Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:40

Түркиядагы сел: кыргызстандыктар жабыркаган жок


Кастамону облусу, 11-август.
Кастамону облусу, 11-август.

Апта башынан бери көнөктөп жааган жамгырдан улам Түркиянын Карадеңиз аймагында катуу сел жүрдү. Аймактагы төрт облустун тургундары эвакуацияланып, 27 киши каза болуп, 48 киши оор абалда ооруканада жатканы кабарланды.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги "Азаттыкка" табигый кырсык болгон аймактарда кыргызстандыктар жок экенин билдирди.

Табигый кырсык өлкөнүн Бартын, Синоп жана Кастамону аймактарына чоң сокку урду. Сел өзгөчө Кастамону облусунун Бозкурт районундагы турак үйлөрдүн дээрлик көпчүлүгүн жууп кетти. Көпүрө жана жолдор суунун астында калгандыктан бул аймактарга унаалар кире албай калды.

Кастамонуда суунун астында калган жол.
Кастамонуда суунун астында калган жол.

Жума күнү президент Режеп Тайып Эрдоган кырсык болгон аймакка өзү барып, селден жабыркагандарга ар тараптуу жардам көрсөтүлөрүн убада кылды.

Кудрет Артыкбаев.
Кудрет Артыкбаев.

Ал эми кыргызстандык студенттердин калың тобу дал ушул Кастамону аймагында окуп, билим алышат. Кастамону Билим берүү жана маданият коомунун төрагасы Кудрет Артыкбаев өзү жашаган аймактагы абалга токтолду.

"Кастамону облусу кыргызстандык студенттер көп келип окуган аймак. Учурда каникул болгондуктан студенттер келе элек болчу. Жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар тууралуу кабар түшкөн жок. Учурда жаан-чачын токтоду, бирок дем алыш күндөрү кайра катуу жаан жаайт деп жатышат. Адистер элге сак болууну эскерттүүдө", - деди Артыкбаев.

Ишки иштер министрлигинин маалыматында, 850 жайкын тургун коопсуз жайга чыгарылды. Министр Сулейман Сойлу сел болгон аймакка барып, калк кайыктар же тик учактар менен коопсуз жерлерге көчүрүлүп жатканын кабарлады.

"Селден жабыркагандарды тик учактар менен алып кетип жатабыз. Анткени суунун деңгээли 3-4 метрга чейин көтөрүлдү. Калк үйлөрүнүн чатырына чыгып жардам күтүп жатышат. Карадеңизге жакын аймактардан техникалык жардамдарды алып келдик. Ооруканалар, жайкын тургундар тез арада эвакуацияланат", - деди Сойлу.

Ал ортодо президенттин жарлыгы менен сел жана өрттөн жабыркагандар үчүн гуманитардык жардам кампаниясы башталды. Жергиликтүүлөр жана жеке уюмдар өнөктүк үчүн акчалай жардам бере алышат. Бул өнөктүктү Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы координациялайт.

Бирок өлкө президентинин бул жарлыгы соцтармактарда жана айрым оппозициячыл партиялардын арасында чоң талкуу жаратты. Башкы оппозициячыл Республикалык элдик партиясынын депутаты Али Махир Башарыр "Твиттерде" президентке кайрылып "Сен мамлекетти башкара албайсың! Кызык, эмне кылып жатасың?" - деп сынга алды.

DEVA партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Метин Гүржан "Сомалиге 30 миллион доллар жардам жөнөтүлөт, бирок өлкөдө селден жабыркагандарга элден жардам чогултулат. Анткени сураган, көзөмөлдөгөн, жоопкерчилик алган эч ким жок", - деп жазды.

Негизинен сел жана суу ташкындары Түркияда эң көп катталган жаратылыш кырсыктары. Суу ташкындары өлкөдө жаан-чачын эң көп жааган Карадеңиз аймагында көп байкалат.

Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, былтыр Түркия боюнча 177 сел, суу ташкыны жана 107 жер көчкү катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG