Линктер

жекшемби, 19-май, 2019 Бишкек убактысы 21:33

Ишкерди коркуткандардын соту создукту


Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку сот 13-майда жеке ишкер Назгүл Будайчиевадан «опузалап акча алып жүргөн», «мүлкүн тартып алган» деп айыпталган адамдардын ишин кайра тергөөгө жөнөтпөө тууралуу арызды карайт.

Кылмыш иши мындан беш жыл мурун эле козголгон жана былтыр Жогорку сот аны кайра биринчи инстанцияга жөнөткөн. Жабырлануучулар буга нааразы болуп сотко кайрылышкан.

Ишкер андан опузалап акча талап кылган адамдарга уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары айып коюлбаганына жана сот чечимдерине нааразы. Ал буга байланыштуу президентке чейин кайрылды.

Айыпталгандар менен алардын жактоочулары коюлган айыптарга макул эмес.

Өзүн жеке ишкер, парламенттин мурдагы депутаты Акбөкөн Таштанбековдун аялы катары тааныштырган Назгүл Будайчиеванын айтымында, аларга таандык кайсы бир мүлккө көз арткан, тартып алууга аракет кылган көрүнүштөр мындан он жылдан ашуун убакыт мурун эле башталган.

Ал бул иштерде Азамат Бакасов аттуу адам ачык аралашканын билдирди:

Азамат Бакасов биринчи жолу биздин мүлкүбүздү 2007-жылы басып алган.

«Ар кандай адамдар биздин мүлкүбүздү тартып алууга көптөн бери эле аракет кылып келет. 2007-жылы Максим Бакиев Бишкектин №11 кичирайонундагы 9 гектар жерибизди тартып алган. Анда да Азамат Бакасов аркылуу бизге кысым жасалган. Колубузда документ турганына, биздин жеке менчигибиз экенине карабай сот аркылуу тартып алган. Ал убакта соттошуу, кандайдыр бир аракет кылуу майнапсыз эле. Азамат Бакасов биринчи жолу биздин мүлкүбүздү 2007-жылы басып алган. Ысык-Ата районунан жер сатып алып, кыш, газоблок жана желим түтүк жасаган чакан завод иштете баштаганбыз. Биз желим түтүктөрдү чыгара баштаганда биринчи басып алуу болгон. Ошондо эле бизден «откат» сурашкан. Ал сумманы төлөй алмак эмеспиз, ошондуктан баш тартканбыз. Бирок бизге басым-кысым көрсөтүп жатып мүлкүбүздү басып алышкан. Анда арыз жазган эмеспиз. Андан бир айдан кийин «С легким паром» мончосунун жанынан биздин автоунаабызды өрттөп кетишти».

Назгүл Будайчиеванын айтымында, Азамат Бакасов 2012-жылдын аягында кайра пайда болгон. Ал алгач «кримтөбөл» Камчы Көлбаевдин атынан ири суммада акча алган. Андан кийин ишкерлерден ай сайын акча төлөп турушун талап кылган.

«Ошондо Камчы Көлбаев Дубайдан келген учур эле, - деди ал. – Анын атынан келгендер бизден «отметка» деп үй-бүлөбүздүн жана бизнестин коопсуздугу үчүн ай сайын акча төлөшүбүздү талап кылган. Ал «ай сайын 5 миң доллар төлөйсүңөр» деген, бирок биз сүйлөшүп, ай сайын 2 миң доллардан берип туралы деп макулдашканбыз. Ошондо 2013-жылдын башында «Камчы Көлбаевдин кайтып келгени үчүн» деп беш миң доллар бергенбиз, андан кийин март айынан баштап ай сайын 2 миң доллардан төлөп турганбыз».

Соттогу материалдарга ылайык, ишкер 2013-жылдын март айынан 2014-жылдын ноябрь айынан чейин ай сайын 2 миң доллардан төлөп турган. Чыгымдын жалпы суммасы 1,8 миллион сомго жакындаган. Назгүл Будайчиева «караларга» төлөп келген акчанын суммасын алда канча көбөйтүү жөнүндө талап айтылганда аргасыз милицияга кайрылганын эстеди:

«2014-жылы биз ай сайын төлөп жүргөн акчанын суммасын көтөрүп, «12 миң доллардан төлөйсүңөр» дешти. Бирок биз ай сайын бул акчаны төлөй алмак эмеспиз. Мен 2015-жылы 16-январда милицияга кайрылдым. «Акчаны көбөйтөсүңөр» деп бизге октябрь айында эле айта башташкан. Ошондо биздин бир имаратыбызда өрт чыкты. Андан кийин январь айында да өрт чыкты».

Милиция Азамат Бакасовдун атынан келип ишкер Назгүл Будайчиевадан 10 миң доллар акча алып жаткан жеринен Талантбек Токобаев аттуу жаранды 2015-жылы 19-январда кармаган.

Жеке ишкердин мүлкүн тартып алуу, опузалап акча талап кылуу боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде жалпысынан беш адамга - Азамат Бакасовго, анын бир тууган иниси Руслан Бакасовго, Талантбек Токобаевге, Болот Айдарбековго жана Нурдин Иманалиевге айып коюлган. Азыр алардын ичинен Азамат Бакасов гана түрмөдө отурат.

«Болот Айдарбеков баштаган үч адамга «өзүм билемдик» боюнча гана айып коюлган. «Опузалап акча талап кылуу» боюнча Азамат Бакасов менен Талантбек Токобаев айыпталды. «Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү» деген берене боюнча баарын актап коюшту. Азамат Бакасовго 12, ал эми Токобаевге 8 жыл берилген. Бизден ар дайым келип акча алып кетип турган Азамат Бакасовдун бир тууган иниси Руслан Бакасовду алты жыл жатак абакка кесүү тууралуу өкүм чыккан, бирок тергөө абагында жаткан күндөрү эсептелип, боштондукка чыккан», - дейт Будайчиева.

Кылмыш иши былтыр Жогорку сотко жеткен, анда соттун эки инстанциясынын өкүмү жокко чыгарылып, кайра биринчи инстанцияга жөнөтүлгөн. Ишкердин жактоочусу Гүлайым Байтемированын айтымында, күбөлөр жана жабырлануучулар бир канча ирээт суралган.

«Башында ишти судья Молдобаев караган жана жабырлануучулардын, күбөлөрдүн баарын сураган, - деди жактоочу. - Бирок ал Сотторду тандоо кеңешинин сынагынан өтпөй калгандан кийин иш Айбек Эрнис уулуна берилген. Ал да күбөлөрдү, жабырлануучуларды сураган. Тергөөдө да алар көрсөтмө беришкен. Азыр эми иш кайра соттун биринчи инстанциясына жеткенде күбөлөрдү, жабырлануучуларды кайра сурагандан кийин ишти кайра тергөөгө жөнөткөн. Ошону менен күбөлөр, жабырлануучулар төрт жолу сурак беришти. Райондук соттун судьясы ушулардын баарын карап туруп «кайра тергөөгө жөнөтүүгө негиз барбы» дегенди карашы керек эле».

Жабырлануучулар айыптап жаткандардын бирөө - Болот Айдарбеков Бишкек шаардык мэриясына караштуу «Зеленстрой» ишканасында иштейт. Ал ишкер Назгүл Будайчиеванын күйөөсү, экс-депутат Акбөкөн Таштанбековду «Алга» колхозуна таандык мүлктү мыйзамсыз ээлеп алган деп күнөөлөп жатат:

«Мен эч кимдин мүлкүн тартып алган жокмун. Мен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү же кылмышкер эмесмин. Будайчиеванын, «Бистарт», «Бипласт» деген ишканалардын үстүндө Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Акбөкөн Таштанбеков турат. Биз «Алга» колхозунун мүчөлөрү 12 жылдан бери Таштанбеков менен соттошуп келе жатканбыз. Ошол заводду Таштанбеков эч кандай уруксат кагаздары жок эле «Алганын» жерине салып алган. Биз мунун баарын жокко чыгарганбыз. Эми болсо «Айдарбеков баарын тартып алды, бул бандит, ал-бул» деген сөздөрдү айтып жүрөт. Мунун баары карандай калп. Биз - Азамат Бакасов, Акбөкөн Таштанбеков жана мен - бир айылдан, бир көчөдөн болобуз. Анан бири-бирибиз менен соттошуп, бири-бирибизди түрмөгө отургузабыз дегендин өзү деле уят. Мунун баарын кылган Таштанбеков, эгер ал элди чогултуп, баары менен кеңешип, «мен муну алайын, силер болсо муну алгыла» дегенде баары эле жакшы болмок. Ал болсо баарын өзү басып алган».

Эмнеси болсо да жабырлануучулар иштин кайра тергөөгө жөнөтүлгөнүн өкүм чыгарууну создуктуруу аракети катары баалап жатышат. Назгүл Будайчиева буга байланыштуу таасирлүү аткаминерлерди, тактап айтканда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловду күнөөлөдү:

«Бизге коюлган чабуулдун максаты эле - Бишкектеги № 11 кичирайондогу 9 гектар жери бар биздин фирмабызды тартып алуу. Бул жерде чоң аткаминерлер аралашкан. Алардын бири - Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери. Анткени сотто тымызын жаздырылып алынган телефон сүйлөшүүлөрү жоголуп кетти. Бул кылмыш ишинин алкагында айып коюлган, аты аталган адамдардын ортосунда 200дөн ашык сүйлөшүү болгон. Телефондук сүйлөшүүлөрдүн арасында Иса Өмүркуловдун жардамчысы да болгон».

Жогорку Кенештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов менен бул макала жазылып жатканда байланыша алган жокпуз. Бирок буга чейин «Азаттык» ишкердин 9 гектар жерине байланыштуу иликтөө программасын тартканда ал экс-депутат Акбөкөн Таштанбековдун дооматтарын четке каккан:

Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

«Эгер ал менин атымды атаса, анда ал өзүнүн жеке пикири го. Мен муну каралоо деп эсептейм. Себеби анын ич күйдүлүгү болсо керек. Анткени ал шайлоодо мага атаандаш болуп уттуруп койгон. Ошондон мага кеги калган окшойт, ошондуктан айтып жатса керек. Аны менен менин аласа-бересем жок. Мен ал балдарды такыр тааныбайм. Тааныганда деле ал балдар менен эмне деп сүйлөшөм? Азамат Бакасов ким экенин да билбейм».

Азамат Бакасов 2010-жылы апрель окуяларынан кийин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин ордуна Дзюдо федерациясынын президенти болуп шайланган. Бул кызматтан 2012-жылы октябрь айында кеткен. ИИМ ошондо Бакасов кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жакын тарапташы, уюшкан кылмыштуу топтун белдүү мүчөсү экенин, киши өлтүрүү, опузалап акча талап кылуу сыяктуу оор кылмыштар боюнча айыпталып, соттолуп чыкканын маалымдаган. Милиция Бакасов эч жерде иштебесе деле бардар турмушта жашап, кымбат автоунааларда жүрөрүн, коркутуп, опузалап отуруп Дзюдо федерациясынын президенти болуп алганын да белгилеген.

Азамат Бакасов басма сөз жыйындарында соттолгонун мойнуна алса да Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү экенин жокко чыгарган:

«Мен Камчы Көлбаев менен бир түрмөдө отургам. Мен өзүнчө абак салып ала албайм да, мени кайсы колонияга алып барса ошол жакка отурам. «Кайдагы бир ОПГ» дешет, мен ОПГнын башы каякта, аягы каякта экенин билбейм, эмне деген сөз экенине да түшүнбөйм. Тигил жакка да, бул жакка да жабыштырышат. Ооба, мен отуруп чыккам, жашоодо ошондой болот экен. Мен бул үчүн Кудай алдында да, прокурорлордун алдында да жооп бергем. Мен эми андан кийин өлүп калбайм да».

​Азамат Бакасовдун адвокаты Кубанычбек Абдыкеримов кылмыш ишине байланыштуу «Азаттыктын» суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты. Ал Бакасовду түрмөдөн чыгаруу аракет болуп жатканын бышыктады:

«Маселе бир жактуу чечиле элек болгондуктан мен азыр эч нерсе айта албайм. Азыр Жогорку сот карап жатат. Азамат Бакасовдун бөгөт чарасын өзгөртүш керек. Жабырлануучулар «ал түрмөдө отурушу керек» деп, ушуга нааразы болуп жатат. Ал эмне, өмүр бою түрмөдө отурмак беле? Эртең-бүрсүгүнү баары бир чыгат да. Эми иш кайра тергөөгө кетип, кайра далилденгенче бир жыл, эми жыл жөндөн-жөн эле отурмак беле? Азыр бөгөт чарасын өзгөртүп, абактан чыгарыш керек. Андан кийин тергөөнүн жыйынтыгы менен көрөбүз да. Тергөөнүн жыйынтыгынан кийин гана бир нерсе деп айтса болот».

Айтор ушул тушта «каралардан» запкы көргөнүн айткан, бир канча жылдан бери соттошуп жүргөн, мунун айынан президент Сооронбай Жээнбековго чейин кайрылган ишкер Назгүл Будайчиева ИИМдин коргоосунда, атайын кайтаруучулар менен жүрөт. Анын арызынын негизинде козголгон кылмыш ишин кайра тергөөгө жөнөтпөө тууралуу арызды Жогорку сот 13-майда караганы турат.

«Азаттык» жакында эле 2010-жылдан берки уюшкан кылмыштуулукту, ага каршы күрөштү жана анын жыйынтыгын иликтеп-талдап чыккан. Анда атайын кабыл алынган мыйзам иштебей, өкмөттүн концепциясы ишке ашпай калганы, ошондон бери «уюшкан кылмыштуу топтун анабашы же мүчөсү» деп дээрлик бир да адам соттолбогону белгилүү болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG