Бирок соңку жылдары кыргыз коомчулугу эки аялдуулукка байланыштуу бир канча окуяга күбө болду. Айрымдарына иш козголгону менен айыптуулар соттолгон учурлар сейрек.
"Эки нике күбөлүк алган"
Садыр Жапаровдун Баткенде 11-октябрда өткөн эл менен жолугушуусунда кош нике көйгөйү көтөрүлдү.
Гүлзат аттуу аял президентке арыз-муңун айтуу үчүн атайын Бишкектен келгенин, буга күйөөсүнүн үстүнө токол алып, мүлк талашып жатканы түрткү болгонун айтты:
“2001-жылы Лейлектин тургуну Нуржан Үсөновго турмушка чыккам. Экөөбүз мыйзамдуу түрдө никеге турганбыз. 2019-жылга чейин жашадык. Ортодо үч балабыз бар. Ага чейин 2015-жылы бир аялга жашыруун үйлөнүптүр. Мындай жашоо бардык эле аялга жакпайт экен. Үйдө ыр-чыр токтобогондуктан, 2022-жылы ажырашуу жана мүлк бөлүшүү арызы менен Свердлов райондук сотуна кайрылгам. Нуржан Үсөнов кылмышын жашыруу үчүн ИИМге менин үстүмөн “нике күбөлүктү жасатып алды” деп арыз жазыптыр. Күбөлүктү мен 20 жашымда эле алгам”.
Дагы караңыз
"Күйөөм үстүмө аял алып, карызын мага төлөттү". Сузактагы муңдуу тагдырларГүлзат жыйында бизнесмен күйөөсү ажырашпай туруп эле экинчи аялы менен расмий никеге турганын айтып, эки күбөлүктүн тең көчүрмөсүн көрсөттү.
Бул окуяны уккан Садыр Жапаров укук коргоо жана сот органдарын адилет болууга чакырып, ишти өзү көзөмөлгө ала турган болду.
Садыр Жапаров.
“Милиция, прокурор, соттор, ушундай учурда адилеттүү болушуңар керек. Жолдошу үч баласын, аялын таштап үйлөнүп кеткени аз келгенсип, кайнисинин арыз жазганы кантип болсун? Ушул адилеттикпи? Калыс карап жардам бергиле. Мен өзүм дагы көз салып турам. Акчасына таянып алып баарын акча менен бүтүрөт тура. Экинчи аял алгандан кийин баарын таштап өзү чыгып кетпейби. Эркектер бузулду такыр. Жапонияда ажырашуу жокко эсе экен. Мыйзамы дагы катуу экен. Ажырашсаң дагы аялың менен балаңды өмүр бою багат экенсиң. Жоопкерчилик өмүр бою эркектин моюнунда болот экен”, - деди Садыр Жапаров.
Бул кыргыз бийлиги кош никени четке каккан биринчи учур эмес. Былтыр август айында көп аялдуулук үчүн жоопко тарткан 176-беренени күчүн жоготту деп таануу жөнүндө мыйзам артка кайтарылган.
Президенттин аппараты анда көп аял алуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин сактап калуу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине ылайык келерин, аялдарды жана балдарды теңсиздиктен коргой турганын белгилеген.
Аккулу Бердиевдин жолдо калган жоругу
Быйыл январь айында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аккулу Бердиев алдамчылык жана зомбулук фактысына байланыштуу эки айга камалган.
Ички иштер министрлиги ал 2022-жылы ал алдоо жолу менен акча алып, жеке максаттарына жумшаганы аныкталганын билдирген. Андан тышкары мурдагы депутаттын аялынан да үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылуулар келип түшкөнүн кошумчалаган.
Аккулу Бердиевдин беш баласынын энеси күйөөсү ондой аял алганы аз келгенсип, үйдөн кубалап жатканына арызданган болчу.
Дагы караңыз
"Үстүмө он жолу аял алды". Мурдагы депутат зомбулукка айыпталып кармалдыАккулу Бердиевдин биринчи жубайы, 57 жаштагы Батма Ормонова иш азыркыга чейин оң жагына чечиле электигин айтып берди.
“1987-жылы 18 жашымда турмушка чыккам. 38 жыл жашап, беш балалуу болдук. Мени “Үйдө отур, балдарды бак, туугандарыма кам көр” деп иштеткен эмес. Кулк-мүнөзү жакшы эле болчу. Депутат болгондон кийин эле өзгөрүп кетти. “Бизнесиме аралашпа, саясатта жүргөн кишимин” дегенинен ишине кийлигишкен эмесмин. “Саясатта жүргөн кишиге, балдарына мүлк каттатканга болбойт” десе, ишенгенбиз. Көрсө ошол маалда 38 жыл ичинде жыйнаган мүлктүн баарын туугандарына, экинчи аялына, андан туулган кызга каттаткан экен. Чоң Алайда, Ошто, жети облустун баарында тең мүлктөрүбүз бар болчу. Никени бир тараптуу буздуруп, бизди үйдөн кууп чыкканга даярданыптыр да көрсө. Азыр мен отурган үй банктын карамагында. Банк каалаган күнү чыгарып койсо талаада калам. Сот эми Ошто болот го”, - деди Ормонова.
Жакындарынын айтымында, Аккулу Бердиев учурда эркиндикте жүрөт. Бул аралыкта үй-бүлөсүнөн кечирим сурап, беш баласынын энчисин бөлүп берүүгө аракет да кылган эмес.
Батма Ормонованын адвокаты Атыр Абдрахматова иш укук коргоо органдарынын кайдыгерлигинен, бюрократиядан улам жылбай жатат дейт.
Атыр Абдрахматова
“Батма эже бул боюнча бийликке кайрылган. Бир тууган агасы дагы бул маселени президент апрелде Чоң-Алайга барып, эл менен жолукканда көтөргөн. Садыр Жапаров ошондо “Мыйзам чегинде чечкиле” деп тапшырма берген. Бирок эч кандай жылыш болгон жок. Тиешелүү органдар бири-бирине кат жазып, акыры “кылмыштын курамы жок” деп тынчышкан. Милиция, прокуратура чара көрбөй жатат. Президент ишти жылдырбай жаткан милициянын, прокуратуранын жетекчилерин кызматтан алса жакшы болмок. Президент кечээ “Аялың менен жашагың келбесе, балдарыңа мүлкүңдү ташта дагы, ажырашып кет” деп ачык айтты. Мен муну колдойм. Эми муну сот, укук коргоо органдары ишке ашырууга тийиш. Бизде мыйзамдарга шылтаган жаман адат бар, бирок кеп мыйзамда эмес. Жөн гана иштеш керек. Азыркы мыйзамды толук кандуу ишке ашырууга ниет гана жетишпей турат”.
Абдрахматова буга чейин президент байлыктарын катып, бизнесин башкаларга каттагандарды ачыктоо талабын койгонун эске салып, кош нике мүлктү жашырууга жакшы себеп болуп жатканын белгилей кетти.
Муну менен катар Ватсап, Инстаграмда “экинчи аял алам же экинчи аял болом” деген жарыялар байма-бай чыгып турарын, бул көрүнүшкө каршы чаралар көрүлбөсө, аялдар менен балдардын укуктары бузула берерин эскертти.
Жогоруда кош никеге байланыштуу аты аталган Нуржан Үсөновго да, Аккулу Бердиевге да байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок. Эгер алар өз пикирин айтам десе, “Азаттык” микрофон сунууга даяр экенин эскертебиз.
"Арыз болбосо, жоопкерчилик да жок"
Юрист Клара Сооронкулова Кыргызстанда кош нике маселеси жеке коомдук иштерге кире турганын, мындай учурда жабырлануучудан арыз болбосо, иш козголбосун айтты:
Клара Сооронкулова
“Полигамия маселеси жеке коомдук иштерге кирет да. Үй-бүлөлүк баалуулуктарга каршы кылмыш десек болот. Мындай учурда иш жабырлануучунун арызынын негизинде гана каралат. Арыз бермейинче, эч ким иш козгобойт. Бул жерде ким жабырлануучу? Биринчи же экинчи аялы да туурабы? Бирок бизде аялдар арыз бербейт. Анткени, эркек кесилип кетсе, өзү кыйналат. Ошол себептүү, жеке коомдук иштер көп учурда тосмо арыздын негизинде жабылып калат. Эгер кош нике жалпыга маалым иш катары каралса, анда мамлекет өзү эле арызды күтпөй чара көрмөк. Өзбекстанда ошондой. Эки аял алганы билинген эркек дароо камалат. Бирок тажрыйба көргөзгөндөй, ал эркек жазасын өтөп келип эле кайра эки никеде жашаган учурлар бар экен. Анткени бир кылмыш үчүн адам эки жолу соттолбойт. Аялдар экономикалык жактан көз каранды болгон жерде мындай иштер токтобойт. Көпчүлүк кыздар социалдык тармактан көргөн кооз жашоону эңсеп, өзүнөн улуу эркектерди издешет экен. Мамлекет жаштардын билимине, тарбиясына көңүл буруп, иш менен камсыз кылышы керек. Ошондо балким мындай көрүнүштөр азаят".
Сооронкулова полигамияны жактагандар көп учурда динге таянарын, бирок исламды тутунган бир катар өлкөлөрдө деле үй-бүлөсүн карабагандар катуу жазаланарын кошумчалады.
Ал эми социолог, Эл жазуучусу Топчугүл Шайдуллаева жогорудагы мисалдардан улам Үй-бүлөлүк кодекске нике келишими тууралуу жоболорду киргизүү керек деп эсептейт.
Топчугүл Шайдуллаева
“Кыргызстанда нике күбөлүгү дагы кепил болбойт экен. Бир кишинин эки жолу документ алганы буга мисал. Ошон үчүн жаштар үйлөнүп жатканда нике келишимин түзүш керек. Нике келишими – бул учур талабы. Аны Үй-бүлө кодексине киргизүүгө убакыт жетти. Ал жерге милдет, талаптардын баарын кылдат жазып, түгөйлөр ошону так аткарууга тийиш. Бул жоопкерчиликти бекемдейт. Анткени адам документке кол койгонун билет. Үй-бүлө курууга олуттуу караш керек. Жаштар керек болсо үйлөнөрдүн астында ден соолугун текшертсин. Никеге романтика катары карабай, рационалдуу мамиле кылган оң. Ага даяр болбосо же баш тартса, анда үйлөнбөй эле коюшсун. Үй-бүлө күтүүдө эч ким курмандык болбошу керек”.
Кош нике: Мияровдун мисалы
Кыргызстанда быйыл кош никеге байланыштуу канча адам укук коргоо органдарына кайрылганы белгисиз.
Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, былтыр кош никеге байланыштуу бир арыз түшкөн. Аны өзүн Чүй облусунун мурдагы губернатору Мирбек Мияровдун жарандык никедеги аялы катары тааныштырган Хабиби Уланова жазган.
Мирбек Мияровго 2025-жылдын 1-декабрында Октябрь райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси ( “Эки жана андан көп аял алуу”) менен иш козгогон. Бирок быйыл июлда ушул эле сот Мияровдун иш-аракетинде кылмыштын курамы жок деп тапкан.
Дагы караңыз
Сот көп аялдуулук иши боюнча экс-губернатор Мирбек Мияровду актадыБылтыр декабрь айында Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев президенттин жарлыгы менен кызматтан алынган.
"Азаттык" мурдагы элчинин эки аялы бар экени билинип, аларга дипломатиялык макам берген документ жасатып, өзү менен чет өлкөгө алып барганы белгилүү болгон соң иштен кеткенин тактаган.
Дагы караңыз
Катардагы элчи кызматтан кетти. Жеке жашоодон чыккан чырБыйыл апрель айында Бишкек шаардык милициясы диниятчы Өзбек Чотоновду суракка чакырган. Буга анын көп аялдуулуктун жазасын жеңилдетүү боюнча кол топтогону себеп болгон.
Кыргызстанда “Үй-бүлө жөнүндө кодекс” бир гана расмий никеге уруксат берет. Мыйзамга ылайык, эки же андан көп аял алган адам коомдук, түзөтүү жумуштарына же айыпка тартылат. Бул кылмыш үчүн айып пулдун өлчөмү 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин деп аныкталган.