13-ноябрда The New York Times басылмасында жарыяланган баяндамада орус тараптын НАТОнун күчтөрүн 1997-жылдагы позицияларына кайтаруу боюнча мурдагы талаптарын кайрадан көтөргөн сүйлөшүү документи тууралуу сөз болгон.
Бул талап альянстын Европадагы позициясына эле эмес, НАТОнун Түштүк Кавказ менен Борбор Азиядагы ишмердүүлүгүнө да таасирин тийгизет.
НАТО менен кызматташтык
НАТОнун бул эки аймак менен Советтер Союзу кулагандан көп өтпөй, 1994-жылы Грузия, Армения, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан альянстын "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасына кошулгандан тарта кызматташтыгы башталган.
Тажикстан буга кечирээк, 2002-жылы кошулган.
НАТОго мүчөлүктү талап кылбастан, коопсуздук жаатында практикалык байланыштарды түзүүгө багытталган бул программа ондогон жылдардан бери кеңейип, аскердик даярдык, чек ара коопсуздугу, терроризмге каршы күрөш, киберкоргонуу жана куралдуу күчтөрдү модернизациялоо багыттарын камтып келген.
Кызматташтык күчтүү кезде Грузия менен Казакстанда көп улуттуу машыгуулар дайыма өтүп турчу, ал эми Өзбекстан менен Кыргызстанда АКШнын аскердик объекттери жайгашкан эле.
Азыр мындай машыгуулар өтпөй калды, учурда Вашингтон менен Тбилисинин мамилеси басаңдай түштү, аскердик базалар алда качан жабылган. Бирок коопсуздук байланыштары сакталып калды жана өз ролун ойноп келет.
НАТОнун Грузия менен кызматташтыгы киберкоопсуздукту, атайын күчтөрдү жана кризистерди башкарууну камтыйт. Армения менен Азербайжан тандалма байланыштарды өнүктүрсө, Борбор Азия мамлекеттери өнөктөштүктү негизинен аскердик кесиптик билим алуу жана салттуу коопсуздук байланыштарын диверсификациялоо үчүн колдонушат.
Эгер Орусиянын талабы аткарылса эмне болот?
"Өлкөлөр альтернативдүү аскердик тажрыйбага, окуу-машыгуу түйүндөрүнө, институционалдык реформаларга жана Батыш стандарттарына мүмкүнчүлүгүн жоготот", - деди Грузиянын Башкы штабын эки жолу жетектеген, НАТО жана Евробиримдикте аскердик өкүл болгон Вахтанг Капанадзе "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна (RFE/RL).
Грузиянын отставкадагы генерал-майору Вахтанг Капанадзе
"Алардын негизги салымы - аскердик кесипкөйлүктү, өз ара аракеттенүү жөндөмүн, коргонууну пландаштырууну, институционалдык туруктуулукту жана бир нече эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууда", - деп кошумчалады ал.
Капанадзенин айтымында, Батыш менен байланыштарды жоготуу өлкөлөрдү альтернативдүү өнөктөштөрдү издөөгө мажбурлайт, алар Орусия же Кытай болушу мүмкүн.
НАТОнун жообу: Ишеним сыноосубу?
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун (RFE/RL) Москванын талаптары боюнча комментарий берүү өтүнүчүнө НАТОнун расмий өкүлү Орусиянын атын түз атабастан жооп кайтарды.
"Бул өнөктөштүктөрдү мындан ары өнүктүрүү боюнча кандай гана чечим болбосун, ал НАТОго мүчө өлкөлөрдүн жана тиешелүү өнөктөштөрдүн гана өзгөчө укугу (прерогативасы) болуп саналат", - деди расмий өкүл жазуу түрүндө берген жообунда.
Капанадзе НАТО бул принциптерди карманууга аракет кыларына ишенет, бирок уюмдун муну ишке ашыруу жөндөмү саясий биримдикке, айрыкча Вашингтон менен анын европалык өнөктөштөр ортосундагы ынтымакка көз каранды экенин белгилейт.
"Акыр-аягында, НАТОго болгон ишеним чакан мамлекеттерге соодалашуу куралы катары мамиле кылбоого көз каранды", - деди Капанадзе.
"Украинага, Грузияга же башка постсоветтик өлкөлөргө тиешелүү ар кандай жөнгө салуу ошол өлкөлөрдүн түздөн-түз катышуусу менен өтүп, алардын эгемендүү тандоосун урматтоого тийиш - өзгөчө Кара деңиздин кеңири аймагы жана Борбор Азия Балтика өлкөлөрүнөн кем эмес стратегиялык көңүл бурууга татыктуу болуп турган маалда".
Азырынча Борбор Азия менен Түштүк Кавказдагы өлкөлөрдүн өкмөттөрү ачыкка чыгып кеткен талапка үн ката элек.
10–11-ноябрда Абу-Дабиде өткөн АКШ-Орусия-Украина тынчтык сүйлөшүүлөрүндө сүйлөшүү документи таратылганы айтылганга чейин, Москва өз позициясын бул өкмөттөргө расмий түрдө билдиргени же билдирбегени азырынча белгисиз.
Соода жана Орусия жетектеген Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) аркылуу Москва менен тыгыз байланышта болгон Кыргызстандагы серепчилер Москванын талаптары аймактын көз карандысыздыгынын өзөгүнө сокку урарын эскертишти.
Кыргызстандык саясат таануучу Эмилбек Жороев "Азаттык" радиосуна курган маегинде муну "Борбор Азия өлкөлөрүнүн эгемендигине шек келтирүү" деп атаган.
"Биринчи кезекте алардын өз алдынча тышкы саясатын аныктоо, калыптандыруу жана кимдер менен алака кыларын өзү чечүү укугун чектөөгө аракет болуп саналат", - деген ал.
Дагы караңыз
Борбор Азия Орусияга жооп береби? Кремлдин НАТО боюнча талабыЖороев Кыргызстан же анын коңшулары расмий дипломатиялык нааразылык нотасын жиберерин күтпөсө да, аймак лидерлери жогорку деңгээлдеги саммиттерде жабык эшик артында Москвага түз талап коюшу керек деп эсептейт.
"Бул маселелер дал ошол жыйындарда көтөрүлүп, биздин өлкөлөр мындай аракеттерге макул болбой турганы ачык-айкын жеткирилиши зарыл", - деди ал.
Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Бакыт Аманбаев мындан да ары кетип, Москванын аймактын тышкы өнөктөштүгүн тескөөгө эч кандай укугу жок экенин жана унчукпай коюу жетишсиз болорун белгиледи.
"Азаттык" радиосуна сүйлөп жатып Аманбаев "Борбор Азия мамлекеттеринин атынан алардын тышкы саясатын аныктоого жана жүргүзүүгө эч бир өлкөнүн укугу жок" экенин айтты.
"Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери чогулуп, так жана даана позициясын билдириши толук орундуу болмок", - деп кошумчалады ал.