Элетти көпүрө менен алдаган партиялар

Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Шайлоочулардын көпчүлүгү бир да партиянын платформасы, программасы менен таанышпай эле күнүмдүк тириликтеги маселелерди чечүүгө убада берген партияларды тандап жаткандай.

Жашы 30га чыга элек Нурайым үчүнчү жолу Жогорку Кеңешке өтчү шайлоодо добуш бергени турат. Үгүт иштери башталганына үч жума өтсө да саясий партиялардын программасы менен таанышкан эмес. Кимге добуш берерин да аныктай элек. Программа менен кайдан таанышарына, анын канчалык мааниси бар экенине кызыгып да көрбөптүр.

«Мен азырынча кимге добуш береримди аныктай элекмин, - деди ал. - Программалары менен да таанышканым жок. Үгүтчүлөрү келип жатат. Алар «жолуңарды тегиздейбиз же көчөңөрдү жарыктандырып беребиз» дегендей иштерин айтып жатышат. Анан алар бизге программа алып келген жок. Аны менен таанышканда эмне пайда? Ишке ашпайт да, баары бир».

Дагы караңыз Кыргыз шайлоосундагы антисаясат жана антиэкономика

Элетте элдин басымдуу бөлүгү эле Нурайым сыяктуу добуш берүүгө барганы камынып турганы менен, көпчүлүгү кимге добуш берерин аныктай элек. Жолугушуулар өтүп жатканы менен талапкер партиянын өкүлдөрү шайлоочуларга алдыдагы беш жылда жасай турган аракети, кайсы багытты тандай турганы, саясий чечимдер, ишке ашырчу өзгөрүүлөр, кабыл алынчу мыйзамдар тууралуу айткан сөздөр супсак кабыл алынат.

Андыктан талапкерлер да дароо эле ошол аймактын же айылдын маселесин көтөрүп, күнүмдүк турмуштагы, жергиликтүү деңгээлдеги кыйынчылыктарын жөнгө салууга убада берип жатышат. Добуш алыш үчүн ишке ашпай кала турган нерселерди да айтып жиберишет. «Азыр жасасак добуш сатып алуу болуп калат, шайлоодон кийин чечип беребиз» деп жатышат. Бир партиянын үгүтчүсү болуп иштеп жаткан Максатбек:

«Партияга үгүттөп барсаң эле «Эмне кылып бересиңер?» - деп сурашат. «Программабыз мындай» деп айтайын десең эч ким уккусу да келбейт. «Андан көрө бизге эмне кылып бересиңер, ошону айткыла» дешет. Элде да ишенич калган эмес да. «Шайлоодон кийин кетет, Жогорку Кеңеште отурат, пайдасы жок» деп ойлоп, «андан көрө бир ишти жасатып алалы» дегендей кылышат. Бардык эле партиянын жазган программасы окшош сезилет да. Ал нерсени жазып коё беришет», - деди.

Дагы караңыз Жаңы беткаптар жана эски «бетпактар»

Айрым байкоочулардын пикиринде, шайлоочулар арасында талапкерлерге карата мындай кайдыгерликке буга чейинки өткөн шайлоодон утуп чыкан депутаттардын аракети себеп болгон. Анткени эл шайлоодон шайлоого чейин депутатты көрбөй, партиялар калктын мүдөөсүндөгү маселени Жогорку Кеңеште айтып чыкпай, ишеничтен чыгып калышкан. Жарандык активист Бахрам Рахманкулов:

«Жогорку Кеңеш депутатынын аткара турган иши - көпүрө салып, суу чыгаруу эмес да. Бирок жасачу негизги ишинен четтеп, элдин күнүмдүк маселесин чечүүнү кеп кылып жатканы туура эмес. Бир чети коомдун ошо шайлоо, тандоо маданиятынын калыптанбай жатышы жакшы эмес. Келечекте сапаттуу парламентти куруудагы аракеттерине, ишке ашыра турган олуттуу программаларына карап баа берүү эмес, майда-барат, жергиликтүү бийлик жасай турган иштерге карап баа берип жатканы эртеңки парламенттин курамына да таасир этет. Ушундай ыкма менен тандалса, мурдагыдай шайлоочулардын ишенимине татыбыгандай парламент куралат», - деген оюн ортого салды.

Шайлоого барып туура тандай билиш үчүн баалай турган критерийлер, Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары, жасачу жумуштары, милдеттери тууралуу шайлоочулар арасында бейтарап түшүндүрүү иштери жок. Бул жолу Баткен облусу боюнча 10 миңден ашык жаңы шайлоочу кошулуп жатат.