Президенттик шайлоо маалында азыркы мамлекет башчы Садыр Жапаров кызматта туруп талапкер катары ат салышуусуна мыйзам жол берет. Бул тууралуу 15-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Тынчтык Шайназаров "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Шайназаров мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты менен президент саясий өнөктүк учурунда кызматын тапшырууга милдеттүү эмес экенин билдирди.
Боршайком төрагасы шайлоо ачык атаандаштыкта өтө турганын, административдик ресурс колдонууга жол берилбесин жана БШКга бийлик тараптан эч кандай басым жок экенин айтты.
Президент Жапаров 2027-жылы өтө турган шайлоого талапкер болуп каттала турган болсо бул саясий иш-чара учурунда кызматын убактылуу тапшырбай турганын жакында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев да билдирген. 31-августта журналист Али Токтакуновго курган маегинде ал төмөнкүлөрдү айткан:
Марлен Маматалиев
"Мыйзам боюнча президент өзү мамлекет башчы катары келаткан шайлоого бара берет. Эч чектөө жок, бардык функцияларын толук аткарат. Үч бийлик бутагы аткарган функцияларын кадимкидей уланта берет. Президенттин милдетин аткаруучу деген жок. Өткөндө бирөө “балатынын астында куттуктоону кыялданып жатат экен” деп айтып калышты, андай да жок. Президентибиз өзү бардык ишмердүүлүгүн да кылат”.
Дагы караңыз
"Ырыс ордодогу" ынтымакка чакырык, шайлоо жышааны жана "75чилер иши"Президенттик шайлоонун датасын аныктоо, ага ким катышып, ат салышуу кандай жүрөрү азыркы тапта Кыргызстандын саясий күн тартибиндеги негизги маселелердин бири болууда.
Шайлоо күнүн, мыйзам боюнча, Жогорку Кеңеш аныктайт.
Боршайком төрагасы Тынчтык Шайназаров парламентке президенттик шайлоонун датасын аныктоо боюнча маселени 17-сентябрда карап берүү өтүнүчүн бергенин айткан.
Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев кезектеги шайлоону парламент 27-сентябрга чейин дайындашы керектигин, бул маселе 16-17-сентябрь күндөрү күн тартибине киргизилип, токтом кабыл алынат деп күтүлүп жатканын билдирген.
Парламенттин жайкы эс алуудан кийинки алгачкы отурумунда депутат Нурбек Сыдыгалиев жакында шайлоону жарыялоо боюнча токтом кабыл алынарын билдирген:
“17-сентябрда шайлоонун кайсы күнү өтөрүн жарыялайбыз. Андан кийин каалаган адам 30 миң кол топтосо, шайлоого катыша алат го. Ал жерде эч кандай чектөө деле жок. Баарына бирдей эле шарт түзүлөт”.
Дагы караңыз
Спикер президенттик шайлоодо Жапаров кызматын убактылуу тапшырбай турганын айттыСадыр Жапаров быйыл июль айынын аягында мындан ары президенттик шайлоону иштеп жаткан президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Демек, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтүшү мүмкүн. Садыр Жапаров келерки президенттик шайлоого катышарын, бардык талапкерлерге шарт түзүлө турганын айткан:
“Барам. Мен жана башында эле айтпадымбы “өзүм дагы бир мөөнөткө барышым керек болуп калды” деп. Эч кимди чектебейбиз, бирөөнө бут тоспойбуз. Мыйзам кандай болсо, ошондой коюп, ар бир талапкер бара берсин. Мурдагыдай мугалим, врачтарды колдонуу, үгүткө иштегиле деген болбойт. Анын баарын убагында иш менен далилдейбиз. Азыр сөз менен мактанбай турайын”.
Айрымдар шайлоодо бардык талапкерлерге тең атаандаштык түзүү үчүн президенттин кызматын убактылуу тапшырып турушу зарыл экенин айтууда.
Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова мыйзамдагы талаптарды “өз кызыкчылыгына жараша чечмелөө туура эместигин” билдирген.
Гуля Кожокулова
"Бизде Баш мыйзам, мыйзамдар бар жана ал жерде баары так жазылган. Мага көпчүлүк мыйзамды өзү каалагандай жана өзү түшүнгөндөй кылып чечмелегиси келгени жакпайт. Мындай болбошу керек. Мыйзамды чечмелөөнү бир гана мыйзам чыгаруу органы же Конституциялык сот аткарат. Консот бардык суроолорго чекит койгон. Биз мыйзам чегинде кетишибиз керек".
Демек, ал кызматтан кетип турушу керекпи деген суроого депутат "Албетте" деп жооп берген.
Кыргызстанда президент экинчи мөөнөт үчүн шайлоого барган тажрыйба 17 жылдан бери боло элек. Мындай шарт менен соңку ирет 2009-жылы Курманбек Бакиев кайра президент болуп шайланган. Айрым талдоочулар президенттин шайлоо өнөктүгү учурунда кызматта калып-калбашынын мыйзамдык жагына караганда саясий мааниси көбүрөөк дешет.
Клара Сооронкулова
“Чынын айтканда, бул деле формалдуу талап. Бирок ошондо да административдик ресурс, мамлекеттик каражат колдонулган жок дегенге негиз түзүп бермек. Кызматта турган президент менен эч ким атаандаш боло албайт. Жок дегенде ошол убакта өргүүгө кетти, калган талапкерлер менен тең шартта шайлоого катышат дегендей аракет болушу керек эле. Кандай болбосун, анын артыкчылыгы ашып турат. Формалдуу түрдө болсо да ошону камсыздап бериши керек эле”, - деген Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова.
Быйыл февралда 75 саясий, коомдук ишмер бийликке шайлоону мөөнөтүнөн эрте өткөрүү боюнча кайрылып, Жапаровдун президенттигинин мөөнөтү боюнча белгисиздик жаралганын белгилешкен. Кийин президент Конституциялык сотко кайрылып, анда Жапаровдун биринчи мөөнөтү 2027-жылы аяктай турганы, экинчи жолу шайланууга укугу бардыгы такталган.
Кайрылуу жолдогондор боюнча кийин кылмыш иши козголуп, сот атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз кишини райондук сот "Бийликти күч менен басып алуу" деген киненин негизинде күнөөлүү деп тапкан. 10-сентябрда Бишкек шаардык соту “75чилер каты” деп таанылган бул иш боюнча өкүмүн өзгөртүп, “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси жокко чыгарылып, ал "Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" беренесине (195-берене) алмашкан. Сот сегиз адамды төрт жылдан эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык жазасын эки жылга кыскарткан.
Кыргызстанда иштеп жаткан президент шайлоого талапкер болуп катталган учурда анын милдетин парламенттин төрагасы аткарып калган учур болгон. 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп калган. 2021-жылдын 10-январына президенттик шайлоо дайындалгандан кийин Садыр Жапаров талапкер болуп катталып, кызматын тапшырган. Жогорку Кеңештин ошол кездеги спикери Талант Мамытов президенттин милдетин аткаруучу болуп турган.
Быйыл 12-сентябрда президент Садыр Жапаров Таласта мечиттеги жолугушууда бийликтин дарегине айтылган сын-пикирлерди "шайлоо алдындагы кара пиар" деп атады. Соңку учурда сыртка чыгып кеткен бир катар активисттер бийликти сындаган материалдарды чыгарып жаткан эле. Ал дооматтарга президент үн ката элек болчу. Талас шаарындагы мечиттин ачылышынан соң жергиликтүү имамдар менен жолугушууда Жапаров:
Садыр Жапаров Талас шаарынын борбордук мечитинин ачылышына катышты. 11-сентябрь, 2026-жыл.
"Ар бир нерсесине жооп берет элем. Бирок мен алар менен алышып отура берсем анда мына мындай жыйынтыкка жете албайт элем. Кетип бараткан жолубуздун аягына чыкпай калабыз ар бир үрө берген иттерге кылчактай берсеңер. "Иттер үрө берет, кербен жүрө берет". Андайларга көңүл бурбаш керек, жооп да бербеш керек. Ишенгени ишене берсин, алар азчылыкты түзөт. Эң негизгиси, жакшылыктарга ишенгендер көп болсо мага ошол жетет. Шайлоо алдындагы кара пиар деп эсептегиле. Эмне үчүн былтыр, мурдагы жылы чыгып алып ушинтишпейт", - деди.
Жапаров да, ал жолугушууга катышкандар да сөз кимдер жана кайсы сын-пикир жөнүндө болуп жатканын тактаган жок жана конкреттүү адамдардын ысымын атаган жок.
Президент айтылган сын-дооматтарга көпчүлүк ишенбей турганын айтып, өлкөдө соңку жылдары болгон өзгөрүүлөрдү көпчүлүк көрүп жатат деп жүйө келтирди.