Элетти өнүктүрүү: сегиз айдагы иш

Май-Төр жайлоосу, Кочкор.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков быйылкы 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялап, алдыга бир катар милдеттерди койгонуна сегиз ай болду.

Андан бери кайсы аймакта өнүктүрүүнүн кандай багыттары натыйжа берип, кайсы аймактарда ыкшоолук үстөмдүк кылууда? "Азаттык" радиосунун "Арай көз чарай" талкуусунда мына ушул теманы талкуулайбыз.

Талкууга президенттик аппараттын мамлекеттик, аймактык башкаруу жана кадр саясаты бөлүмүнүн башчысы Турдуназир Бекбоев жана жергиликтүү башкаруу боюнча эксперт Бакыт Рыспаев катышты.

"Азаттык": Турдуназир мырза, президент бул жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаганда эң негизги милдет катары элди таза суу менен камсыздап, сугат системаларын калыбына келтирүү менен элет жерин өнүктүрүү зарыл экенин айткан эле.

Жыл башында сиз менен аталган маселени ушул студияда талкуулаганда "кайсы аймактарды кандай багытта өнүктүрүү боюнча атайын иш-пландар даярдалат" деген элеңиз. Тилекке каршы, андай конкреттүү милдеттер жазылган документти көрө элекпиз. Жыл болсо жарымынан өтүп калды. Демек, натыйжа санай турган мезгил жакындап келе жатат. Кайсы аймакта кандай милдеттер аткарылды, кайсы аймакта кандай өнүгүүлөр болду?

Турдуназир Бекбоев.

Турдуназир Бекбоев: Быйылкы жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп аталгандан кийин 2018-жылы аймактардын баары эле өнүгүп, телегейи тегиз болуп калат деп ойлоп жатышат.

Тилекке каршы, андай эмес, быйыл аймактарды өнүктүрүүнүн алгачкы жылы. Быйыл мыйзамдык негиздер, документтер даярдалды. Андан тышкары өкмөт токтому менен түзүлгөн жумушчу топ иштеп, кайсы жерде канча бала бакча салынып, кайсы жерде кандай ишканалар, канча жумуш орду түзүлүшү керек, кайсы жерде сугат, ирригациялык тармактар жакшыртылып, таза суу кайсы айылдарга киргизилиши керек - ушуларды аныктады. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү бийлик бутактарынын ролун жогорулатуу боюнча тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн долбоору даярдалды.

"Азаттык": Конкреттүү айтканда кайсы мыйзамдарга кандай жаңы жоболор киргени жатат?

Турдуназир Бекбоев: Биринчи өзгөртүү - жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын укук-милдеттерин көтөрүү. Себеби, акимдер жергиликтүү маселелерди чече албай министрликтерге сунуштама жиберип коюп, бери дегенде бещ-алты айлап жооп күткөн учурлар көп. Аны жергиликтүү тургундар түшүнбөйт, тез чечүүнү талап кылып, нааразы болушат.

"Азаттык": Демек, башкаруу бутагында саясий партиялардын үстөмдүгү азаябы?

Турдуназир Бекбоев: Жогорку Кеңештеги фракциялары бар саясий партиялардын таасири таптакыр жоголот деп айтууга болбойт. Бирок, саясий партиялардын өкүлдөрү кийинки кезде кадр тандоодо калыстык, жалпы кызыкчылык керек экенин түшүнүп калды.

"Азаттык": Бакыт мырза, сиз аймактарды башкаруу жана өнүктүрүү боюнча адис катары айтсаңыз, быйыл аймактарда өнүгүү, өзгөрүү байкалуудабы? Мисалы, азыр сиз жүргөн Ысык-Көл облусунда кандайдыр демилгелер, аракеттер барбы?

Бакыт Рыспаев.

Бакыт Рыспаев: Быйылкы жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланганда аябай сүйүнүп, чоң үмүт кылганбыз. Бирок, чынын айтканда, жыйналыш өткөрүү, документтерди даярдоо аракеттери болгон менен иш өтө жай жүрүп жаткансыйт. Ушул жылы негизги кадамдар жасалышы керек эле. Мисалы, айыл өкмөттөрдүн иш жүргүзүшүнө жолтоо болгон айрым көрүнүштөрдү реформалаш керек эле.

Айыл өкмөттөрүнүн өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары жөнүндө Конституцияда да, мыйзамда да жазылган менен иш жүзүндө аткарылган жок. Айыл өкмөтүндө иштеген беш-алты кызматкер тиешелүү министрликтердин иштерин аткарат, аларга мыйзамда жазылган каражат Финансы министрлигинен бөлүнгөн жери жок. Андан тышкары айыл, район аймактарын ирилештирип, облустун түзүмүн карап көрүү жөнүндө сунуштун тагдыры чечилген жок. Ушундан улам социалдык тармактарда "Аймактарды өнүктүрүү жылы ишембиликтер менен концерттерди уюштуруу жылына айланды" деп жазып жатышат.

"Азаттык": Турдуназир мырза, азыр Кыргызстанда таза суу башкы маселеге айланганы жашыруун эмес. Ошон үчүн президент алдыга койгон таза суу менен камсыз кылуу милдети аткарылып жатабы? Таза суу жетпеген канча айылга суу киргизилди?

Турдуназир Бекбоев: Президент өзүнүн иш мөөнөтүндө "айылдарды таза суу менен камсыз кылуу - башкы милдетим" деп айткан. Азыркы күндө 653 айылга таза суу киргизүү долбоору даярдалып, 438 миллион сом бөлүндү. 2018-жылдын алты айында 189 жаңы ишкана ачылып, 1 миң 748 жумушчу орун түзүлдү. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан быйыл 278 миллион доллар 1 миң 282 долбоорду каржылоого бөлүндү. Булардын көбү быйылкы жылдын аягына чейин бүтөт деген үмүттөбүз.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Аймактарды өнүктүрүү: сегиз айдын "жемиши"

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.