Wildberries'тин кампасындагы өрт: бир кыргызстандык ооруканага түштү

Москва облусундагы Электросталь шаарындагы Wildberries маркетплейсинин кампалары, 18-июль, 2026-жыл

Орусиядагы Wildberries-Russ маркетплейсинин кампаларына жасалган чабуулдан улам чыккан өрттөн бир кыргызстандык жабыркап, ооруканага түштү. Москвадагы элчилик документтеринен айрылган кыргыз жарандарын дипломатиялык өкүлчүлүккө кайрылууга чакырды.

18-июлга караган түнү Москва облусундагы Электросталь жана Тамбов облусундагы Котовск шаарларындагы Wildberries маркетплейсинин кампаларына дрон тийген.

Алдын ала маалымат боюнча Электросталда 45 адам жабыркап, 1 киши набыт болгон. Котовск шаарында 7 адам каза болуп, 32 киши жабыркаган.

Белгилүү болгондой, Электросталдын өзүндө көп кыргыз жарандары иштейт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өрттө документтеринен айрылган жарандарды элчиликке кайрылууга чакырды.

Москвадагы элчилик өрт каптаган кампаларда набыт болгондор тууралуу расмий тастыкталган маалыматта кыргыз жарандары жоктугун белгилейт. Жеңил жаракат алган 21 жаштагы Ж. уулу А. ооруканага жаткырылып, абалы канааттандырарлык экенин кабарлады.

Буга чейин кампалардын биринде түнкү нөөмөттө иштеген 21 жаштагы кыргыз жараны О.А. дайынсыз экени тууралуу маалымат түшкөн. Кийинчерээк ал туугандары менен байланышып, жумуштан эрте чыгып кеткенин, телефону өчүп калганын айткан.

Социалдык медиада тараган видеолордун биринде кыргызча сүйлөгөн эркек киши "аялы кампадан чыга албай калганын" айтып жатканын угууга болот.

ТИМ Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүк документтерди тариздөө жана калыбына келтирүү боюнча көмөк көрсөтүүгө, тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берүүгө даяр экенин билдирди.

Элчиликке өрт каптаган жерден чыгып кетүүгө үлгүргөн, бирок документтеринен жана жеке буюмдарынан ажыраган эки кыргыз жараны кайрылганы, аларга мекенге кайтуу күбөлүгү берилгени расмий маалыматта айтылат.

Консулдук-укуктук жардам алуу үчүн кыргыз жарандары Москвадагы Большая Ордынка көчөсү, 64 дарегиндеги элчиликтин консулдук бөлүмүнө кайрылууга тийиш.

"Элчилик Электросталь шаарындагы кампада чыккан өрт боюнча бардык жагдайларды тактоо максатында Орусиянын тиешелүү органдары менен кызматташууда. Тамбов облусунун Котовск шаарында чыккан өрттүн кесепетинен жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандарынын бар же жок экендиги тууралуу маалыматты дагы тактоодо", - деп жазылган ТИМдин маалыматында.

Буга чейин Электросталдагы өрт чыккан жер курчоого алынып, кампада документи калып кеткен адамдар ичкери кире албай турганы белгилүү болгон.

18-июлда элчиликтин кызматкерлери жеринен кабар алуу үчүн Электросталь шаарына барганы кабарланган.

Дагы караңыз

Орусияда дрон тийген Wildberries'тин кампасында кыргыз жарандары бар-жогу такталууда

Wildberries компаниясынын башчысы Татьяна Ким жабыр тарткандарга жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүүнү убада кылды. Орусиянын Тергөө комитетинин өкүлү Светлана Петренко Wildberries кампаларына кол салуу боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын Москва жана Тамбов облустарындагы "логистикалык объекттерге" сокку урулганын ырастап, алар "дрон жана навигация жабдыктарын өндүрүү үчүн санкцияга кабылган тетиктерди жеткирүүдө колдонулганын" билдирди.