Италиянын өкмөтү Орусияга ылым санады

Италиянын жаңы премьер-министри Жузеппе Конте анын өкмөтү мыйзамсыз иммиграцияга чекит коюуга жана Орусия менен алакаларды бекемдөөгө артыкчылык берерин билдирди. Бир нече күн мурда Австрияга аттанардын алдында президент Владимир Путин Москва Орусия менен жакын алакаларды жактаган оңчул, популисттик партияларды колдоо менен Европанын бөлүнүп-жарылуусун көздөйт деген дооматтарды четке каккан.

Шейшемби күнү популисттер менен улутчулдардан куралган жаңы кабинет парламенттин өйдөңкү палатасында колдоо тапты. Коалицияга ишеним көргөзүүнү 171 сенатор жактады, 117си каршы добуш берди.

- Биз Орусия менен кызматташтыкты колдойбуз. Орусия акыркы жылдарда түрдүү геосаясий кризистерде консолидацияланды. Санкциялардын кайра каралып чыгышын сүрөөнгө алабыз. Бул ишти жарандык коомго залакасын тийгизген санкциялардан баштайбыз, - деди Конте.

Кызматка жаңы киришип жаткан премьерди алдыда маанилүү эки жыйын күтүп турат. 8-9-июнда Канадада "Чоң Жетинин" саммити, кийин Брюсселде Евробиримдик лидерлеринин жыйыны болот. Шаркет жетекчилери качкындар кризиси жана бирдиктүү валютага байланыштуу реформаларды талкуулайт деп күтүлүп жатат.

Конте ошол кездешүүдө шайлоо кампаниясы маалында убада кылынгандай эле Орусия менен мамилелерди жакшыртуу маселесин козгорун айтты.

"Биз радикалдуу өзгөрүүлөрдү жүргүзгөнүбүзгө сыймыктанабыз", - деди премьер.

Анын бул билдирүүсү орус президенти Владимир Путиндин Австриядагы сапарына туш келди. Ал жерде да соңку шайоодон кийин популисттик, Орусия менен жакындашууну көздөгөн өкмөт бийликке келген.

Орус президенти Владимир Путин менен Австриянын президенти Александр Ван Беллен

Австриянын президенти Александр Ван дер Беллен менен жолугушуудан кийин Путин санкцияларды алып салуу бардык тараптардын кызыкчылыгына төп келерин айтты.

- Санкциялар, саясий себептерден улам киргизилген чектөөлөр, протекционизим – мунун бардыгы бир катарда турган чаралар. Мунун бардыгы саясий маселелерди чечүү амалы, бирок максатка жетүүгө жардам бербейт. Демилге көтөргөн же бутага алынган тарап болобу, экөөнө тең зыян алып келет. Орусия сырткы чектөөлөрдөн келип чыккан бардык кыйынчылыктарды жойгонуна ишендирем.

Орусияга каршы санкцияларды Батыш 2014-жылы, Москва кошуна Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап, Донбасстагы жикчилдерди колдой баштаганда киргизген.

Визит алдында Путин Москва Орусия менен жакын алакаларды жактаган оңчул, популисттик партияларды колдоо менен Европанын бөлүнүп-жарылуусун көздөйт деген дооматтарды четке каккан.

Үстүбүздөгү аптада эле миллиардер, филантроп Жорж Сорос Орусия Италиянын улутчул Лига партиясын каржылаган эмеспи деген маселени козгогон. Партия өкүлдөрү жана Кремл бул шектенүүлөрдү четке кагышууда.

Мыйзамсыз мигранттарды өлкөдөн чыгаруу, качкындардын агымын токтотууну өзгөчө ошол Лига партиясы катуу жактайт.

Жер ортолук деңизи аркылуу өткөн мигранттар.

Италия 2013-жылдан бери болжол менен 700 миңдей мигрантты кабыл алды. Алардын көбү өлкөгө Африкадан Жер ортолук деңизи аркылуу келет.

Италияда ксенофобиялык маанай өсүп жатат деген ырастоолорду четке каккан Контенин өкмөтү мигранттар менен качкындар Евробиримдик мүчөлөрү ортосунда калыс бөлүштүрүлүшү керек деп талап кылууда.

Лига партиясынын лидери Маттео Салвини Ички иштер министрлигин жетектемекчи. Муну менен ага мигранттар маселесинде чоң ыйгарымдар берилүүдө. 2-июнда Салвини “Италия Европанын качкындар лагери боло албайт”, “мигранттардын жыргал заманы артта калды, чемодандарын даярдай берсин” деп билдирди.

18 министрден турган өкмөткө саясатчылар менен катар технократтар да кирген. Алардын бешөө аялдар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.