Табият кырсыктары дагы көбөйөт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жер планетасынын климаты «өтө тездик» менен өзгөрүп жатат жана буга адамдар күнөөлүү. Мындай билдирүү Улуттар Уюмунун климат боюнча жаңы чыккан баяндамасында жасалган. Дүйнөнүн алдыңкы окумуштуулары катуу ысык, суу ташкын, өрт, кургакчылык сыяктуу табият кырсыктары алдыдагы жылдарда мындан дагы көп катталарын эскертип жатышат.