Мүлктү иликтөөдөгү эки башка аракет

Кубанычбек Жумалиев.

Жумалиевдин мүлкүнө байланыштуу чуу мыйзамсыз байыган деп шек саналган башка аткаминерлердин да маселесин кайрадан козгоду.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевге жана анын жакындарына таандык мүлк бачым аныкталып, териштириле баштады. Эксперттер муну жемкорлукка каршы тандалма саясат катары баалашууда. Анткени, Кыргызстанда мүлкү күмөндүү айрым аткаминерлердин ишин териштирүү аксап, аягына чыкпаган учурлар бар.

Иштин чоо-жайы

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиевге жана анын жакындарына таандык көп сандагы мүлк аныкталганын 26-майда билдирген. Сотко чейинки териштирүүнү Башкы прокуратура жүргүзгөн.

Жумалиевге карата «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде териштирүү башталды. Мүлктүн тизмеси тергөөчүлөрдө, азырынча ал ачыкка чыга элек.

Дагы караңыз Жапыкеев vs Жумалиев: байлык чыры иликтенет

Май айынын башында прокуратуранын мурдагы кызматкери Сыймык Жапыкеевдин бир канча аткаминердин, анын ичинде Кубанычбек Жумалиевдин байлыгы тууралуу видео кайрылуусу коомчулукта кызуу талкууга түшкөн. Ал депутаттын күмөндүү жол менен тапкан байлыгы 2,5 миллиард долларга жетерин айтып чыккан. Жапыкеев Жумалиевдин жана башка кишилердин байлыктарынын мыйзамдуулугун текшерип чыгууга чакырган. Кубанычбек Жумалиев өз дарегине айтылгандарды четке кагып, Жапыкеевди сотко берип, 10 миллион сом өндүрүп берүүнү суранган.

29-майда депутаттын адвокаттары да басма сөз жыйынын уюштуруп, мүлк мыйзамдуу экенин айтышты. Жумалиев «мени паракорлукка байланыштуу айыптады» деп адвокат Канат Хасанов менен да соттошууда.

Мүлк аныктоо аракетин эксперттер сындашууда

Эми ал кишинин мүлкүн аныктоого байланыштуу маселеге кайтсак.

Юрист Атыр Абдрахматова Финполициянын Жумалиевдин мүлкүн аныктоодогу ыкчам аракетин алкады. Бирок башка иликтене турган иштер айлап жылбай турганын сындады:

Атыр Абдрахматова.

«Мыйзамсыз байыган деп шек саналгандардын мүлкүн текшерип чыгууга бир жарым ай эле керек экенин Финполиция далилдеди. Жумалиевдин мүлкүн аныктап, прокуратурага өткөрүп да беришти. Бирок Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүнө байланыштуу журналисттер резонанстуу иликтөөлөрдү жарыялаганына бир жыл болду. Аны текшерип бүтө албаганы таң калыштуу. Коомчулуктун Матраимовдорго байланыштуу суроолоруна жооп бериле элек».

«Азаттык» Атыр Абдырмахматова койгон суроону Финансы полициясына жана Башкы прокуратурага жиберди. Азырынча алар комментарий бере элек.

«Фактчек» жана «Кактус медиа» порталдары Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Алиярбек Абжалиевдин жакындарына таандык мүлк тууралуу иликтөө жарыялашкан. Абжалиев иликтөөдөгү маалыматтарды четке каккан. Журналист Болот Темиров буга тиешелүү органдар текшерүү жүргүзүшү керек экенин айткан.

Мурдагы иштердин жыйынтыгы беймаалым

Экономист Эркин Абдыразаков мүлккө жана мыйзамсыз баюуга байланыштуу башка бир маселени көтөрдү. Ал мыйзамсыз аракеттер аныкталган күндө деле алгылыктуу натыйжа чыгарынан күмөн санай турганын айтты:

Эркин Абдыразаков.

«Бир эле мисал, Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин ишин карайлы. Анын мүлкүн алып коюшпады беле? Ал оокаттар анан сатылдыбы, эмне болду, билбейбиз. Каражаты кайда жумшалды, мамлекет кандай пайда көргөнү тууралуу маалымат жок. Андан тышкары, мыйзамсыз баюу маселесинде бир-эки эле аткаминердин атын атоо да туура эмес. Бул жөн эле шоу».

Абдыразаков да журналисттердин коррупцияга байланыштуу иликтөөлөрүндө, саясатчылардын декларацияларындагы алешемдиктер тууралуу макалаларда айтылган фактылар териштирилбей калып жатканына кейиди.

Коррупцияга каршы ишкер кеңештин төрайымы Нурипа Муканова «Декларация жөнүндөгү мыйзам» ачык иштебеген мамлекетте бул сыяктуу жүздөгөн окуялар улам чыга берерин билдирди:

Нурипа Муканова.

«Жумалиев - мыйзамсыз баюуга байланыштуу шек саналган алгачкы аткаминер эмес. Мурдагы депутат Аскарбек Шадиевдин мүлктүнө байланышуу кандай маалыматтар чыкты эле. Мүлкү аныкталып, банк эсептери такталбады беле. Мыйзамсыз экени аныкталып, мамлекетке кайтырылдыбы же жокпу? Мен билбейм. Бийлик ачык маалымат бербей жатат».

Парламенттин мурдагы депутаты жана мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге Башкы прокуратура алгач «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон.

Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда жүргөнү кабарланып, мурдагы Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча иш козголгон. Шадиевге жана анын үй-бүлөсүнө таандык бир канча мүлк камакка алынган. Бул кылмыш иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчыны сыртынан 10 жылга эркинен ажыраткан.

Дагы караңыз Байлыгын байбичелерине байлаган депутаттар

Мындан тышкары, ага «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренеси боюнча да айып коюлган.

Өткөн жумада УКМК анын жубайы Асел Шадиева да «кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаштырды» деп шек саналып жатканы тууралуу маалымат таратты. Шадиевдер аларга коюлган айыптарды четке кагып келет жана алар ушул тапта Кыргызстанда жок.

Муканова жыл сайын тапшырылчу милдеттүү декларациянын жыйынтыгы менен эле шектүүлөр аныкталып каларын, аны териштириш үчүн саясий эрк керек болорун кошумчалады.

Саясатчылардын бизнесин жакшы билгендер, жарандык активисттер декларация бетиндеги байлык менен иш жүзүндөгү мал-мүлктүн айырмасы абдан чоң экенин айтып жүрүшөт.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы президенттик шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө мыйзамсыз байыган адамдардын тизмесин билерин айтып, катуу чара көрөрүн билдирген. Бирок ал тизмеде кимдер бар экени коомчулукка дагы эле белгисиз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​