Бийлик алар согушка гана барарын айтканы менен, арасында майданга жетпей же аскер бөлүктөрүнөн, машыгуу борборлорунан качып кетип, кайра оор кылмыштарга баргандар көп болууда.
"Согуштан эки жолу качкан"
Май айынын аягында Екатеринбургда түрмөдөн согушка тартылып, качып кеткен 38 жаштагы Денис Гоппаровго сот өкүмү чыкты. Качып кеткенден кийин ал Свердлов облусунун Уфа айылынын 45 жаштагы тургуну Оксана Мухитованы өлтүрүп койгон. Маркум Украинадагы согушка тартылган дагы бир жарандын жесири эле. Сот Гоппаровду каракчылык, үйдү тоноо жана дезертирликке байланыштуу да күнөөлүү деп тапты. Ал 24 жылга эркинен ажыратылып, катуу режимдеги колонияга кесилди.
Денис Гоппаров-Половников темир тор артында
«Сотто биз анын буга чейин соттолгонун жана түзөтүү колониясынан согушка жалданганын билдик. Ал киши өлтүрүү үчүн жаза мөөнөтүн өтөп жаткан экен», - деди маркум Оксананын курбусу Людмила (коопсуздуктан улам анын ысымы өзгөртүлдү).
"Ал фронттон эки жолу качып кеткен экен. Оксана муну билген эмес. Биз анын чыныгы фамилиясын да билген эмеспиз. Анын чыныгы фамилиясы Половников экен, биринчи жолу качып чыккан соң Гоппаров деп өзгөрткөн. Ошондуктан аны көпкө чейин таба алышкан жок", - деди Людмила.
Гоппаров-Половников колониядан чыккандан кийин Чеченстандын Шали шаарындагы бөлүктө сапер болгон. Андан кийин ал согушка жиберилип, 2024-жылдын февраль айында жараат алып, Благовещенскидеги аскердик госпиталга которулган. Госпиталдан чыгарылган Гоппаров аскер бөлүгүнө кайтып барбай, Арти айылындагы үйүнө кетип калган. Фамилиясын өзгөртүп, жумушка орношкон.
2024-жылдын 6-августунда Гоппаров-Половников аскердик полиция тарабынан кармалып, "бөлүктөн уруксатсыз чыгып кеткен аскерлердин пунктуна" жөнөтүлгөн. 2024-жылдын 1-сентябрында Гоппаровду Екатеринбургдан чогултуу пунктунан Ростовго, андан кийин согушка учак менен алып кетишмек. Ага жетпей кайра качып кетүүгө үлгүргөн.
Жертва военного Дениса Гоппарова-Половникова Оксана Мухитова
Ал Оксана менен ушундан бир жыл өткөндөн кийин, 2025-жылдын март айында таанышкан.
"Оксана 44 жашка жаңы толгон. Күйөөсү Юра согушта каза болгон. Юра менен деле киши өлтүрүүгө айыпталып түрмөдө отурганда таанышкан. 13 жылдык жаза мөөнөтүнүн жети жылын өтөгөндөн кийин, ал да Коргоо министрлиги менен келишимге кол коюп, согушта каза болуп калган. Анын жалгыз бой аял экенин Гоппаров жакшы билген. Анткени Оксаана абдан ишенчээк эле. Денистин мурда үйлөнгөнүн, аялы, баласы бар экенин да билген эмес. Анын баары соттон билип атабыз. Оксана ага катуу ишенгендиктен, Денис Гоппаров анын телефонунун жана Сбербанк тиркемесинин сырсөзүн да билген. Согушта өлгөн адамдын жесири катары 12 миллион рубль алганын да жакшы билген. Ал Юра менен бирге согушта болгонун айтып жатышат, бирок анысы жалган болсо керек. Денис Оксанадан машинемди жаңыртып алайын деп миллион сураган. Менин түшүнүгүмчө карызга эмес, жөн эле сураган. Оксана берген эмес", - дейт Людмила.
Иштин материалдарына ылайык, Гоппаров киши өлтүрүүнү кылдаттык менен алдын ала пландаштырган экен. Чуңкур казып, унаасынын багажына балка салган.
2025-жылдын 8-майында ал Оксананы Уфа кыштагындагы үйүнөн алып кетип, чоң жолдун жанындагы талаага токтогон. Алар унаадан түшкөндө, ал андан кайрадан миллион рубль бересиңби деп сураган. Оксана баш тартканда, Гоппаров алгач анын бетине уруп, муунта баштаган. Маркумдун алы кетип калганда анын телефонун тартып алып, машинесинен балканы алып чыгып бир нече жолу башына уруп өлтүргөн. Сөөгүн чуңкурга сүйрөп барып көмгөн.
Андан кийин Гоппаров үйүнө кайтып барып, Оксананын эсебинен Озон-Банктагы өзүнүн эсебине 550 000 рубль жана аялына 450 000 рубль которгон.
Ал бир нече күн бою Оксананын телефонунан анын атынан туугандарына билдирүү жазып турган. Оксана үйүнө келбегендиктен жакындары полицияга кайрылган. Гоппаров көп өтпөй камакка алынган.
Сот аны 25 жылга кести. Эми ал жаза мөөнөтүнүн алгачкы жети жылын түрмөдө, ал эми калганын катуу режимдеги түзөтүү колониясында өтөшү керек.
Свердлов облусундагы популярдуу E! сайтындагы киши өлтүрүү жана сот процесси тууралуу жаңылыктардын астында көптөгөн киши мындай коркунучтуу кылмышкерлер "атайын аскердик операция" (Орусия Украинадагы согушту ушинтип атайт) деген шылтоо менен кайра бошоп кетиши мүмкүн деген кооптонууларын жазышты. Мунун жөнү бар.
"Сосновдук маньяк"
Май айынын аягында Санкт-Петербургдан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан Ропша айылында 2008-жылы үч киши өлтүрүү, тогуз каракчылык жана 12 зордуктоо боюнча соттолгон кылмышкер Андрей Кийконун издөөгө алынганы тууралуу жарыялар пайда болду. ЖМКлар "сосновдук маньяк" деп атаган кылмышкер 2024-жылы Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, согушка тартылган. Бирок май айында Ропшада Кийкого окшош адамды көргөндөр чыгып, ал аскердик бөлүгүнөн уруксатсыз кеткени үчүн федералдык издөөгө алынган.
Андрей Кийко тергөө учурунда
"Анын Санкт-Петербургдагы Соснов паркында аялдарга кеминде 15 кол салганы белгилүү", - дейт Кийконун иши менен тааныш мурдагы полиция кызматкери Игорь Семенов.
2004-жылдын август айында, 20 жашында, ал биринчи жолу киши өлтүргөн. Анда Кийко өзү сыяктуу флорист болуп иштеген таанышын сейилдөөгө чакыргандан кийин тоноп, муунтуп өлтүргөн. Кийинки кылмышы 2005-жылдын мартында болгон.
Мындай кооптуу кылмышкер 2024-жылы Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн. Бул Мамлекеттик Дума 2024-жылдын март айында Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана бир нече федералдык мыйзамдарга өзгөртүүлөр пакетин экинчи жана үчүнчү окууда шашылыш түрдө бекиткенден кийин мүмкүн болду. Буга чейин зордуктоо боюнча соттолгон жана тергөө жүрүп жаткандар менен келишим түзүлбөй келген. Акыркы өзгөртүүлөр согушка мындай туткундарды тартууга мүмкүндүк берген.
2024-жылдын июнь айында Украинага каршы согушка жеткирилген. 2025-жылдын январында ал жаракат алып ооруканага жаткырылган.
«Ал Ростовдогу ооруканада жаткан. Андан кийин Кронштадтта реабилитациядан өткөн. Мен аны акыркы жолу 2025-жылдын октябрь айында көрдүм. 2025-жылдын 23-октябрында ооруканадан чыкканда, аскерлер аны өз бөлүмүнөн алып кетишкен», - деди Кийконун апасы Светлана «Фонтанка» басылмасына.
Ал Кийко өз бөлүмүнөн качпай эле согушта каза болгонну айткан. «Ротанда» басылмасы Кийко менен согушта бирге болгон киши менен сүйлөшкөндө, ал госпиталдан чыккандан кийин согушка кайтарылганын ырастаган. Коопсуздук күчтөрүнө жакын делген Shot Телеграм каналы Кийко 2025-жылдын 25-декабрында каза болгонун жана анын сөөгүн эвакуациялоого мүмкүн болбогонун айткан. Бирок Telegram канал бул маалыматтар эмнеге негизделгенин так келтирген эмес. түшүндүрбөйт.
"Жашыруун качып кеткенин айтып мактанчу"
Ямалдын Надым шаарынан чыккан 39 жаштагы Сергей Анагуричи да оор кылмыштарга айыпталган кылмышкер. 2014-жылы киши өлтүрүүгө айыпталып, 12,5 жылга күчөтүлгөн режимдеги түрмөгө кесилген. Анагуричи эки кишини сабап өлтүргөн деп күнөөлөнгөн. 2023-жылдын июнь айында ал Салехарддагы түрмөдөн келишимге кол коюп, согушка кеткен. Үч айдан кийин, 2023-жылдын 23-сентябрында, Украинанын Куралдуу күчтөрү Новопокровка айылынын жанындагы аскердик бөлүктү аткылаганда, Анагуричи бөлүктөн уруксатсыз чыгып, туулуп-өскөн Надым шаарына кетип калган. Ал согушта көп киши кырылып жатканын, өзү жашыруун качып чыкканын мактаныч менен айтып бергенин тааныштары билдиришти.
Аны алгач дайынсыз жоголгондордун катарына киргизилип, бирок Надымда кайра кылмышка барып, түрмөгө түшкөнү, кайра эле Коргоо министрлиги менен келишим түзгүсү келгенин билдиргени тууралуу маалыматтар бар.
Абактан согушка тартылган борбор азиялыктар
Орусия Украинадагы согушка мигранттарды, анын ичинде аялдарды дагы тарта баштаганы 2022-жылы согуш тутанган алгачкы маалда эле билине баштаган. Алгач бул иш менен менчик жалданма аскердик фирмалар алектенип, алардын бутасына аярлуу катмар - түрмөдөгүлөр биринчи болуп илинген.
Борбор Азия республикаларынын бийликтери чет өлкөлөрдөгү куралдуу кагылышууларга катышуу кылмыш экенин байма-бай эскертет. Казакстанда, Кыргызстанда, Өзбекстанда Украинадагы согушка катышкандарга кылмыш иштери козголгон. Согушка жалданып, өз мекенине кайтып келгендердин айрымдары соттолуп, беш жылга чейин абакка кесилген учурлар да бар. Ошол эле кезде чөлкөмдөн барган миңдеген мигрант Орусиянын армиясынын катарында согушуп жүрөт.
Аскар Кубанычбек уулу Украинанын Луганск облусунда орус күчтөр менен согушка катышканы үчүн Кыргызстанда соттолгон биринчи жаран. Бирок сот аны пробациялык көзөмөл менен абактан бошоткон. Ал чек арадан мыйзамсыз өтүп, Кыргызстандан качып кеткен. Бул окуя коомчулукта чоң резонанс жараткан. Жарандык коом жана айрым саясатчылар “Орусиянын түз же кыйыр түрдөгү басымынан” улам ага өлкөдөн чыгып кетүүгө жол берилген деп белгилешкен.
Араванда Украинадагы кармашка катышкан деп шек саналган жаран беш жылга эркинен ажыратылса, Нарында Орусиянын “Вагнер” аскер компаниясы менен жалданып согушка барганы үчүн соттолгон Бекназар Бөрүгүл уулу мунапыс менен абактан бошотулган.
Быйыл жазында Улуттук коопсуздук комитети Ошто “жалданмачылыкка” айыптап төрт кишини кармаган. Алардын арасында Оштогу “Россотрудничество” уюмунун өкүлү да болгон. Бул Москванын бул ишке байланышы бар деген талкууларды жараткан.
Коңшу Өзбекстанда соңку бир нече айда онго жакын сот иши коомчулукка белгилүү болду. Бирок укук коргоочулар жана журналисттер Ташкент жалданмачылыкка айыпталган жарандарына жумшак жаза берерин, анын түпкү себеби Кремлдин таасирине барып такаларын түшүндүрөт.
Мисалы, ушул жылдын июль айында өзбек соту Украинадагы согушка катышкан жаранын үч жарым жылга эркинен ажыраткан. Анын алдында дагы бир жаран үч жыл бир айга соттолгон. Былтыр декабрда Анжиян соту резонанстуу чечим чыгарган. Айыпталуучу сотто күнөөсүн мойнуна алып, согушта кеминде он адамдын өлүмүнө себеп болгонун айткан. Бирок сот аны түрмөгө камабай, эркиндигин чектеген жаза чегерген.
Расмий Ташкент Украинадагы согушка катышкан жарандарынын саны боюнча маалыматты ачык чыгарбайт.
Ал эми Казакстанда былтыр 9-октябрда сот “Вагнер” тобунун катарында Украинада жана Малиде согушкан Тимур Пралиевди беш жылга эркинен ажыраткан. Ал башка өлкөдөгү куралдуу жаңжалга катышканы үчүн айыптуу деп табылып, Мексика аркылуу АКШнын Техас штатына өтүүгө аракет кылып жатканда кармалган. Бул “жалданмачылык” беренесиндеги эң аз жаза. Бирок эмне үчүн ага башка берене менен жеңилирээк айып коюлганы белгисиз.
Тажикстанда абал мындан да бүдөмүк. Өлкө бийлиги да расмий статистика жарыялабайт. Украинанын “Хочу жить” долбоорунун маалыматына караганда, быйыл эле орус тарапта согушуп жүргөн 2 миңден ашуун тажикстандыктын аты-жөнү белгилүү болгон. Бирок Тажикстанда жалданмачылык үчүн кылмыш иши козголгон же соттолгон учур тууралуу ачык маалымат жок.
Орусия Украинага басып киргенине төрт жылдан ашты. Постсоветтик өлкөлөрдөн барган миңдеген мигрант ар кандай жол менен азгырылып, майданда алдыңкы катарда жүрөт. Согушка тартылгандардын арасында мигрант кыз-келиндер да көп. Укук коргоочулар 2022-жылдын аягында эле миңдей аял согушка азгырылганын жарыялашкан. Маалыматка караганда, алардын теңи окко учса, аман калганы ырайым алып, эркиндикке чыккан.