Мамлекет эмне үчүн керек?
Көчмөн элдердин урпактарында өткөн доорду идеалдаштырган бир адат бар. Аны эгемендик жылдары баатырлар тууралуу романдар көп жазылганынан көрсөк болот. Азыр кесиби башка болсо да тарыхты үйрөткөндөр көп. Социалдык тармакта "байыркы улуттар кимдер?" деген талаш-тартышка күн алыс күбөсүң.
Бирок көчмөндөрдүн жашоосу дайыма эле биз элестеткендей болгонбу? Антропологдор күчтүү мамлекеттик институттар жоктугунан, алар дайыма бычактын мизинде жашаганын айтышат.
Сырттан жоо келип калабы деген чочулоо менен бат-бат жер которуудан улам дыйканчылык, архитектура, соода жана билим берүү өнүккөн эмес.
"Кууш өтмөктүн" которгон Айнуру Булекбаева (солдон биринчи), "Ала Тоо" эл аралык университетинин ректору Назира Эсеналиева жана "Бугу" басма үйүнүн жетекчиси Жаныбек Абидетегин. 27-март, 2026-жыл.
Адатта уруучулук коомдордо элден чыгып калуу өлүмгө тете болгон. Журтта калган адамды кулга айлануу же өмүрүнөн ажыроо коркунучу коштогон.
Илимпоздор мамлекеттик түзүлүш жоктугунан көчмөндөр кийин оторчулукка кабылып, ХХ кылымда көбү чоң элдерге сиңип кеткенин айтып келишет. Ал эми уюмдашкан, отурукташкан коомдор өзүн көчмөндөргө караганда коопсуз сезген.
2024-жылы Нобелди алган авторлор Дарон Ажемоглу менен Жеймс Робинсондун “Кууш өтмөк” китебинде кайсыл гана коом болбосун, анын жашап кетиши үчүн мамлекет сөзсүз керектигин белгилешкен.
Мамлекет – бул душман эмес, ал жарандарын коргоп турган чеп. Бирок мамлекеттин кандай жолго түшөрү анын элинин тандоосуна көз каранды.
"Кууш өтмөк" китебинин таанытымына жана "Ала Тоо" эл аралык университетинин басма үйүнүн ачылышына келгендер.
Авторлор мамлекетти мифологиялык жандыкка – Левиафанга салыштырган. Левиафан кубаттуу болсо диктатура орнойт, жок болсо анархия өкүм сүрөт, алсыз же кайдыгер болсо коррупция күч алып, бюрократия орун алат.
Саясатчы Эмил Каптагаев жакында эле кыргыз тилине которулган бул китепте эгемен Кыргызстандын оош-кыйыш тарыхын окугандай таасир алганын айтты:
Эмил Каптагаев
“Отуз алты жылдан берки тарых көргөзгөндөй, ошол өтмөктүн оозун таба алган жокпуз. Дайыма эле айланып, тегеренип бир тамды сүзүп жатабыз да. Акыркы жылдары үмүт пайда болуп тургандай. Бирок ошол өтмөк кайда алып бара турганын даана көрүш керек. Бирок менин байкоомдо өтмөктөн өтүү үчүн үч шарт керек. Коом дагы, мамлекет дагы, адам дагы мыйзам чегинде, мыйзамды сактап жашоону үйрөнүшү керек. Бийлик дагы мыйзам чегинде башкарууну үйрөнүшү керек. Коомдо укуктук тартип, укуктук маданият калыптанышы керек. Экинчиси – бул ачыктык. Мамлекет дагы, коом дагы ичке да, тышка да ачык болууга тийиш. Сырттан жаңы нерселерди алганга, үйрөнгөнгө, ичтен сыртка байланышка, карым-катнашка ачык болуш керек. Мамлекеттин ичинде дагы бардык маселе ачык талкууланып, чечим ачык кабыл алынып, сүйлөшүүлөр ачык болушу керек. Үчүнчүсү – бул атаандаштык. Атаандаштык ишкерликте, саясатта, илимде, билимде да болушу керек. Ушул үч шарт калыптанып калса, коом туура багытта өнүгөт".
Залим Левиафан кантип пайда болот?
Китептин авторлору кууш өтмөктөн чыгып кеткенде бийлик эзүүчүгө айланарын же алсырай турган болсо, мыйзамсыздык орун аларын белгилешет. Мамлекет жашаш үчүн, өнүгүш үчүн бийлик эл менен эсептешүүгө тийиш экенин эске салышкан.
Эл менен бийликтин келишпестиги залим Левиафанды ойготорун Орусия, Тажикстан ж.б. бир катар мамлекеттердин мисалында берилген.
Кыргызстанда соңку айларда саясий иш менен камалгандардын айрымдары акталып, абакта жаткандары бошотулууда. Мындан улам авторитаризмге бет алды деген өлкөнүн саясаты жумшара баштадыбы деген суроо туулат.
Мамлекеттик катчы, жазуучу Арслан Капай уулу бул көрүнүштү эл менен бийликтин диалогунун жанданышы катары сыпаттады.
Арслан Капай уулу.
“Кыргыз коомуна ойчулдар керек болуп жатат. Улуттун келечеги, кызыкчылыгы 22-кылымда кандай болорун ойлонушубуз керек. Чыңгыз Айтматовдун “Эркиндик – бул жоопкерчилик” деген сөзү бар. Жоопкерчилик маданиятын калыптандыра алдыкпы деген суроонун үстүндө ойлонушубуз керек. Мына ушул суроолордун тегерегинде талкуулар жүрүшү керек. Тилекке каршы, талкуу маданиятынан биз тайып кеттик. 90-жылдары олуттуу басылмалар бар эле. Алардын беттеринде кыргыздын ойчул, интеллектуалдары талкуу жүргүзчү. Ошолорду окуп, көзүбүз ачылчу. Азыр андай талкуу маданиятын жоготуп алдык. Азыр соцмедиа дегенге өттүк. Ал жерде блогерлердин талкуу маданияты качанга созулар экен деп ойлойм. Бир күнү токтосо керек. Муну айткан себебим, Батышта Forum Polisi деген басылмаларда өтө олуттуу талкуулар болуп турат. Бизде ошондой барбы? Эл бийликти сындайт, бийликтин өз көз карашы бар. Ортодогу баланс кандай болушу керек? Ошону издөө жолундабыз. Өткөндө “Азаттыкка” Ташиевге байланыштуу суроо берилгенде эл менен бийлик ортосунда диалог ачылат деп айткам. Азыр дагы ошондой ишенимдемин”.
Дагы караңыз Мамкатчы Койчиев: Эркиндик чыгармачылык кереметти жарататЭркиндик - мамлекетти өнүктүрөт
“Кууш өтмөктүн” башында шумерлердин байыркы эпосу мисалга тартылган. Анда Уруктун падышасы Гилгамеш оюна келгенди кылып, элин эзгенде кудайлар ага окшош Энкидуну жибергени сүрөттөлөт эмеспи. Авторлор адегенде касташып, кийин кан доско айланып, желмогузду жеңген баатырларды бийлик менен элге салыштырган.
Эл менен бийлик дубалы бири-бирине жакын турган кууш коридорго окшош экенин, ортосундагы чек бир калыпта сакталууга тийиш дешет.
Дагы караңыз "Бийликтин жүзү кубулма". Макиавелли кыргыздарга эскертүү бергенби?Саясат таануучу Эмилбек Жороев ошол дубал ортосундагы бир таман жолдо эркиндик түбөлүк өнүгүшү керек дейт.
“Биринчи эле сабында бул китеп эркиндик жөнүндө. Эркиндик эмне экенин баарыбыз билебиз да. Эркиндиктин табышмагы калдыбы, ал тууралуу килейген китеп жазуунун зарылдыгы бар беле деген суроо туулбай койбойт. Мазмунун карасаң, бир сүйлөм менен айта турган маани бар. Мамлекет түптөгөн коомдордо бийлик менен элдин ортосунда теңсалмактуулук болушу керек деген сөз. Бирок канткенде эркиндик жашайт, канткенде сакталат дегенди жүздөгөн мисал менен беришкен. Саясий эркиндик алабыз десек, кул болбойлу десек – бул китеп түгөнбөгөн кудук. Кууш өтмөк – бул тар, бир тарабында аска-зоо, бир тарабында жаза тайсаң кулай турган жардын үстүндөгү аймак. Эркиндик ошол кууш жерде. Аны кантип сактай алабыз, канткенде ал кенен болот же тарыйт? Бул китептен ошону билсек болот. Үч жолу саясий толкундоолор болгондо биз ошол өтмөктүн бирде бул, бирде тигил бетине өтүп жаттык. Теңсалмактуулукту сактоонун кыйынчылыгы эски таразадай. Таш кай жагына коюлса, ошол жакка оойт. Авторлор ошол тең салмактуулукту байыркы коомдор кантип кармашкан деген суроого Мая цивилизациясынан бери, Кытай, Индия, Араб өлкөлөрүнүн мисалында жооп издешкен. Анан ошого жооп берип жатышат. Биринчиден, эркиндик – кайсы бир жердин же цивилизациянын менчиги эмес экен. Эркиндик үчүн кайсы коомдор, маданияттар гана күрөшпөгөн. Экинчиден, ошол коомдордун өз жолу болуптур. Бирөөлөр эволюцияга кеткен, бирөөлөр анархияга түшкөн, бирөөлөр деспотизмден өткөн. Бирок айланып келип, бакубат жашоого жеткен болсо кууш жерди табышкан. Кыргыз коому үчүн эскертүү - бул “Көптөн күткөн ажого жеттик” деп кол чаап, басып кетпеш керек деген сөз. Эркиндик бул туулгандан турганга чейинки түбөлүк күрөш. Эркиндик жашоо маданияты болушу керек. Биз баары бир кууштукта жашайбыз жана аны табышыбыз керек”.
Саясат таануучу Эмилбек Жороев жана профессор Венера Сайпидин "Кууш өтмөк" китебинин таанытымында. 27-март, 2026-жыл.
Китепте байыртан бери залим Левиафандын кучагында жашаган коомдор тууралуу да сөз болуп, анын көрүнүктүү мисалы катары Кытайга өзүнчө бөлүм арналган. Бирок авторитардык башка коомдордон айырмаланып, бул өлкө экономикалык эркиндикти тандаганына көңүл бурулган.
Профессор Венера Сайпидин экономикадагы либералдык саясат Кытайда жеке менчикке болгон сый-урматты калыптандырганын айтып өттү.
“Дэн Сяопин бийликке келгенден кийин АКШнын үлгүсүндөгү либералдык экономика кирген. Ошону мамлекет бүгүнкү күнгө чейин сактайт. Кытайда ар бир бизнесмендин тапканын, байлыгын, мүлкүн мамлекет тартып албайт. Экинчиден, мамлекет саясий-экономикалык кызыкчылыктарына жараша күчтүү ишкерлерин багыттап турат. Булар ошол баланстын туура сакташты. Люстрация деген түшүнүк бар. Биз жаман деп ойлойбуз. Коом алдыга жылыш үчүн ал керек экен. Адам калыптанып калган эски түшүнүктөрүн жаңы чакырыктарга трансформация жасайт экен. Айрым инсандар ошол өтмөктөн өтөт экен, айрым инсандар өтпөй калат экен. Жаңы саясий муун болушу керек экен”.
Анткен менен китептин авторлору Кытай канчалык катаал жазалабасын, коррупцияны ушул күнгө чейин жоё албаганын белгилешет. Мунун себебин алар эл менен бийлик ортосундагы ачык, тең ата мамиленин жоктугунан көрүшкөн.
Академиялык чөйрө түзүүгө алгачкы кадам
“Кууш өтмөктүн” кыргызча таанытымы 27-мартта “Ала Тоо” эл аралык университетинин басма үйүнүн ачылышы менен коштолду.
Аталган университеттин ректору Назира Эсеналиева басма үйү мындан ары академиялык китептерди чыгаруу ишин колго аларын айтты:
Назира Эсеналиева.
“Негизги бул демилгени көптөн бери ойлоп жүргөн элек. Ачылыш “Кууш өтмөк” китебинин таанытымы менен чогуу болуп жатканына кубанычтабыз. Жалпысынан Кыргызстан үчүн маанилүү демилге. Анткени университет деңгээлинде бир канча дүйнө жүзүндөгү белгилүү чыгармаларды кыргызча чыгарып, студенттер, профессорлор аркылуу жайылтып, академиялык чөйрөдө шарт түзгөнүбүзгө кубанычтабыз. Китепти биздин университетте лингвистикадан сабак берген Айнуру Булекбаева которгон. Басып чыгарууга бир жылдай убакыт кетти”.
“Кууш өтмөк” - Дарон Ажемоглу менен Жеймс Робинсондун китебинин экинчи китеби. Буга чейин алардын "Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр өнүкпөйт?" (Why nations fail) аттуу эмгегин дагы “Бугу” басма үйү которгон.
Дагы караңыз Робинсон: Өнүгүү моделин өзүңөрдөн издегилеАталган басма үйүнүн жетекчиси Жаныбек Абидетегиндин белгилешинче, китепти басып чыгарууга даярдык үч жылдай убакытты алган.
Ал академиялык китептер басма үйүнө киреше алып келбесе дагы, Кыргызстандагы интеллектуалдык мейкиндикти кеңейтүү үчүн которулуп турушу керек деген пикирде.
Жаныбек Абидетегин.
“Бул Кыргызстандын интеллектуалдык мейкиндигин өнүктүрүүгө чоң салым кошот жана биздин университеттин глобалдык академиялык миссиясын дагы да бекемдейт деген ишеничтебиз. Өз кезегинде “Ала-Тоо” басма үйү дагы Oxford, Cambridge университеттеринен кем калышпай, Борбор Азиянын OPINION мейкерине айланат деген толук ишенимибиз бар. Академиялык эркиндик - билимдин, ой-пикирдин жана изденүүнүн чектелбегендиги. Басма маданияты болсо ошол эле билимди жана идеяларды коомго жеткирүүчү күчтүү инструмент. Алар бири-биринен ажырагыс, анткени көз карандысыз жана сынчыл ой жүгүртүүгө жөндөмдүү эркин чөйрө түзүлбөсө, илимий жана маданий идеялар коомго жетпейт”.
Дарон Ажемоглу жана Жеймс Робинсон институционалдык экономиканын негизги изилдөөчүлөрү. 2021-жылы алардын "Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр өнүкпөйт?" (Why nations fail) китеби "акыркы 50 жылда экономиканы жана саясатты анализдеген олуттуу эмгек" деп бааланган. 2024-жылы бул эмгеги үчүн авторлорго Нобелдин экономика боюнча сыйлыгы ыйгарылган.
Нобел сыйлыгынын лауреаты Жеймс Робинсондун "Азаттыкка" курган маеги.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Кыргыз коому советтик доордун калдыгынан арылышы керек"