"Хакерлер үйдөгү муздаткычка да жете алат". Франциядагы окуянын сабагы

Муздаткычтар эрип, тамак-аш бузулду. Франция, 12-октябрь.

Франция жүздөгөн супермаркеттин муздаткычын жана тоңдургучун иштен чыгарган киберчабуул үчүн Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусун айыптады. Октябрдагы чабуулдардан кийин муздаткычтардагы температура жогорулап, айрым жабдуулар күйүп кеткен, миңдеген тонна азык-түлүк жараксыз болуп калган.

Иран дооматтарды четке какты. Бул окуя "Хакерлер элдин кадимки муздаткычына чейин жете алабы?" деген суроону козгоду.

Масштабдуу киберчабуул

9-ноябрдын кечинде Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэл Барро октябрдагы киберчабуулдардын артында тургандарга каршы чара көрүлөрүн, Европа биримдиги санкция саларын эскертти.

"Бул киберчабуулдар үчүн Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу жооптуу экенин тастыктай алам. Бул болуп көрбөгөндөй масштабдагы жана агрессивдүү чабуул. Франциянын аймагында диверсия жасоону көздөгөн алгачкы ири масштабдуу киберчабуул болду. Ошондой эле, бул улуттук кызыкчылыктарыбызга жана француз элинин коопсуздугуна каршы олуттуу кол салуу болуп саналат".

Тышкы иштер министрлиги Ирандын Париждеги элчисин чакырып, нааразылыгын билдирди.

Тегеран Барронун айыптоосун “негизсиз жана кас” билдирүү деп комментарийледи.

Иликтөө жүргүзгөн Кибер кризистерди координациялоо борбору беш барактан турган баяндама жарыялады. Анда чабуулду ишке ашырган деп айыпталып жаткан Ислам революциясынын сакчылар корпусунун электрондук жана кибер бөлүмүнүн жетекчилери делген адамдардын сүрөттөрү камтылган.

Дагы караңыз

Франция Иранды киберчабуулга айыптады

Быйыл 11-12-октябрь күндөрү хакерлер Франциянын 300 чакты супермаркетиндеги муздаткычтардын температурасына байкоо салып турган программага кирип, температураны айрым учурларда 50 градуска чейин көтөрүп салышкан. Натыйжада азык-түлүк бузулуп, жалпы чыгым миллиондогон еврого жетти. Чабуулдан көп өтпөй эле дүкөндөрдүн кызматкерлери куту-куту кылып эт менен балык, эриген балмуздак ыргытып жаткан видеолор тарады.

Франциядан тышкары киберчабуулдарга Нидерланд, Бельгия, Люксембург, Швециядагы супермаркеттер да туш болду.

Үйдөгү техника киберкылмышкерлердин жаңы бутасына айланды

Бул окуя азык-түлүк коопсуздугу кандай жаңы коркунучтарга кабылганын көрсөттү.

Мындан тышкары "Хакерлер элдин кадимки муздаткычына чейин жете алабы?" деген суроо талкууланып жатат.

Эксперттердин айтымында, эгер система интернетке туташса, аны бузуп кирүүнүн мүмкүнчүлүгү теориялык жактан алганда жогору.

Адистердин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө муздаткычтар, электр мештери, кир жуугуч машиналар, коопсуздук камералары, сигнализация жана үйдү жылытуу системалары интернет аркылуу көзөмөлдөнүп тургандыктан киберкылмышкерлердин жаңы бутасына айланып калды.

2015-жылы киберкоопсуздук боюнча изилдөөчүлөр Samsung компаниясынын «акылдуу» муздаткычын бузуп кирүүгө болорун көрсөтүшкөн.

Дагы караңыз

Атайын кызматтар орусиялык хакерлер дүйнөдөгү роутерлерди бузуп киргенин аныкташты

Эксперттердин баамында, хакерлер көбүнчө эки максатты көздөйт: маалымат уурдоо же системаны көзөмөлгө алуу. Эгер системага киришсе, анын программасын өзгөртүп, өчүрүп-күйгүзүп же ээсин системадан чыгарып салышы мүмкүн.

Францияда дал ушундай болгон. Хакерлер муздатуу системасынын температурасын көзөмөлдөп, аларды эритүү режимине которушкан.

Бельгиядагы Howest университетинин Cyber 3 Lab борборунун изилдөөчүсү Лоренс Сингирдин айтымында, коопсуздуктун эң жөнөкөй эрежелери сакталбаганы ушундай натыйжага алып келген:

"Бул жерде жабдуулардын интернетке ачык туташтырылышы чоң ката болгон. Андай болбошу керек эле. Экинчи алешемдик деп заводдон коюлган жашыруун коддор (сыр сөз) алмаштырылган эмес. Үчүнчүдөн, эски версиядагы программалардын кемчиликтерин атайт элем".

Адистердин айтымында, көптөгөн учурларда хакерлер системага жөн гана "Admin", "Admin1234" же "12345" сыяктуу демейки сыр сөз аркылуу киришет.

Дагы караңыз

Саясатчы, активисттерди аңдуу. Израилдин тыңчылык программасын кимдер колдонгон?

Эксперттер жасалма интеллект (AI ) бул өңдүү чабуулдарды мурдагыдан да жеңилдетип койгонун белгилешет. Азыр жөнөкөй колдонуучулар дагы AI жардамы менен системаны бузуп кирүү үчүн коддорду түзө алышат.

Муну менен катар электр тармактары, суу түтүктөрү же заманбап автоунаалар дагы бутага алынышы мүмкүн. Бирок мындай системалар көп деңгээлдүү механизмдер менен корголгондуктан аларды бузуп кирүү үйдөгү Wi‑Fi байланышына туташкан системага караганда кыйла татаал.

Киберкоопсуздук боюнча адистер колдонуучуларга заводдо коюлган сыр сөздү дароо алмаштыруу, эки баскычтуу коргонууну колдонуу, программаны жаңыртуу, эски системаларды алмаштырып туруу жана өтө зарыл болбосо жабдууларды интернетке туташтырбоо кеңешин беришет.