Матраимовдун тою элитанын жүзүн көрсөттүбү?

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун уулу Аймендин жана келини Самиранын Ташкентте өткөн тою. 30-август, 2026-жыл.

мазмуну

  • Коррупцияга айыпталып, соттолгон Райымбек Матраимов уулун үйлөнтүп, Ташкентте той бергени маалым болду. Социалдык тармактарда тараган сүрөт-видеолордон тойдо бир катар таанымал адамдар отурганын көрүүгө болот.
Бул көрүнүш бийликтин Матраимовго байланыштуу убадаларын, аттуу-баштуулардын моралдык жоопкерчилигин кайрадан эске салды. Бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары казак бизнесмени Жакып Марабаев менен куда болгону айтылууда.

"ПолитКлиниканын" жазышынча, Райымбек Матраимовдун уулу Аймен менен келини Самиранын үйлөнүү тою 30-августта Ташкентте өткөн. Marriott Hotel Tashkent мейманканасында белгиленген үлпөткө орусиялык ырчылар Филипп Киркоров, Люсия Чеботина чакырылган.

Кыргызстандан тойго конок катары Аскар Салымбеков, Ибрагим Жунусов, Элмурза Сатыбалдиев баштаган коомдук жана маданий ишмерлер барганын көрүүгө болот.

"Азаттык" жогоруда аты аталгандардын айрымдары менен байланышып, жооп алууга аракет кылды.

Алардын бири Эл артисти Ибрагим Жунусов “бул боюнча кийинчерээк айтам” деп жооп берүүдөн баш тартты. Эске сала кетсек, ал буга чейин "Азаттыкка" курган маегинде Райымбек Матраимов уулунун өкүл атасы экенин айткан.

Дагы караңыз

"Райымбек Матраимов - баламдын өкүл атасы"

Ишкер Аскар Салымбеков “Ысык-Көлдө жүргөнүн, байланыш жакшы болбой жатканын” айтып, телефонду өчүрүп койду.

Мурдагы баш прокурор, экс-депутат Элмурза Сатыбалдиев тойго барганын танган жок. Ал мындай чечимин Матраимовдор менен узак жылдык достук мамилесине байланыштырды.

Элмурза Сатыбалдиев.

“Бардым, куттуктадым. Бул эмне кылмышпы? Матраимов менин тууганым эмес. Мамилебиз жакшы. Өзүңөр билесиңер Волейбол федерациясын 17 жылдан бери жетектейм. Анын (Райым Матраимов-ред.) волейболго кошкон салымы мен үчүн өтө бийик. Азыр кыргыз волейболу дүйнөгө таанылып жатат. Ошонун баарына жардам берип жүргөн жигиттердин бири – Райым Матраимов. Мен аны эч качан танбайм, жанбайм, качпайм дагы. Азыр "ал акчасын кайдан таап жатат" деп айтасыңар. Мага анын кандай кызыкчылыгы бар? Мага жардам берип жатат, чоң спорт клубдарын кармап жүрдү. Кыргызчылык деген өтө бийик сапат. Жакшылык-жамандыкта кыргыз бирге болот. Өзүңдүн улутуңдун астында, мамлекетиңдин астында милдет болот. Ошону мораль дейт. Кыргыз качан эле батага, той-топурга бекинип барчу эле? Мамиле түздүңбү, ачык бол. Айткандар айта берет. Матраимовду мен илгертен жакшы билем. Досумдун үкөсү. Мамлекеттик кызматка келгенге чейин эле бизнесте жүргөн. 20 жыл мурда сүйлөшүп отуруп, “Акчаны кайдан аласың?” деп сураганымда “Кытайга Эркечтам аркылуу кирип турган төрт КаМАЗы” барын айткан”.

“Райым миллион” деген каймана атка конгон Бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Октябрь окуясынан кийин коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алып, казынага 2 миллиард сом (24 миллион доллар) төгүп бергени айтылган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы Кеминде эл алдында сүйлөп жатып Райымбек Матраимов "мындан ары Matiz минип жүрүшү керектигин" айткан.

"Мындан ары мамлекетте Матраимов деген мафия болбойт. Райым Матраимов мамлекетте жүрө турган болсо, кичинекей Matiz минип алып жүрүшү керек. Райым Матраимовдун кланы, анын байлыгы, анын кылмыштуу түрдө топтогон байлыктары мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө, ички саясий иштерге тоскоолдук жаратпашы керек", - деген Ташиев.

Дагы караңыз

2024: Матраимовдун "Матизи", мандаттан айрылгандар, салык чыры

Айткандай эле Райымбек Матраимов 2024-жылы март айында үч бир тууганы менен кошо Азербайжандын борбору Баку шаарынан кармалып, Бишкекке жеткирилген. Дээрлик тогуз айдай тергөө абагында жаткан Матраимов ошол жылы ноябрда бошотулуп, декабрда “бейбаштык” беренеси менен соттолгон. Айыбын мойнуна алып, тергөө менен кызматташып материалдык зыянды төлөгөндүктөн, абакка кесилген эмес.

Камчыбек Ташиев ошол кезде парламентте сүйлөп жатып Матраимов мамлекеттик бюджетке 200 миллион доллар төлөп бергенин айткан.

Дагы караңыз

Коррупция сабактары: Матраимов мамлекетке дагы 200 млн доллар карыз

Бирок Ташкенттин кымбат мейманканасында өткөн той, коңшу өлкөнүн бай адамдары менен кудалашуу Матраимов Matiz минбей эле байгерчиликте жашап жатканын көрсөттү.

Айрым медиалардын жазышынча, Матраимовдун уулунун келинчеги Самира казак бизнесмени Жакып Марабаевдин карачечекей жээни. Кыздын апасы Лейла Солтонбаева Semurg Invest холдингинин корпоративдик жетекчиси.

64 жаштагы Жакып Марабаев бир топ жыл Казакстандын мунай жаатында чечүүчү кызматтарда иштеген. Ачык булактагы маалыматтардан акыркы жолу Грузиянын экономика жана туруктуу өнүгүү боюнча вице-премьер-министринин кеңешчиси болгонун көрүүгө болот.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек бул көрүнүш өлкөдө элди нааразы кылып, толкушуна себеп болгон социалдык-экономикалык факторлор жоюлбаганын, элитада принцип жоголуп, кызыкчылыктар гана иштеп калганын көрсөттү дейт.

“Бул той менен “Ырыс ордодогу" көрүнүш окшош эле. Акыркы революциядан кийин алты жыл ичинде укуктун үстөмдүгү, адилеттик, өнүгүү, теңдикти орното албаганыбыздын, авторитардык режимдин көрсөткүчү. Сот, укук, ресурс элита үчүн өзүнчө, эл үчүн өзүнчө иштеп калды. Ташиев агабыз мурда "Матраимов мындан ары Matiz минет" деген. Анысы ушунча болсо, башкасын билбейм. “Ырыс Ордодо” соттолгону да, соттолбогону да кучакташып жатканын көрбөдүкпү. Бул элита статус-квону сактап калып, алардын кызыкчылыгы биринчи орунда турганын, баары ошого жараша чечилеринин көрсөткүчү. Акыркы окуя биз мурда азабын тарткан система, саясий-экономикалык абал бузулбай, уланып жатканынан, принцип жоголуп, кызыкчылыктар иштеп жатканынан кабар берет. Ааламдашуу шартында Ташкентте өткөн той элге жарыяланып кетти. Кыргыз бийлиги буга “бизде болгон жок, бизге тиешеси жок” деп формалдуу жооп бериши гана мүмкүн”.

Дагы караңыз

“Бажыны көзөмөлдөө аракети, чыкыйга такалган тапанча”. Матраимовго чыккан сот өкүмү

Талдоочу Нурсултан Акылбек Матраимов расмий кызматта иштебеген соң анын той бергенине мамлекет кийлигише албасын айтууда. Ал коррупцияга айыпталып, соттолгон кишинин тоюна аттуу-баштуулардын барышы кыргыз коому үчүн жаңылык эмес экенин белгилейт.

“Жаманбы же жакшыбы кыргыз бийлиги, соту Матраимовдорду 2 млрд сомдой төлөтүп, ишин жапкан. Бирок коомчулук анын байлыгы канча эле, канчасы бажыда иштеп жүргөндө топтолгон, анын канчасы мамлекетке алынды дегенди билбейт да. Мындай суроо элде сөзсүз болот, анткени сот системасына, укук коргоо органдарына ишеним аз. Менин байкашымча, тойго отставкада жүргөндөр барыптыр. Бирок аларда моралдык жоопкерчилик, саясий маданият башынан эле жок болчу да. Кызматта турганда деле барып жүрүшчү. Буга чейин кримтөбөл Камчы Көлбаев той бергенде дасторкондо прокурор, соттор криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрү менен чогуу отурган сүрөттөрү чыгып кетпеди беле. Дайыр Орунбеков деле убагында Матраимовдорду колдоп жүргөн. Ал деле азыр чоң кызматта отурат. Маалыматтык ачык-айкындык жоктугунан, Матраимов дагы деле байбы же жокпу деген суроого ушул кезге чейин жооп жок. Соттун чечиминен кийин ал расмий иштеген жок. Жеке жүз болгондон кийин той өткөрөбү же башка кылабы ага мамлекет кирише албайт. Камчыбек Ташиев эл алдында “Матраимов Matiz минип жүрөт” десе, убаданы канчалык аткарганын анын өзүнөн сураш керек”.

Дагы караңыз

Коррупцияга каршы күрөш: Матраимов "бейбаштыкка" айыпталып, 100 миң сом айып салынды

“Азаттык” Райымбек Матраимовдун бажыдагы күмөндүү иштери боюнча алгачкы жолу 2015-жылы макала жазып, 2017-жылы февралда Уланбек Эгизбаев “Бажыдагы миллиондор” деп аталган журналисттик видео иликтөө жарыялаган.

2019-жылы "Азаттык" радиосу, "Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө" долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү "Kloop" медиасы чогуу жүргүзгөн "Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо", "Көмүскө акча ташыгандар кербени" деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

АКШнын Финансы министрлиги 2020-жылдын декабрында Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы "Магнитский акты" деп аталган "кара тизмеге" киргизген.

2021-жылы УКМК Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, эки айга камаган. Ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

Дагы караңыз

Ташиев Көлбаев менен Матраимов убагында президенттин эскертүүсүн эске албаганын кайталады

Райымбек Матраимов 2023-жылы октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкекте атайын операцияда өлтүрүлгөндөн кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. УКМК ага издөө жарыялап, 2024-жылы март айында үч бир тууганы менен кошо Азербайжандын борбору Баку шаарынан Бишкекке алып келген.

Атайын кызмат Матраимов “мыйзамдагы ууру” Камчыбек Көлбаев (Камчы Асанбек) менен тыгыз байланышта болуп, бажы кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөнүн кабарлаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (“Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу”) жана 222-беренеси (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо”) менен кылмыш иши козголгон.

Ушул эле жылы сот Райымбек Матраимов Кылмыш жаза кодексинин “Бейбаштык”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери менен күнөөлүү деп таап, ага 100 миң сом айып пул салган.