондой эле "Pfizer", "AstraZeneca" жана "Novavах" вакциналары келери айтылган.

XS
SM
MD
LG