Бишкек-Брюссел: Экономика, энергетика жана сөз эркиндиги

Шарль Мишел жана Садыр Жапаров. Чолпон-Ата шаары. 3-июнь, 2023-жыл.

3-июнда президент Садыр Жапаров Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишел менен жеке жолугушууларын өткөрдү. Жапаров кездешүүдө Кыргызстан демократиялык жолун улантарын билдирип, Европа Биримдиги менен саясий-экономикалык кызматташтыкты өркүндөтөрүн айтты.

Мишел өз кезегинде башка багыттардын катарында сөз эркиндиги боюнча маселени эске салды. Тараптар күн мурун "Европа Биримдиги - Борбор Азия" форматындагы саммитте да баарлашкан.

Биринчи сапардагы кептер

Шарль Мишелди келгенине экинчи күн болгондо Садыр Жапаров Чолпон-Атадагы резиденциянын Конгресс-холлунда тосуп алып, кол алышып, чогуу сүрөткө түшүү аземин өткөрдү.

Тараптар алгач тар курамда сүйлөшүп, кийин кеңейтилген форматта баарлашты.

Жапаров Европа Биримдигинин жетекчисинин Кыргызстанга мындай жогорку визити биринчи жолу болуп жатканын белгилеп, бул мамилелерди чыңдоодогу маанилүү этап болуп саналарын айтты:

“Биринчиден, мен Европа Биримдигине өлкөбүздүн туруктуулукка, өнүгүүгө жана демократияга карай жолунда баа жеткис колдоосу жана жардамы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Кыргыз Республикасы эгемендик алгандан тартып өнүгүү жана жаңыртуу жолунда маанилүү роль ойногон Европа Биримдиги менен түзүлгөн кызматташтыкты жана өнөктөштүктү жогору баалайт. Кыргыз Республикасы – коому динамикалуу өнүгүп жаткан жаш өлкө. Демократиянын, саясий жана социалдык-экономикалык реформалардын жолун тандап алган өлкө. Биз демократиялык институттарды чыңдоо, мыйзам үстөмдүгүн илгерилетүү жана адам укуктарын коргоо жаатында олуттуу ийгиликтерге жетиштик. Бирок, биз жеңе турган кыйынчылыктар бар экенин түшүнөбүз жана эл аралык өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен аларды жеңүүгө чечкиндүүбүз”, – деди Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров менен Шарль Мишелдин тар курамдагы жолугушуусу. 3-июнь, 2023-жыл.

Мамлекет башчы Кыргызстандын экономикасын диверсификациялоодо, жеке секторду өнүктүрүүдө жана туруктуу жумуш орундарын түзүүдө Европа Биримдигинин тажрыйбасы, инвестициялары жана техникалык жардамы чоң өбөлгө болгонун кеп кылып, Бишкек кызматташтыкты дагы да өркүндөтүүгө кызыкдар экенин маалымдады. Ал мунун ичинде экономика, экология, жашыл энергетика, айыл чарба, туризм, соода жана башка багыттарды атады.

Шарль Мишел өз сөзүндө Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Европа Кеңешинин президентинин Экинчи саммитин жогорку деңгээлде уюштурганы үчүн Жапаровго ыраазычылык билдирди. Ал эки тараптуу жолугушуу Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге алып чыгууга, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн жаңы барагын ачууга мүмкүндүк берерине басым жасады.

“Европа Биримдиги Кыргызстан менен экономиканы өнүктүрүү, климаттык өзгөрүүлөрдү алдын алуу, адам укуктарын, басма сөз эркиндигин коргоо, дегеле кызматташтыкты ар тараптуу бекемдөө жаатында максаттарды бөлүшөбүз. Өзгөчө белгилеп кетүүчү нерсе өлкөнүн энергетика жаатында бир кыйла потенциалы бар. Бул Европа өнүктүрүү банкынын иликтөөсүндө даана белгиленген. Гидроэнергетика жаатында биз кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Бул иштердин баары эки тараптуу жаңы багыттарды, жаңы максаттарды бекемдеп алууга негиз болот деп эсептейм”, – деди Мишел.

Садыр Жапаров менен Шарль Мишел сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн Биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Анда алар 30 жылдан ашкан кыргыз-европа кызматташтыгынын жетишкендиктерин кубатташып, эки тараптуу алаканы улантууну макулдашарын билдиришти. Сүйлөшүүдө кеп болгон экономика, энергетика, экология, климаттык өзгөрүүлөрдү алдын алуу жана башка багыттардагы аракеттерди өркүндөтүү темалары да Биргелешкен билдирүүдө камтылган.

Демократия жана адам укуктары маселесинде Европа Биримдигинин Кыргызстанга болгон колдоосу белгиленген. Мындан тышкары мыйзам үстөмдүгү, билим берүү, санариптештирүү жаатында Евробиримдиктин программалары маанилүү экени камтылган.

“Жолугушууда президенттер демократия, адам укуктарын жана мыйзам үстөмдүгүн урматтоо, экономикалык кызматташтык жана туруктуу өнүктүрүү максаттарына негизделген эки тараптуу кеңири кызматташууну мындан ары тереңдетүү ниетин билдиришти. Алар ошондой эле БУУнун Уставына жана анда каралган бардык өлкөлөрдүн бүтүндүгү, суверенитети, көз карандысыздыгы тууралуу принциптерди жактай тургандыгын ырасташты”, – деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Жапаров менен Мишел 2-июнь күнү "Борбор Азия — Европа Биримдиги" саммити экинчи отурумунда да ар кайсы багытта пикир алмашкан. Саммитке алардан башка Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов да катышты.

Жыйын сыртындагы маселелер

Садыр Жапаров менен Шарль Мишелдин тар жана кеңири курамдагы кездешүүлөрүндө жогорудагыдай жалпы темалар сөз болгону менен Европа Кеңешинин президенти Бишкекке жеткиргиси келген ойлорун күн мурун да айтып өткөн. Анын ичинде Ооганстандагы кырдаал жана Украинадагы Орусия баштаган согуш темаларына көбүрөөк кайрылып, Борбор Азия мамлекеттеринин, анын ичинде Кыргызстандын позициясы жөнүндө кеп кылган.

Мишел Украинадагы кырдаалга байланыштуу ар бир өлкөнүн позициясы урматтай турганын, бирок бардык мамлекеттер кайсы бир өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин сыйлайт деп ишенерин белгиледи. Басма сөз жыйында болсо Борбор Азияны тооруган санкциялар тууралуу маалымат берген.

Чолпон-Атадагы саммиттен кийинки маалымат жыйынында “Азаттык” радиосунун “Евробиримдик Кыргызстанга, Казакстанга же Өзбекстанга санкция салышы мүмкүнбү?” деген суроосуна төмөнкүчө пикирин билдирген:

“Биз буга чейин Орусиянын согуш машинасын колдогондорго көп чараларды көргөнүбүз анык. Биз санкциялардын 10 пакетин макулдашканбыз. Биз учурда санкцияларды буйтап өтүү тобокелдигин азайтуу үчүн болжолдуу санкциялардын 11-пакетин талкуулап жатабыз. Так айтып койгум келет, мындай чараларга Орусиянын согуш машинасын колдогондор түрткү берди. Биз эч кандай экстратерриториалдуулук принцибин колдонбойбуз”, – деди анда Шарль Мишел.

Март айында Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан Бишкекке келип, сүйлөшүү жүргүзгөн. Ал биримдиктеги өлкөлөр менен Борбор Азиянын ортосундагы товар сатуу 300% өскөнүн белгилеп, Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүшүнө жол бербөө маселесин койгон.

Май айында АКШ Орусиянын 69 компаниясын “кара тизмеге” киргизген, алардан тышкары Армениянын бир, Кыргызстандын бир компаниясына санкция салынган.

Европа Биримдиги улам-улам эскертүүлөрдү бергени менен Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга санкция салган жок. Анткени, бул чөлкөмдөгү мамлекеттер Орусияга экономикалык жактан көз каранды болуп тургандыгын түшүнүп тургандай. Шарль Мишел басма сөз жыйынында Евробиримдик “санкцияларды бузбагыла деп талап коюп жатканы менен өнөктөштөрдүн ага байланыштуу көйгөйлөрүн угуп, талкуулоого даяр экендигин” четке каккан жок.

Башка маселе, Кыргызстандагы камоолордун күчөгөнү жана жалпыга маалымдоо каражаттарына болгон басымдар Шарль Мишелдин кебинде ачык айтылган жок. Бирок ошол эле маалда “демократия жана сөз эркиндиги” тууралуу кеби менен ал аталган маселелер тууралуу позициясын да Бишкекке кыйыткандай болду.

"Бир дүйнө – Кыргызстан" уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Төлөкан Исмаилова Европа Кеңешинин президенти бул жаатта кыргыз бийлигине жетиштүү мессеж берди деп эсептейт:

Төлөкан Исмаилова

“Негизи эле "Борбор Азия — Европа Биримдиги" саммитинин өзү татаал мезгилде өтүп жатканын тана албайбыз. Ал дүйнөлүк геосаясий кырдаал, Украинадагы согуш, Ооганстандагы кырдаал, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жаңжалдан кийинки чыңалуу, климаттык өзгөрүүлөр жана башка кырдаалдарга туш келди. Ошондуктан мунун өзү тарыхый саммит болуп жатат десек ашыктык кылбайт. Ал эми адам укуктары боюнча алсак, биз өкмөттүк эмес уюмдар Кыргызстандагы жагдайды Европада бир нече платформаларда баяндап, маалымат берип келгенбиз. Ошол себептүү мен бул жолугушууларда адам укуктары маселеси көтөрүлүп, катуу айтылат деп күткөм. Бирок Жапаров менен Мишелдин расмий жолугушуусунда бул тууралуу ачык кеп болгон жок. Балким, жеке жолугушууларда “адам укугу сакталбаса өнүгүү болбойт, бул жагдайларды да эске алгыла” деп айтса керек деп үмүт кылам. Ошончо келгенден кийин тиешелүү диалогдор болду да сөзсүз түрдө. Аны ачыкка чыгарышпаса да, айтылса керек. Биздин бийлик ошол нерселерди угуп, мүмкүн жакын арада баштап камалгандарга, медиаларга жана башка нерселерге мамилесин өзгөртөт чыгар. Эгер өзгөртпөсө анда Орусия менен мамилесин чыңдап эле, “бузуку, чет элдик тыңчы” деп коюп, Кыргызстандан чыкпай отура беришсин”.

Шарль Мишел Кыргызстанга биринчи келип жатканы менен Садыр Жапаров ага алгач былтыр октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында, "Борбор Азия — Европа Биримдиги" саммитинин биринчи отурумунда жолуккан.

Кыргыз президенти ошол эле жылдын октябрында "Борбор Азия — Орусия" форматындагы саммитте Орусиянын президенти Владимир Путин менен көп тараптуу жыйынга катышкан. Путин менен мындай форматта быйыл да бир нече жолу кездешти. Өткөн айда болсо "Кытай – Борбор Азия" саммитинин алкагында коңшу өлкөнүн президенттери менен чогуу Кытайдын лидери Си Цзинпинге жолугуп келген.

Иш жүзүндө кыргыз бийлиги бул жагынан Батыш өлкөлөрү, тигил жагынан Орусия жана Кытай менен да мамилесин бузбай, ар биринин тилин табууга аракет кылып жатканы байкалат.

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаев Фейсбукка жазган постунда ушул жагдайды мындайча баалады:

Эмилбек Каптагаев

“Бир айдын ичинде болуп өткөн эл аралык мааниси зор эки саммит, Москвадагы президенттердин эки жолку жолугушуусу Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан тышкы саясат үчүн оңтойлуу жагдай түзүлүп тургандыгын айгинелейт. Албетте бул кубандырат. Чукул арада болуп өткөн бул окуялар геосаясий аренада Кыргыз Республикасы өз ордун так аныктап, сызыкты туура сызып, дүйнөнүн ар тарабы менен тең салмакташтырылган, өзүбүздүн кызыкчылыкты биринчи орунга коё алган тышкы саясатты калыптандырып алууга толук шарттарды түздү. Эми "Москва эмне дейт?" деп жер тиктеп отура бербей эркин аракет кылууга толук мүмкүнчүлүктөр жаралды деп айтсак болот. Эмки күтүлгөн окуя – бул Түрк биримдигинин лидерлеринин жолугушуусу, буга себеп бар. Анткени Түркиянын президенти Эрдоган кийинки мөөнөткө кайра шайланбадыбы, ошол шылтоо менен чогулуп, сүйлөшүп алууга болот. Түрк биримдиги дүйнөлүк аренадагы өзүнүн татыктуу ордун ээлеши шарт. Жагдай ушуну талап кылып турат. Албетте, тышкы саясаттагы ийгиликтер ички саясатты турукташтырууга, майда-барат интригалардын чегинен чыгып толук кандуу өнүгүүгө кадам таштоого мүмкүнчүлүк берет деген үмүт чоң”.

Расмий Бишкектин эсебинде, 2022-жылы Европа өлкөлөрү менен Кыргызстандын товар жүгүртүүсү 603,1 миллион долларды түзгөн. Анын ичинен экспорт 75,8 миллион доллар, импорт 527,3 миллион доллар болгон. Ошондо жалпы соода мурдагы жылга салыштырмалуу 76,1% өссө, экспорт 60,6%, импорт 78,6% көбөйүп жатат.