Сузактагы чатакты милиция иликтеп жатат

Жалал-Абад облустук милиция бөлүмүнүн имараты.

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп саналган адам ички иштер органынын атайын багыттагы отрядынын мурдагы кызматкерин сабаган окуяны Жалал-Абад облустук милициясы териштирип жатат.

Белгисиз бирөө мурдагы ички иштер органынын кызматкери делген адамды сабап жаткан видео өткөн жумада чыккан. Социалдык тармактарда тараган тасмадан сабап жаткан кишинин сөгүнгөнүн да угууга болот.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын улук инспектору Нурдин Жээнтаев окуя териштирилип жатканын айтты.

«Тасмага түшкөн окуя боюнча материалдар чогултулуп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 14-майда катталды. Видеодогу адамдардын тек-жайы такталган, сабалды делген адам аскер же орган кызматынын ардагери эмес. Бирок мурда ички иштер органдарында иштеп кетиптир. Экөө тең облустун тургундары».

Токмоктолду деген адам Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына караштуу атайын даярдыктагы отряддын мурдагы кызматкери, Сузак районунун 42 жаштагы тургуну экени белгилүү болду.

Ал эми сабады деп шек саналган киши кылмыштуу топтун мүчөсү экени айтылууда. Жабырлануучу Максат (аты өзгөртүлдү - ред.) кол көтөргөндөр мыйзамдуу жазасын алышы керек деди.

«Мен ал балдарды мурда-кийин көргөн эмесмин жана жакшы тааныбайм. Видеонун Интернетке чыгып кетүүсү күтүүсүз болду. Бул боюнча өз коопсуздугумду ойлоп укук коргоо органдарына кайрылган жокмун. Учурда өзүм жана үй-бүлөм үчүн коркуп турам. Мамлекетте мыйзам иштесе, мага кол көтөргөндөр мыйзамдуу жазасын алышы керек деп эсептейм».

Дагы караңыз Ишкерди коркуткандардын соту создукту

Максат 1999-2005-жылдары Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын атайын даярдыктагы отрядында иштеген, Баткен согушунун ардагери. Ал 6-майда кечке жуук Жалал-Абад шаарында сабалган.

Жабырлануучу аны сабагандар кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыш тобуна мүчө сузактык “Чач” жана каракөлдүк “Жон” аттуу каймана аты бар адамдар экенин айтты. Мурдагы орган кызматкери "бул коркутуунун башы кийинки жылы өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого барып такалат" деди.

«Мен 2005-жылы ички иштер органдарынан кеткенден бери жеке ишкердик жана дыйканчылык менен алектенем. Эч кимге зыяным тийбеген, айылдагы карапайым эле кишимин. Мага кол көтөгөн балдар айылдашым Сапардан алыстап, "ал менен мамилени үз" деп эскертип жатышпайбы. Алар ачыгын айтпаса да, бул коркутуулар келерки жылы өтчү шайлоодо айылымдагы кайсы бир талапкерге жардам берүү жана колдоо көрсөтүү тууралуу болууда. Азыр мен депутаттыкка талапкер болчу башка адам менен мамиле кылып жүргөнүмдү алар жакшы билет. Бул окуялардан кийин менин жана үй-бүлөмдүн коопсуздугу коркунучта. Ошондуктан досторум жана туугандарым күнү-түнү биз менен болуп, күзөтүп турушат».

Максат бир аптадан бери дарыланып жатканын билдирди. Бул окуяга жогорку кызмат адамдарынын тиешеси бар деп болжолдоп жатканы менен конкреттүү ысымдарды атаган жок.

Дагы караңыз Кримдүйнөгө каршы күрөш: ким жеңди?

Мурда-кийин атайын даярдыктагы отрядда (Спецназ) иштеп кеткен кызматкерлер бул окуяга тынчсыздануусун билдирип жатышат. Аймакта бул кызматчылар тарабынан уюшулган коом президент баштаган өлкө жетекчилерине кайрылуу жолдоого даярданууда.

Милициянын ардагери Муктар Исмаилов бул окуяны уюшкан кылмыштуу топтордун баш көтөрүшүнүн белгиси катары баалап, мындай кырдаал Ички иштер министрлигинин алсыздыгынын көрсөткүчү деп эсептейт:​

«Биз кандай коомдо жашап жатабыз? Мыйзамдуулук сакталабы же уюшкан кылмыштуу топтор ар кимди келип сабап кете береби? Бийликтин "каралар менен күрөшүп жатабыз" дегени жалган. ИИМ өз тизмесинде турган кылмыштуу топтор менен күрөшүүнүн ордуна кайра алар менен кызматташып жатканы билинип жатат. Жакында эле ички иштер министри Кашкар Жунушалиев парламентте «уюшма кылмыштуу топтор болгон жана боло берет» деп айтпадыбы. Демек бул - мамлекеттин алсыздыгы. Мурда ички иштер органдарында иштегендерди гана эмес, азыр иштеп жаткандарды да "каралар" сабап жатат».

Кашкар Жунушалиев

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге өткөн айда Жогорку Кеңеште уюшкан кылмыштуу топторго байланыштуу суроо берилген. Министрдин «каралар» тыйылбайт деген мазмундагы жообу талкуу жараткан.​

«Уюшкан кылмыштуу топтор ар дайым болуп келген жана боло берет. Андайлар бардык мамлекетте бар. Биз алар боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Мындай топтордун кылмыш кылган бардык мүчөлөрү мыйзамга ылайык жоопко тартылат. Кылмыш кылып, «отурбай» жүргөндөрдүн эч болбогондо бирин атап бериңизчи?».

Совет доорунан калган «уюшкан кылмыштуу топ» - бул өздөрүнүн жазылбаган мыйзамдары менен жүргөн криминалдык чөйрө. КМШнын айрым өлкөлөрүндө жарандын бул топко мүчө болгону аныкталса эле жазага тартылат. Ал эми Кыргызстанда ушуга окшош мыйзам долбоору парламенттен колдоо таппай келет.

Сооронбай Жээнбеков

Президент Сооронбай Жээнбеков азыркы кызматка келгенден кийин Коопсуздук кеңешинин жыйынында «уюшкан кылмыштуулукту жогорку кызмат адамдары калкалап жатат» деп айткан, ага күрөштөн натыйжа чыкпай жатканын коррупция менен байланыштырган:​

«Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш ийгиликтүү болбой жатканынын негизги себеби – коррупция. Эксперттердин айтымында, криминалдык чөйрөдөгү капитализациянын көлөмү абдан чоӊ суммага жетти. Канча сумма экенин билесиңер. Уюшкан кылмыштуулук чөйрөсүндө чоӊ өлчөмдөгү акчанын агымы укук коргоо жана сот органдарындагы жогорку кызмат адамдарынын катышуусу болбосо, мүмкүн эмес. Уюшкан кылмыштуу топтор баңгизаттардын транзитин жана товарлардын аткезчилигин тынымсыз жүргүзүүдө. Алар ири рентабелдүү бизнести, өзгөчө акциз товарларына байланышкан бизнести калкалоо менен алектенишет. Күч түзүмдөрүндө коррупция болбосо, криминалдык топтор бул иштерди жасай алышпайт, эч жакка жыла алышпайт. Эгер тапшырма берсе эки сержант, эки лейтенант барып эле баарын жаап коет. Ошондой тапшырма болбойт, анткени өзүңөр аралашкансыңар».

Дагы караңыз Издөөгө алынган депутат үй камагына чыкты (видео)

​Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда кылмыштуу топторду бир нече жолу кылмыш жообуна тартылган Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев жана Алмазбек Бокушев өңдүүлөр жетектешет. Алардын ичинен Камчы Көлбаев менен Алмазбек Бокушев Кыргызстанда эркиндикте жүрүшөт, ал эми Азиз Батукаевди кыргыз бийлик органдары «оорусу катуу» деген негизде түрмөдөн бошоткондон бери ал Чеченстанда экени айтылууда.

Расмий маалымат боюнча, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары 500дөн ашык адам каттоодо турат. Анын дээрлик көбү Камчы Көлбаевдин кылмыш тобуна мүчө.

Мындан сырткары жогорудагы үч топко тиешеси жок өз алдынча башка майда топтордогу 1035 адам ИИМдин атайын каттоосуна уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары алынган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.